Б.Каламбекова: Чек ара маселеси ар түрдүү кызыкчылыктардын чиеленишкен түйүнүнө айланып калбаса

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара чатактары ок атышууга чейин жетип, чыңалуу жаралган учурлар көбөйдү. Чек арадагы чатактардын мындай мүнөзгө өтүшүнүн себептери жана кесепеттери эмнеде болушу мүмкүн? Дипломатиянын тили иштебей калдыбы?

Мына ушундай суроолор менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбековага кайрылдык.

Б.Каламбекова: Дипломатиянын тили иштебей калбайт, албетте. Анын өзүнө гана мүнөздүү эрежелери, милдеттери, иштөө тартиби бар. Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесине келсек, көп жылдан бери канча жолу сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабастан, өзгөчө акыркы он беш жыл ичинде чеке жылытаарлык бир натыйжа алынбай келет. Эмне үчүн иштер ордунан жылбай жатат? Мунун себептери көп. Менимче, алардын ичинен эң негизгиси сөз болуп жаткан чек ара маселесине кыргыз жана тажик тараптардын көз караштарынын бири-биринен айырмаланып турушу. Биз жалпы жонунан чек ара маселеси катары санап келебиз, мунун айланасында ой жүгүртүп, ошого жараша чара көргөнгө аракет кылабыз. Ал эми тажик тарап муну чек ара маселеси эмес, тигил же бул жердин талашы катары карап, жыл сайын жазгы талаа жумуштары менен күзгү түшүм жыйноо мезгилине туштап бир нече ирет чатак чыгарышат. Кыргызстандын аймагына кирген жер аянттарын талашып тартып алуу үчүн ар кандай жаңжал салып, бийлик органдарынын көңүлүн буруп, өздөрүнүн ыгына жараша чечтирип калууну көздөшөт. Муну адат кылып алышкан. Ал эми биз дагы чатак чыкканда гана туш-туштан ызылдап калабыз. Андан ары жылыш болбой кала берет.

Ар бир маселенин өзүнүн структурасы болот эмеспи, мына ошону кылдат талдап чыгуу зарыл. Кайсыл жерде чек ара маселеси, кайсыл жерде эки кошунанын мамилеси, кайсыл жерде малдын аралап кеткени талаш-тартышка себеп болуп жатат? Чек ара, жер-суу маселелеринде эч бир нерсени майда барат деп саноого болбойт. Баарын иргеп, айырбаштап, анын негизинде айыл өкмөттөн акимчиликке чейинки жергиликтүү бийликтин, анан облустук деңгээлдеги жана борбордук бийлик тарабынан каралып, чечиле турган жактарын аныктап, бөлүштүрүп, аткаруу талабы коюлууга тийиш. Антпесе кимдин кайсы чечимди кабыл алууга укуктуу, кайсы иш-чарага милдеттүү экени билинбей, иш ордунан жылбай кала берет.

Мамлекеттин бардык тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун, жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарынын пикирлери, көз караштары ортого салынып, талкуудан өтүп, мамлекеттин кызыкчылыгына дал келген позиция иштелип чыккандан кийин гана аны эл аралык укуктун талаптарына ылайык ишке ашыруу жагы дипломатиянын милдети болуп эсептелет. Өлкөнүн эл аралык карым-катнаштарынын координациясы, башкача айтканда бири-бирине шайкеш келтирилиши дипломатияга таандык роль катары каралат. Ал тышкы саясатка тиешелүү ар кандай маселенин каралышында, талкуусунда, чечилишинде түздөн түз катышат, сунуш берет, эскертет, көмөк көрсөтөт, ишке ашырат. Андыктан дипломатиянын тили өлкөнүн ичинде да, тышында да иштейт, этибарга алынат.

Мына, азыр чек арада чыр чыкканда депутатыбыз барат, куудулубуз барат, патриотторубуз барат. Баары өзүнүн жарандык позициясын билдирет. Бул башка нерсе. Булар дагы керек. Бирок мамлекеттик чек аранын айрым бөлүктөрү бүгүнкү күнгө чейин юридикалык жактан корутундуланып, бекитиле элек. Башкача айтканда, макулдашылып, такталып, эл аралык укуктун принциптери менен нормаларына ылайык келишим түзүүгө жетише элекпиз.

