Кыргызстан эл аралык соттордо: доосу менен жообу

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
ГЭСтерди курат деп келген чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы Кыргызстан мыйзам боюнча кепилдик төлөмдү кайтарып бериши керек депталап кылууда. Ага жооп кылып кыргыз өкмөтү соттошууга даяр экенин билдирген. Сот демекчи соңку жылдары Кыргызстан бир канча маселе боюнча эл аралык сотко катышкан.
Аталган компания ГЭСтер боюнча тендерде күрөөгө коюлган каражатты кайтарып алуу ниетин билдирген. Алар "Инвестициялар жөнүндөгү" мыйзамдын 18-беренесине ылайык инвестор эл аралык арбитражга кайрылууга укуктуу экенин эскерткен.
Бирок бул келишимден бир тараптуу чыгуу боюнча өкмөттүн чукул жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков төлөнгөн акча каражатты Кыргызстанга калтыруу үчүн тиешелүү мыйзамдык аракеттердин баарын кылдат карап, соттук иштерге камдуу тууру тапшырмасын да берди.

Аталган компания милдеттенмесин аткара албай калды деп жаткан маселе Кыргызстан орусиялык "Руссгидро" компаниясына төлөй турган 37 млн долларга байланышкан эле. Курулушка жумшадык деп талап кылып жаткан "Руссгидро" компаниясы дагы Кыргызстанды эл аралык сотко берүүгө даяр турганын орусиялык маалымат каражаттары жарыялады.
Бирок алар талап кылып жаткан 37 млн доллар дагы далай суроо жаратып, парламенттин трибунасына чейин жеткен эле. Талкуулар күчөп турган учурда Улуттук эноргохолдинг жетекчиси Айбек Калиев, компания кандай гана талап койбосун айтылган 37 млн доллар боюнча көз карандысыз эл аралык аудит өтмөйүнчө компенсация тууралуу кеп да болбой турганын Би-Би-Сиге билдирген эле.
Бирок андан көп өтпөй аудит өтө электе эле бул акча төлөнүп берилет деп өкмөт өз моюнуна алып алганы көпчүлүккө бүдөмүк бойдон калууда. Бул иш эл аралык сотко жетеби же кийинки инвесторду күтөбү азырынча так айтуу кыйын.
"Мегакомду" коштогон чыр
Эл аралык сот демекчи Кыргызстан чуулгандуу иштер менен биринчи ирет жоопкер катары сотко катышып жатканы жок.
Учурда мегакомдун канча бир пайыз акциясы бизге таандык деген "Пенвел" компаниясы да 200 млн долларга Кыргызстанды эл аралык сотко бериптир же бергени жатыптыр деген малыматтар маал-маалы менен чыгып келет. Учурда кыргыз өкмөтү, "Пенвел" бул боюнча каалаган жагына арызданышса дагы 100 пайыз акция Кыргызстанга таандык экенин жана сотошуудан коркпой турганын айтып келет. Мамлекттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бул тууралуу бир нече ирет ачык билдиргени бар.

Сүрөттүн булагы, official publications
Кыргыз өкмөтү менен соттошкон башка талаштуу иштер да эл эсинде. Ушул жылдын июнь айында эле Канаданын Жогорку Соту түркиялык "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" компанияларынын "Центерра Голддогу" Кыргызстандын акцияларын алып берүү талабы боюнча апелляциялык доо арызын канааттандырбай, ишти Кыргызстандын пайдасына чечкен.
Бул жыйынтыктан көп өтпөй эле мамлекттик мүлк фонду башы ачылбай келе жаткан Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасын милициянын жардамы менен бошоттуруп алган эле.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстан жоопкер катары эле эмес, доогер катары чыккан жагдайлар да жок эмес. Мындан саналуу күн мурун чуулу Кумтөрдөгү экологиялык зыян маселеси боюнча кыргыз өкмөтү доосун кайра артка чакыртып ала тургандыгын жарыялаган. Анда өкмөт ийне-жибине чейин ойлонуп көрүп, адвокат, юристтер эл аралык сотто иш оңунан чыкпай турганын айткандан кийин экологиялык доону келишим жолу менен чечкенин билдирген.

