You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жакыпбекова: Текебаевдин үмүтү Жогорку Сотто болчу
Жогорку Сотто мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Бүгүнкү отурумда аларга соңку чечим чыгары күтүлүүдө. Жактоочулар эгер Жогорку Сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырса, эл аралык сотко доо арыз менен кайрылабыз деп жатышат.
“Текебаев экинчи инстанцияда эч нерсе айта алган эмес. Ошондуктан анын ишенгени Жогорку сот болчу. Бирок сот менин өтүнүчүмдү четке каккандыктан Текебаев соттук отурумга катыша албай калды", -деди адвокат Чынара Жакыпбекова.
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду сот бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган.
Ошондой эле аларды жазасын өтөп бүткөндөн кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлей албайт деп чечкени бар. Кийин бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Көп өтпөй шаардык соттун чечимин негиз кылып Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Муну Текебаев өзү дагы, анын тарапташтары да саясый куугунтук катары баалап келе жатат. Анын адвокаттары доо арыз менен Жогорку сотко кайрылып, актоо өтүнүчүн келтирүүдө.
Эки саясатчы тең орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деген айып менен ушул жылдын февралында камакка алынган эле. Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн жүрүп жаткан
Жогорку соттогу териштирүүдөн көптөр оң деле тыянак күтпөй турушат. Бирок мурдагы өкүмдөр жумшарышы мүмкүн деген дагы күтүүлөр бар. (SA)