Камактагы саятсатчылардын ачкачылык акциясы

Камактагы саятсатчы Бектур Асанов сот бүтө электе сот залынан чыгарылып, 47-колонияга жеткирилди. Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ден соолугуна байланыштуу убактылуу тергөө абагынан 47-колонияга которулган. Алар кургак ачкачылык кармап жаткандыктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда деп билдирди "Камактагы саясатчыларды коргоо" комитети.

Саясатчыларды камактан бошотуу талабы менен өткөн акциялар, 2016-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясатчыларды камактан бошотуу талабы менен өткөн акциялар, 2016-жыл.

Алардын соттук иши бүгүн дагы уланган. "Камактагы саясатчыларды коргоо" комитетинин билдиришинче таңкы ондо башталган сот жыйыны кечки саат жетиде бүткөн жок. Андыктан алар Бишкек шаардык сотундагы териштирүү жыйынтыкталууда деп божомолдоодо.

Сот адилетсиз өтүп жатат деген Бектур Асанов териштирүүгө анын келүүсүнө муктаждык калбаганын айткан.

Сот ишине катышуу үчүн Акыйкатчынын орун басары да келип, бирок киргизилген жок деди аталган комитет.

"Камактагы саясатчылар кургак (суусуз) ачкачылык кармап жатышкандыктан алардын ден соолугу үчүн кооптонуп турабыз",-дейт "Камактагы саясатчыларды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат.

Бектур Асанов 30-январдан баштап ачкачылык жарыялап, соттук териштирүү адилетсиз жүрүп, алардын күбөлөрү чакырылбай жатканына нааразылык билдирген.

Кийин Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров дагы ачкачылык акциясына кошулган. Алар УКМК жетекчисинин отставкасын да талап кылып жатканы айтылды. Анткени сотто объективдүү териштирүүгө тоскоолдук жаратып жатат деп эсептешүүдө дейт комитет мүчөлөрү.

Соту жабык өтүп келүүдө.

2016-жылдын март айында Эрнест Карыбеков "мамлекетке чыкынчылык" кылган деген айып менен, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камакка алынган.

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты. Алар бул өкүмдү саясый негизде деп нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга даттанышкан. (AK)