Сүрөттүн булагы, None
Анда Кыргызстандын өкмөтү 11-сентябрда Центерра голд компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу боюнча "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн АКШ долларын которот, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 млн долларга көбөйтөт. Кыргыз тарап өз кезегинде "Центеррага" болгон экологиялык доо арызын чакырып алмай болгон.
Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт
Кыргыз өкмөтүнүн сот иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына карганда, 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин, Кыргызстан он сегиз эл аралык арбитраждык талаш-тартыштарда жоопкер катары тартылган, алардын койгон доо талаптарынын суммасы 1,8 млрд. АКШ долларынан көбүрөөк.
Учурда анын ичинен жалпы суммасы 1,6 млрд. АКШ долларынан ашуун он бир арбитраждык талаш-тартыш жөнгө салынган. Доо талаптарынын суммасын сексен пайыздан ашык төмөндөгөнүн аталган борбор Би-Би-Сиге билдирди.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган 18 эл аралык арбитраждык талаш-тартыштардан жетиси аягына чыга элек. Алардын жалпы суммасы 250 млн. АКШ долларынан ашуун, алар төмөнкү иштер:
Макаланын аудио вариантын бул жерден уксаңыз болот
1. «БТА Банк" ЖАКнын (Кыргызстан) 75 млн. АКШ доллар суммасындагы зыянынын ордун толтуруу жөнүндөгү иши.
2. Түркиялык "Систем Мюхендислик" компаниясынын 8,5 млн. АКШ долларын жана кошумча татаал пайыздарын өндүрүү жөнүндөгү иши.
3. Түркиялык "Entes Industrial Plants Construction and Erection Contracting Co. Inc" компаниясынын Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигине каршы 22,7 млн. АКШ долларын өндүрүү жөнүндөгү иши.
4. Канадалык "Стэнс Энерджи Корп." компаниясынын жана "Кутисай Майнинг" ЖЧКнын 128,3 млн. АКШ долларын өндүрүү жөнүндөгү экинчи иши.
5. "Centerra Gold Inc.", "Kumtor Gold Company CJSC" жана "Kumtor Operating Company CJSC" компанияларынын 15 млн. АКШ долларын ашуун өндүрүү жөнүндөгү иши.
6. Өзбекстан Республикасынын юридикалык жактардын Ысык-Көлдө жайгашкан 4 пансионаттар боюнча иши. Ушул күнгө чейин, доогерлердин доо талаптарынын суммалары аныктала элек.
7. "Free Balance Inc." жана "Telecommunications Consultants India LTD" компаниялары, Кыргызстандын Финансы министрлигине каршы 1,9 млн. АКШ долларын өндүрүү жөнүндөгү иши.

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov
Азыркы учурда, Кыргызстан жалпы суммасы 1,6 млрд.доллардан ашуун деп балаанган он бир арбитраждык иш жүрүп жатканын жана доонун 85 пайыздан ашык каражатын чыгашасыз чечип жатканын Би-Би-Сиге билдирди.
Мыкты юристтерге таңкыстык
Коомчулукта чет тилдерин жана эл аралык тажрыйбаны билген, дасыккан юристтердин таңкыстыгы байма-бай айтылып келет. Бирок Англияда Эл аралык арбитраждык соттор боюнча илимий изилдөө жургүзүп жаткан юрист Жоомарт Жолдошев Кыргызстандын өзүндө да мыкты юристтер көз жаздымда калып жатканын айтат.
Тасмадан турмушка
Далай күйөрмандын купулуна толгон "Салам Нью-Йорк" көркөм тасмасында элеттик кыргыз жигити АКШдагы эң алдыңкы юридикалык компанияга ишке орношкону баяндалат.
Ал тасмадагыдай болуп кыргызстандыктар да ири талаштарга качан арачы болууга жетишет деп күткөндөр да аз эмес.










