Инвесторлор эмне үчүн Кыргызстандан кетип жатышат?

Өкмөт инвестициянын азайышын глобалдык тенденцияга байланыштырып жатат

Сүрөттүн булагы, ASIF HASSAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкмөт инвестициянын азайышын глобалдык тенденцияга байланыштырып жатат
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн келген түз инвестициянын жалпы көлөмү азайып, болгону 31,5 пайызды түздү. Инвестиция Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында кескин азайды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы сырттан келген инвестиция 503 миллион долларга жеткен болсо, 2018-жылы болгону 345 миллионду түздү.

Кыргызстанга болгон инвестициялык агымы эмнеге азайды? Президент, өкмөт, жергиликтүү ишкерлер жана инвесторлор өздөрү эмне дейт?

"Инвестициянын азайышы - глобалдык тенденция"

Инвестицияны илгерилетүү жана жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу, Кыргызстанда соңку жылдары байкалып жаткан инвестиция көлөмүнүн кескин төмөндөшүн дүйнөдөгү жалпы экономикалык тенденция менен байланыштырды:

"2015-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү инвестициялардын көлөмү азайып жатат. 2017-2018-жылы дүйнөлүк инвестиция 23%га азайган. Өнүккөн өлкөлөрдө тикелей инвестиция 37%га, ал эми Кыргызстанга окшош экономикасы өткөөл өлкөлөрдө орточо эсеп менен 27%га азайган. Бул эл аралык соодадагы саясатка, саясат-санкцияларга байланыштуу болду".

Бирок чиновник инвесторлорду чочутуп жаткан ички да шарттар болуп жатканын моюнга алат:

Инвестицияны илгерилетүү жана жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу,

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инвестицияны илгерилетүү жана жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу,

"Инвестор Кыргызстанга келгенде ал сөзсүз түрдө өлкөдөгү инвестициялык климатка көңүл бурат. Ал биринчи кезекте укуктук ченемдик актылар, өлкөнүн инфраструктурасы: электр энергиясына туташуу мүмкүнчүлүгү, канализация, суу, жолдор жана ошондой эле жер тилкесин алуудагы процедураларга көңүл бурат. Салык жана бажы мыйзамдары да маанилүү.

Андан тышкары маанилүү делген эки чоң аспект да чыгып жатат. Бул экологияга байланыштуу маселе жана жергиликтүү элдин инвесторлорго болгон мамилеси".

Ошентсе да Инвестицияны илгерилетүү жана жана коргоо агенттиги былтыр 28,2 миллион долларга тете тогуз инвестициялык долбоор ишке киргенин, анын эсебинде 400 чакты жумушчу орун түзүлүп, салык түрүндө өлкөгө үч миллион сом киреше киргенин билдирди.

Инвестициянын кендирин кескен кендер чатагы

Кыргызстанга ири инвесторлор негизинен тоо-кен тармагын иштетүү үчүн келишет.

Бирок кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен инвесторлордун чыр-чатактары байма-бай катталып жатат.

Былтыр февралда Кадамжайда эл Шамбесай кенин, апрелде Тогуз-Тороо районунун тургундары Макмал алтын кенин, июнь айында Ала-Букада Иштамбердидеги алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан. Декабрда Чаткал районунун тургундары "Эти Бакыр Терексай" фабрикасынын кызматкерлери менен чатакташып, айтоор, тоо-кен тармагын иштетүүгө кызыкдар инвесторлордун үшүн бир топ эле алгандай болду.

Анын жыйынтыгында тоо кен тармагына инвестиция салуу кескин азайганын президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, баса белигилеген эле.

Президенттин 18-декабрдагы басма сөз жыйынында журналисттер суроосуна жооп берип жаткан учуру

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттин 18-декабрдагы басма сөз жыйынында журналисттер суроосуна жооп берип жаткан учуру

"Былтыр инвестиция Кытай Республикасынан 45%, Канададан 25%га төмөндөдү. Бирок Россиядан үч эсеге, Түркиядан 80%га көбөйдү. Европа мамлекеттеринен да көбөйүп жатат. Инвесторлорду коргош, аларга шарт түзүш, алып келиш оңой иш эмес. Мына, мисалы, кечээки Чаткалдагы окуялардан кийин, Макмалдан, Шамбесайдагы окуялардан кийин булар угат да бири-биринен, көрөт. Кээде бизнести рейдерлик жолу менен басып алган фактылар болуп атат",- деген эле президент 18-декабрда өткөн басма сөз жыйынында.

Кыргызстанда кендерге байланыштуу чыр-чатактар негизинен "Кумтөргө" байланыштуу да маал-маалы менен жанданып турат. Ири инвестициялык долбооордун тегерегинде учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан менен, президент анын чоо-жайын ачыктаган эмес.

"Инвесторлор коргоого муктаж"

2014-жылы Кыргызстанга 142 чет элдик компания инвестиция кылса; 2015-жылы 127 компания; 2016-жылы 99; 2017-жылы 115; 2018-жылы 137 ишкана инвестиция тарткан.

Өкмөт соңку эки жылда Кыргызстанга келген инвестициялык компаниялардын саны өскөнү менен, инвестициялык агымдын көлөмү өспөй жатканын айтып жатат.

Анын кандай себеби бар?

Кыргызстанда чет элдик инвесторлор туш келген негизги маселерге уруксаат кагаздарын алуудагы бюрократия жана коррупция кирет.

Өлкөдө көп жылдардан бери ишкерлик кылып келе жаткан британдык ишкер Жон Маккеон ортомчу адамдардан чарчаганын Би-Би-Сиге деп билдирген эле:

"Жеке мен ортомчу адамдардан чарчадым. Булар өтө көп нерселерди убада кылат, бирок жасаган иштери жарытпайт. Инвесторлор тилди, маданиятты түшүнө беришпейт. Ошентсе да мен ирландиялык болгонум үчүн англичан же америкалыктарга караганда кыргыздарды жакшы түшүнөм деп ойлойм. Кыргызстан абдан кооз өлкө, анын табиятын коргоо керек. Бирок ошону менен бирге инвестордун да талабы эске алынса болмок. Мен Кыргызстанга акча салам деп бир топ каражатты жок кылдым. Мен корпорация эмесмин, жеке ишкер катары келгем. Бизнес тобокел экенин билип, ага даяр болуп келдим, ошондуктан өзүмө карата да так ачык мамилени күтөр элем".

Бишкек инвестициялык форуму. 2017-жыл

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек инвестициялык форуму. 2017-жыл

Кыргызстанга акчасын салып, бирок анысы акталбай, кол шилтеп баса берген чет элдик инвесторлор аз эмес. Андыктан жергиликтүү бизнес өкүлдөрү өкмөт жаңы инвесторлорду тартуудан мурда, Кыргызстанга буга чейин акчасын салган инвесторлорду коргоо керек деп жатышат.

"Өлкөгө инвестицияны жогорулатуу жана аны тартып келүү үчүн эң биринчи шарт - буга чейин салынган инвестицияларды коргоо. Ошол инвестицияларга кепилдик берүү. Алардын иштеп кетүүсүнө тоскоолдуктарды жаратпоо. Булар эң негизги нерселер. Рыноктун өзүнүн көлөмү, шарты боюнча маселелер - экинчи маанидеги нерселер десек болот. Биздин мыйзамдар канчалык либералдуу, канчалык туруктуу экени да маанилүү", - дейт ЖИАнын президенти Темиркул Ажыкулов

Ал арада бүгүн экономика министри Олег Панкратов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында өткөн жылы өлкөгө 345 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 328 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткенин билдирди.