Х.Айкынов: Таш ыргытуу бүтүп, эми миномет атыла баштады. Эртең кандай болот?

Кыргызстандын Баткен аймагында апта соңундагы чек ара чатагынан кийин Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине нааразылык ноталарын жолдоду. Андан кийинки сүйлөшүүлөр чек арадагы облус жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде гана болду. Жолугушууда элдин коопсуздугун сактоо, коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн калк жыш жайгашкан айылдарда милициянын көзөмөлүн күчөтүү тууралуу сөз болгон.

Соңку жылдары кыргыз-тажик чек арасында ок атылган учурлар кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы эмнеден кабар берет?

Бул суроо менен кабарчыбыз Айбек Абдылдаев Баткендин мурдагы акими, чек ара маселесин жеринен билген адис Хайталы Айкыновго кайрылды.

Х.Айкынов: Бул жакшы эмес, 2013-жылы болсо керек, ошондо дагы тажик чек арачылары минометту пайдаланган. Андан кийин Лейлектин Максат аймагында миномет колдонушту. Карапайым эле бир тургун күйүп-бышып, "эмне кийинкиде танк колдонобу?" деп сурап жатпайбы. Бул жөнөкөй суроо эмес. Башында таш менен, анан мылтык, автомат, эми миномет менен аткан өнөкөткө айланып жатат. Ошондуктан жөнөкөй жарандын койгон суроосу бул - мыйзамдуу суроо. Эки өлкө тең Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кошулуп, биргелешип коопсуздукту камсыздайбыз деген өлкө. Ошол уюмда курал колдонуу маселесин талкуулап, чечсе болот.

Би-Би-Си: Негизи чек ара талашы өз ара ийкемдүү дипломатия менен чечилет, эки тарап кепке келип, бирин-бири түшүнүүгө тийиш. Бирок Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда эмнеге ушундай дипломатия иштебей калды?

Х.Айкынов: Жеке пикиримде анын бир нече себеби бар. Дипломатия сүйлөшүүлөр жолу менен ишке ашат. Анын өзүнүн ыкмасы, стратегиясы, ыгы бар эмеспи. Тарыхта өтө маанилүү маселелер сүйлөшүү жүргүзгөн кишилердин жеке сапаты, салымы менен чечилген мисалдар бар. Бизде болсо акыркы жылдагы ондогон жолугушуунун жыйынтыгы жок. Жергиликтүү бийликтен тартып, президенттерге чейин жолукту. Бир метр чек ара чечилген жок. Бир жылда атайын карап көрсөм, сегиз ирет жолугушуу өтүп, эч кандай чечим болбоптур.

Би-Би-Си: Сөзүңүзгө аралжы, өткөн жыл соңундагы ушундай ок атылган жаңжалдан кийин чек ара маселесине жергиликтүү тургундарды аралаштырбай, тиешелүү органдардын гана иш алып баруусу тууралуу сүйлөшкөн эле. Бирок андан бери катталган чек ара чатактарынын баары жергиликтүү тургундар ортосунда чыгып, чек арачылар аралашып калып жатат. Эмнеге жергиликтүү тургундар өкмөттүн сүйлөшүүлөрүнө ишенбей, өздөрү маселе чечүүгө умтулууда?

Х.Айкынов: Бул жөн жерден эмес. Элдин бийликке болгон ишеними бир күндө эле пайда болуп, бир күндө эле жоголуп кетпейт. Бийлик айткандарын так аткарып, маалыматты өз убагында жеткирип турса, ишеним болот. Азыр анын тескериси болууда. Мына, соңку чатакташуудан кийин дагы облустук бийликтин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болду. Жыйынтыгы ошол эле, "тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коопсуздук чараларын сактоо". Канча жолукса деле ушундай эки-үч бөлүктөн турган чечимдер. Арадан канча убакыт өттү, баары ошол бойдон. Ишенбестиктен ушундай кырдаал жаралып, жергиликтүү тургундар өздөрү маселе чечем деп, чыр чыгып кетип жатат. Акыркы окуяда бир жарандын үйү күйүп кетиптир. Анын энеси ыйлап, беш бала менен көчөдө калдык деп жергиликтүү радиодон интервью берди. Аны угуп, жардам берели деп көп киши радионун имаратына келиптир. Көрсө облустук бийликте жыйын болуп, анын үйүн толук тикелеп беребиз деген чечим кабыл алышкан экен. Үч күн өтсө дагы бийликтин бир өкүлү ошол маалыматты жеткирип койбоптур. Биз сизге ушундай жардам кылабыз, сиз кабатыр болбоңуз дебептир. Өкмөт маалыматтан артта калууда. Элде болсо ишеним азайып жатат.