You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мусажанова: "Дарыгерлер уулумду кыз балага алмаштырып жиберишкен"
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте бала сатуу аракети боюнча соңку окуя коомдун дарыгерлерге жана милицияга болгон ишенимин ого бетер кетирди. Укук коргоочулар соңку жылдары Кыргызстанда шылуун дарыгерлер ымыркай сатууну бизнеске айлантып алганын айтып, коңгуроо урушууда. Алар үрөйдү учурган мындай кылмыштын тамырын кыркуу үчүн тиешелүү министрликтерде олуттуу реформага керек дешет.
Динара Мусажанова дарыгерлердин шалаакылык мамилесине 2014-жылдын февралында туш болгон. Ал алты ай боюнда бар убакта бөйрөгү ооруп, кан басымы түшпөй, мөөнөтүнөн эрте көз жарган. Мусажанова борбордогу төртүнчү төрөт үйүнө 24-февралда түшүп, эки күндөн кийин төрөгөн. Эң кызыгы келиндин толгоосу бышып калган учурда анын жанына бир дагы дарыгер басып келген эмес. Тактап айтканда, өз алдынча көз жарып, өз киндигин-өзү кескен.
"Жардамга чакырсам эч ким келген жок . Бала төрөлгөндө жерге кулап түштү. Уулум 900 грамм болуп гана төрөлдү. Жерге түшкөндө ыйлаган жок. Мен катуу чочуп калгандыктан баланын жерге түшүп кеткенин дагы байкабай калдым. Дарыгерлер келгенде деле баланын жерде жатканын көрүшкөн жок. Жанымдагы келин айткандан кийин гана байкашты. Мага уктатуучу дары сайып коюп, баламды алып кетишкен. Андан кийинкисин билбейм",- деди Динара.
Динара төрөгөн күнү баласын кучагына алган эмес. Ара төрөлгөндүктөн бала дароо эле атайын аппаратка жаткырылган. Дарыгерлер анын күйөөсүнө уулдуу болгонун сүйүнчүлөшкөн.
Бирок 27-февраль күнү Динара ымыркайынын чарчап калганын угат. Дарыгерлер баланын денесин эненин колуна беришкен эмес. Эң кызыгы, моргдон алар уулдун эмес, кыз баланын сөөгүн алышкан. Сөөктү келиндин кайнатасы кепиндеп алып чыккандыктан, анын жынысына алгач маани беришкен эмес.
"Баланы жайга койгону алып кетип бара жатканда кайнатам күйөөмдөн Динара кыз төрөдү беле деп сурап, анын колундагы бала кыз экенин айткан. Ошондон ызы-чуу башталды. Алгач моргдон алмашып кетсе керек деп ал жакка бардык. Бирок моргго ымыркай кыздан башка бала түшпөптүр. Төрөт үйүнө келсек, дарыгерлер мойнуна алышпайт. Ымыркай кызды кепиндеген бойдон көтөрүп жүрдүк. Сөөктү алып тургула, маселени чечип алалы десек дагы көнүшкөн жок. Ошентип биз Саламаттык сактоо министрлигинен кишилерди чакырттык, алар төрөт үйүнүн дарыгерлери ординатордук бөлмөдөн документтерди алмаштырып жаткан жерден келип калышты. Алар уул деген жерди чийип кыз деп ондоп жаткан экен",- деди ал.
Ошентип, Динаранын уулу аман-эсен болуп чыккан. Дарыгерлер бала вакуумда чогуу жаткан кыз менен алмашып кеткенин айтып актанышкан. Бирок алар кыздын колундагы бирка эркек баланын колуна кантип барып калганын ынанымдуу түшүндүрүп бере алышкан эмес. Бул жерде бир нече кылмыштын белгиси болсо дагы, болгону "Баланы атайылап алмаштыруу" беренесинин негизинде гана кылмыш иши козголгон. Окуяга тиешелүү дарыгерлер убактылуу гана иштен кетип, жарым жылдан кийин орундарына кайтып келишкен. Учурда алардын алды чоң кызматтарды ээлеп, төрөтканаларда иштерин улантып жатат дейт Динара.
Убалдан коркпогон шылуун дарыгерлер
Мусажанова мындай окуяга туш болгон жалгыз эне эмес. 7-сентябрда бала сатууга шектелип Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы гинекологдор кармалган. Учурда төрт дарыгер убактылуу кармоочу жайда камакта. Ишке байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу", "мыйзамсыз бойдон алуу" жана "жалган документтерди даярдоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
"Балдар чет элдин эмес, Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарына эле сатылган. Учурда дарыгерлер балдарды кандай жол менен, канча сомго сатканы тууралуу маалыматтарды тактап жатабыз. Балдардын келечегине балта чабылып калбаш үчүн көп нерселерди ачыктай албайбыз. Бул иш тергелип сотко өткөндөн кийин, адилет чечим чыгарылып, күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенебиз",- деди Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.
2016-жылы дагы дарыгерлер катышкан бала сатуу фактысы катталган, бирок анда баланын энеси өзү кошо аралашканы айтылат. Бул иш боюнча дагы кылмыш иши козголуп, тиешелүү жактар жоопкерчиликке тартылган.
Бала сатуу кылмышына бөгөт коюу үчүн биринчи кезекте Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдү күчөтүшү керек деп жатышат.
Атап айтканда төрөт үйлөрүнө видео камераларды орнотулуп, жеке клиникаларды катуу көзөмөлдөп, бала асырап алууну каалоочулар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү зарыл болууда.
Кыргызстандын башкы гинекологу Раиса Асылбашева өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер арасында бала сатуу кылмышына жол бербеш үчүн төрөт үйлөрүнүн, жеке клиникалардын жоопкерчилигин күчөтүү аракеттерин көрүп жатканын айтат.
Ошол эле убакта Саламаттык сактоо министрлиги менен укук коргоо органдары бала сатуу кылмыштарынын алдын алууда бирдиктүү иштебей жатканы да сынга алынууда.
Ички иштер министрлиги алдын алуу иштерин күчөтүп, Саламаттык сактоо министрлиги кылмышты жаап-жашырууга, күнөөкөрлөрдү актоого, калкалоого аракет кылбашы керек, -дейт "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова.
"Булардын коррупциялык кызыкчылыктары бар. Ошондуктан көпчүлүк учурда көздөрүн жумуп коет. Атайын комиссия түзүлүп, жеке менчик клиникаларды төрөт үйлөрүн такалап көзөмөлдөй турган болсо, мындай кылмышка жол берилбей болчу",- деди Назгүл Турдубекова.
Кандай болгон күндө дагы укук коргоочу Кыргызстанда бала сатуу кылмышынын тыйылбай жатышынын башкы себебин мамлекеттик көзөмөлдүн чабалдыгынан көрөт.
Ал эми төрөтү ызы-чуу менен коштолуп, дарыгерлер бала болбойт деген Динаранын уулу учурда төрт жарым жашта жана дени сак чоңоюуда. Бирок эне төрөттөн катуу чочуп калгандыктан, башка балалуу болуу азыр ойдо жок.