Текебаев боюнча соттун өкүмү өзгөрүүсүз калды

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Сот "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эки күнгө созулган Жогорку соттук жараян бүгүн райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырып, мунапыстын негиздемесин гана өзгөртүү жыйынтыгы менен аяктады.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду сот бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Ошондой эле аларды жазасын өтөп бүткөндөн кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлей албайт деп чечкени бар. Кийин бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Акыркы үмүтүбүз Жогорку Сотто калган болчу деген Текебаевдин жактоочулары мындан аркы кадамдары тууралуу Би-Би-Сиге буларды билдирди:

“Биз Жогорку Соттун чечимин акыркы чечим деп карабайбыз. Алдыда эл аралык соттор деген бар. Кыскасы, биз акыйкаттык үчүн аягына чейин күрөшөбүз. Колдон келген бардык аракетебизди жумшайбыз”, - деди юрист Таалайгүл Токтакунова.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык соттун чечимине таянып, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраткан болчу.

Айрым эксперттер Жогорку Cоттун чечими буга чейин эле белгилүү болчу деп жатышат. Саясий талдоочу Алмаз Акматалиевдин пикиринде, Жогорку Сот бул ишти жаңы президентке жүк кылбай, кыска аралыкта жапты:

“Жаңы келген өлкө башчыга ашыкча көйгөй болбошу үчүн бул иш инаугурацияга чейин жабылыш керек болчу. Айткандай эле болду. Анкени жаңы президенттин дагы башы ооруйт, актап бер деп кайрылгандар болушу ыктымал. Ошон үчүн Жогорку Сот мыйзамдын чегинде чечим кылды".

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов бул кылмыш ишин саясий буйрук катары мүнөздөп, бийлик өз оппонентерин куугунтукка алууда деп айыптап келүүдө.

Эки саясатчы тең орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деген айып менен ушул жылдын февралында камакка алынган эле.