Сох-Риштан жолун ачуу боюнча талкууландыбы?

Жекшембидеги чек ара чатагынан кийин Кыргызстан биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолукканы белгилүү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы: "Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнүү билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты. Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди",- деген маалымат тараткан.

Коомдук сайттарда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Сох тургундары менен жолугушканы тууралуу видео тарап, анда кыргыз тарап менен Сох-Риштан жолун ачуу жөнүндө сөз болгону айтылат.

Өткөн жылы дагы бул жолдун ачылганы тууралуу маалыматтар тарап, бирок кыргыз расмийлери "Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштер аткарылгандан кийин ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери чечилиши керектигин" айтканы бар.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров "Азаттыкка" берген интервьюсунда Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу маселе талкууланган эмес деп айтты.

"Жолду ачуу маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Сөзсүз түрдө экинчи тараптын макулдугу керек. Эгер Сохтун тургундары Өзбекстандын премьер-министрине маселе койсо, бул өкмөттүк деңгээлде чечилиши зарыл. Чечилгенде да экинчи тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Ошондуктан бул маселе чечилди дегенден алыспыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибине киргизилчү маселе. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат. Бүгүнкү күндө талкуулана элек»,-деген Акрам Мадумаров "Азаттыкка" маегинде.

Азыркы маалда Өзбекстандын Сох анклавын облус борбору менен байланыштырган жол Баткен облусунун Кадамжай району аркылуу өтөт. Буга чейин эле анклав тургундары Сох-Риштан автоунаа жолун ачырып берүүнү талап кылып келишкени белгилүү.

2013-жылы январь башында Сохтун жанынындагы Кыргызстандын Чарбак айылында болгон окуядан кийин Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына карым-катнашты мурдагыдай Сох-Риштан жолу аркылуу эмес, Кадамжай шаарчасы аркылуу айланып өтүп, Өзбекстандын Вадил аймагынан гана Өзбекстанга кирүүгө уруксат берген эле.

Ошол эле маалда Өзбекстан Кыргызстандын Барак эксклавына бара турган жолду узартып койгон. Мурда эксклав тургундары 7-8 чакырым жол басып район борбору менен карым-катнаш кылып келсе, ошондон кийин бир тарабы 300 чакырым жол басып район борборуна келүүгө аргасыз болушкан. Кийин эксклавдан көптөгөн үй-бүлөлөр көчүп чыгып кетишкен. (AbA)