Акыркы он-он беш жыл ичинде чек ара маселеси өзүнүн ички мазмуну, тышкы көрүнүшү боюнча мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Анан аны жергиликтүү чыр-чатак, талаш-тартышка айлантып алып, коомдук пикирди алаксыткан, негизги түпкү маңызын бурмалаган учурлар көп болуп калды. Биз баарыдан мурда мамлекеттик позициябызды тактап алышыбыз керек. Чек ара маселеси чечилбеген сайын улам курчуп отуруп, витринада көрүнгөн жагы - чек ара маселеси, ал эми көрүнбөгөн жагы - ар кандай структуралардын, топтордун кызыкчылыктарынын чиеленишкен түйүнүнө айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге мындан 20-30 жыл мурунку көз караш менен мамиле кылуу канчалык туура же натуура экенин так билгенибиз дурус. Азыркы абал, айрыкча курал колдонуу, бейпил жашап жаткан элдин үйүн өрттөп салуу, кишинин жеке коопсуздугуна коркунуч келтирүү жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөр өтө чоң көйгөйгө айланып калды. Мына ушундай шартта мамлекеттин салабаты, күчү, бекем позициясы, биримдиги сезилип турууга тийиш.

Би-Би-Си: Өзүңүзгө белгилүү, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси да курч болуп келгени бар. Бирок соңку учурда сүйлөшүүлөр жандуу жүрүп жаткандай таасир калтырат. Ал эми тажик тарабынын позициясы айырмалуу экенин жогоруда белгилеп өттүңүз. Кырдаалдын мындай өнүгүшү маселени чечпей турганын тажик тарап деле жакшы билсе керек.

Б.Каламбекова: Дегинкиси ушул багытта түзүлгөн кырдаалды башка өлкөлөр менен өнүгүп жаткан мамилелерге салыштыруу туура болбос. Бул эл аралык мамилелердин адеп-ахлагына да туура келбейт. Албетте дүйнөнүн туш тарабында топтолгон оң тажрыйбаларды изилдеп, бизге керектүүсүн пайдаланышыбыз мүмкүн. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси өзүнүн мазмуну, формасы, келип чыгышы жана уланып, өзгөрүп жатканы боюнча да айырмаланып турат. Биз маселенин чечилиш жолдорун өзүбүз жактан дагы издешибиз керек. Эмне үчүн Тажикстандын ушундай кадамдарга барышына жол бердик? Алдын алсак болот беле? Эмнелер жасалып, эмнеси калып калды? Биз ар бир окуяны кылдат карап, оң жана терс жактарын аныктап, тийиштүү сабакты алып, илгериде боло турган нерселерге даяр турууга тийишпиз.

Би-Би-Си: Чек арада эл аралык нормаларга туура келбеген эреже бузулган учурлар катталып жатат. Мисалы, тажик тараптын миномёт колдонгонуна байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жолдогон. Эл аралык саясатта, укуктук талаада ушундай маселе кандай чечилет?

Б.Каламбекова: Погранология илиминде дүйнө жүзүндөгү ушундай өтө татаал маселелердин 37си жөнүндө кеңири айтылат. Алардын катарында биздин маселебиз да орун алган. Башында айтып өткөндөй, ар бир маселенин жергиликтүү өзгөчөлүктөрү бар. Азыркы учурда иштеп жаткан эл аралык укуктун биздин шарттагы чек ара маселесин эки тарапты тең ыраазы кылчу түрдө чечип бере турган атайын бир нормасы жана принциптери жок десе болот. Андыктан мурдагы ири мамлекеттин курамынан чыккан өлкөлөргө колдонулган "эмнеге ээ болсоң, ошону ээлеп кал" (uti possidetis) деген принципке таянуу менен 1990-жылдардын башында түзүлгөн көп тараптуу келишимдер укуктук база болуп калган эле. Анын иш жүзүндө аткарылууга тийиш экенин түшүндүрүүгө көп жылдан бери эбегейсиз күч-аракетти жумшап келе жатабыз. Эгер биз өз ара ымалага келип, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечип коюуга жетише алсак, анда орток тажрыйбабыз биздин чөлкөмдүн эл аралык укуктун өнүгүшүнө кошкон чоң салымы болмок, башкалар да үзүрүн көрмөк.

Би-Би-Си: Эки өлкөнүн ортосундагы мындай тирештин кандай кесепеттерин көрүп турасыз?

Б.Каламбекова: Бул эң башта элдин турмуш-тиричилигине, жыргалчылыгына кедергисин тийгизип жатат. Айрыкча биздин тараптагы жергиликтүү элдин кыйналганы айтпаса да түшүнүктүү. Облустук макамы болгону менен өлкө борборунан алыста жайгашкандыгы өзгөчө сезилип турат. Анан совет мезгилинде калыптанып калган соода-сатык, кириш-чыгыш жолдору, алакалар, ошол чөлкөмдүн калкынын, мекеме-ишканаларынын бири-бири менен тыгыз байланышта болгону, ал эми көз карандысыздыктын шарттарында мунун алигече бир нукка салынбаганы оголе чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Аймактагы эл мамлекеттин чек арасы үчүн керт башынын коопсуздугун, күндөлүк турмуш-тиричилигин садага чапканга мажбур болуп жатат. Эл мамлекеттин дарбазасын коргоо канчалык кыйын иш экенин жон териси менен сезип турса да, чыдамкайлык менен жашап келатат.