70 жыл мурун фотопленкада калган сүрөттүн табышмагы

Азыр биз сүрөткө тартабыз дагы дароо эле телефондун же камеранын экранынан көрөбүз. Ошондуктан көптөр мурда плёнкадан чыгарып алуу түйшүгүн элестете деле албас эле. Мына ушундай плёнкага тартылган сүрөттөрдүн бирин 70 жылдан кийин гана көрүүгө мүмкүн болду.
Эски фотоаппараттарды коллекциялаган Уильям Фейган бир нече ирет Leica ретро-камераларын сатып алган. Анын биринде плёнкасы кошо калып кетиптир. Анда 20дай сүрөт тартылган.

"Мен кайсыл жылы чыккан Leica камерасынан бул кассета чыкканын так билбей калдым. Менимче, 1930-жылдардын ортосунда чыгарылган фотоаппарат болушу мүмкүн",-дейт Фейган.

Андагы кадрларда 1930-жылдардагы бавариялык унаа номери тагылган BMW 315 унаасы турат. Экинчи сүрөттө Швейцариядагы La Veduta мейманканасы.


Сүрөттүн булагы, Google
Фейган сүрөттөрдүн бири Италиянын түндүгүндөгү Беллажо шаарында тартылганын тааныды. Бул сүрөттөр 1950-жылдары тартылган болушу мүмкүн деп болжойт ал.

Коллекционерди сүрөттөгү кишилер кимдер деген суроо кызыктырды.
"Мен бул кишилердин жеке турмушундагы сүрөттөрүн көргөндө абдан таасирлендим. Алар Италиянын түндүгүндө жана Швейцарияда саякаттаган",-дейт Фейган.

Ал бул кишилер ким экенин табууну каалайт.
"Адатта кишилер бактылуу ирмемдерин унутпоо үчүн мындай сүрөттөрдү сактап калышат эмеспи. Мен чоочун киши катары буларды көрбөшүм керек эле деп ойлодум. Бирок эгерде плёнканы чыгарбасам, аны ыргытып жибермекмин жана эч ким көрбөй калмак".


"Өзүм да фотографмын жана менин байкоомдо бардык сүрөттөр кандайдыр бир себеп менен тартылган. Фотографтар мезгилдин ирмемин кармап калышат жана мындай экинчи жолу эч качан кайталанбайт".





*














