You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бала асыроодо бюрократиялык көрүнүштөр көппү?
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда жакында эле бала сатуу боюнча дарыгерлер тобу кармалгандан кийин коомдо бала асыроо маселеси дагы кызуу талкууга жем таштады. Баланы мыйзамдуу жол менен багып алуунун жол- жобосу өлкөдө өтө татаал болгондуктан ал талаптарды аткарууга бардык эле үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгү жете бербейт дегендер дагы четтен чыгууда.
Ысымын айткысы келбеген Бишкектин тургунунун жашы кырктан өтүп калган. Ал жумуш деп жүрүп турмушка чыкпай калганын айтат. Аял бала багып алсам деген ой менен жаз айларында тиешелүү документтерди өзү жашаган райондогу социалдык өнүгүү башкармалыгына тапшырган. Учурда чыдамсыздык менен кезегин күтүп жатат.
"Өзүм төрөп алууга аракет кылдым. Бирок ден-соолугума байланыштуу балалуу болууга мүмкүн болгон жок. Бала асырап алуу үчүн бир топ документтерди топтоо керек экен. Бир топ медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, маалым каттарды топтодум. Бул процедура мен үчүн бир аз кыйынчылык жаратты. Бирок жалпылап алганда эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктар менен деле кагылышкан жокмун",- деди атын атагысы келбеген аял.
Сентябрдын башында элди дүрбөлөңгө салган дарыгерлердин балдарды сатуу фактысы катталган эле. Учурда ага шектүү беш дарыгер убактылуу кармоочу жайда сурак берүүдө. Жагымсыз кабар тараары менен коомчулук бир жагынан кылмышка барган ак халатчандардын күнөөсү аныкталса катуу жазалоону талап кылса, экинчи жагынан мындай көрүнүштөрдү бала асырап алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар менен байланыштырып жатат. Мындай пикирди бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, медициналык мекемелердин кызматкерлери жана укук коргоочулар дагы колдоп чыгышты.
"Бала багып алууну каалагандар көп. Бирок алар мыйзамдуу жол менен иш кылышы керек. Антейин десе, учурда бала асырап алуунун жол-жобосу өтө татаал болуп жатат. Мамлекеттик тиешелүү органдар бул маселени карап чыгып, жеңилдетилген жолун сунуштоосу зарыл. Ошондо балдарды соодалашып сатып алуу азайып, каалоочулар мыйзамдуу жол менен асырап алып калат",-деген эле Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде.
Кыргызстанда бала багып алуунун жол-жобосу кандай?
Бала асыроо боюнча өкмөттүн токтому менен бекитилген жобого ылайык, жарандар бала багып алуу үчүн жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусу керек. Ал жерден баланы багып алуу мүмкүн экендиги тууралуу корутундуну алат. Ал үчүн жободо бекитилген документтерди даярдап өткөрүү зарыл. Документтердин тизмесине төмөндөгүлөр кирет.
- Бала багып алуучунун арызы
- Паспортунун көчүрмөсү
- Жубайлар болсо нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
- Жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалым кат
- Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы
- Турак жайга менчик укугун ырастаган документтер, жашаган жеринин үй китебинин көчүрмөсү же жашаган үйүнүн ижара келишими
- Соттолбогону тууралуу ички иштер органдарынан маалым кат
- Ден соолугу тууралуу маалым кат керек. Тактап айтканда, баңгилик, алкоголдук көз карандуулук жана психикалык абалы тууралуу медициналык корутунду
- Жашаган жана иштеген жеринен мүнөздөмө
"Бул документтердин тизмеси көп эмес. Биз баланы жөн эле, оңой-олтоң бирөөнүн колуна тапшырып кое албайбыз. Анын толук кандуу үй- бүлөдө, жакшы тарбия алып чыгуусу үчүн кам көрүү биздин милдет. Алыс кетпей эле коңшу өлкөлөрдү алсак Казакстан, Өзбекстан, ошол эле Россияда деле жогорудагыдай документтерди топтошот. Бирок документтерди топтоодо бюрократиялык көрүнүштөр болбойт дегенден алысмын",- деди Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова.
Быйыл жыл башында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында министрликтеги коррупциялык схемаларды жоюу үчүн атайын иш-чаралардын планы бекитилген. Анда улуттук асыроо боюнча документтерди жөнөкөйлөштүрүү сунушу берилген. Азыркы кезде бала асыроо боюнча документ топтоо иштерин электрондоштуруу жагы каралууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2017-жылы жети жүз он сегиз баланы Кыргызстан жарандары асырап алса, он эки баланы чет мамлекеттин жарандары асырап алган. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата үч жүз элүү бир баланы кыргызстандыктар багып алса, 15 баланы чет мамлекеттин жарандары багып алган. Ал эми кезекте турган жергиликтүүлөрдүн саны эки жүз жетимиш төрт болсо, алтымыш сегиз киши чет өлкөлүктөр. Асыроого берилүүчү эки жүз отуз төрт бала маалыматтар базасынын тизмесинде.