Өзбекстандык көк бөрүчүлөр финалга чыкты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын көк бөрү командасы Казакстанды 5:4 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

Өзбекстандын көк бөрү командасы

Жарым финалдык беттеш курч мүнөздө өтүп, өзбек көк бөрүчүлөрү күтүүсүз жерден турнирдин эң күчтүү командасы Казакстанды утуп кетти. Эми финалда Кыргызстандык көк бөрүчүлөр менен ойнойт. Мунун алдында эле Кыргызстан Орусиядан келген көк бөрү командасын 24:5 эсеби менен утуп финалга чыккан эле.

Өзбекстандын көк бөрү командасы

"Өзбекстанда мындан ары көк бөрүгө маани берип, өсүш болот деп ойлоп жатам. Биз үчүн эң күчтүү команда Кыргызстан менен Казакстан. Өзбекстанда аламан улак чабат элек. Президентибизге ыракмат айтабыз, бизге ушундай шарт түзүп бергенине",-деди өзбекстандык көк бөрүчү Букабаев Захыт.

Өзбекстандын көк бөрү командасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстан өз тайпасында Башкортостанды 19:1 эсебинде уткан.
Өзбекстан- Франция 19:6
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстан- Франция 19:6

Өзбекстан бул оюндарга биринчи жолу активдүү катышып жатат. Жалпысы болуп 100дөн ашуун спортчусу келди. (AbA)