Канат Аманкулов: Казакстандын этноолимпиадасы көчмөндөр оюндарына карама-каршы эмес
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Би-Би-Си менен маегинде үч жылдан кийин Казакстанда өтө турган этноспорт боюнча дүйнөлүк биринчи оюндар Кыргызстан өткөрүп жаткан көчмөндөр оюндарына карама-каршы эмес деп айтты.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Канат Аманкулов: Казакстанда 2021-жылы Бүткүл дүйнөлүк этноспорт боюнча дүйнөлүк биринчи оюндар өтөт. Ал биздин көчмөндөр оюндарына карама-каршы болбойт. Биз түптөлүп алдык, форматыбыз да башка, тарыхыбыз да жазылып калды. Бизге эч кандай таасир этпейт.
Би-Би-Си: Бул жолку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эмне өзгөчөлүктөр бар? Спорттун түрлөрү мурункудан көп экен, масштабы да кеңейе алдыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канат Аманкулов: Бул жолу 37 спорттун түрү боюнча, 500дөн ашуун медалдар ойнотулат. Мурункусунда 27 спорттун түрү боюнча өткөн. Бир катар өлкөлөрдүн өтүнүчү менен алардын дагы улуттук спорт түрлөрүн коштук. Маселен, жапониялык, тажик, корей, монгол этноспортунун түрлөрү кирди. Акыркы маалымат боюнча 66 мамлекеттен спортчулар келди. АКШдан көк бөрү командасы келди. Негизинен чет өлкөдөн келген спортчулар жаа атуу жана ат спортунан көп.
Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Оюндар Ысык-Көлдө 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат. Көчмөндөр оюндары эки жылда бир өтөт. (AbA)




