Күлүк күнүндө: таштандыга ыргытылган ретро-автоунаалар

Дитер Кляйн Европа менен Американы кыдырып, ташталып, керектен чыккан унаалардын сүрөттөрүн тартты.

Заброшенный автомобиль в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Немис сүрөтчүсүнүн дат баскан, ташталган автоунаалары сарайда, короодо же керилген талаада, чытырман токойдун арасында. Айтор бир учурда кан жолдо зымырап жүргөн автоунаалар ар кайсыл жерде чирип, чаңга аралашып турат.

Заброшенный автомобиль в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Дитер саякаттап жүрүп, жолунан түрдүү үлгүдөгү автоунааларды көрдү. Айрымдары урулган, аварияга учураган, кээсинин эскилиги жеткен. "Порш","Кадиллак", "Фольксваген", ал тургай таштандылар арасынан жип автоунаасынын бүтүндөй автопаркын кезиктирген.

Заброшенные машины в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

160 сүрөттүн ичинде өз маалында өтө жогору бааланган, кийин таштандыга айланган ретро-автоунаалар көп. Убакыт менен табият алчусун ала берет турбайбы деп ойлонот муну көргөн киши. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" деген ушул.

Заброшенный автомобиль с проросшим мхом

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

"Бул объектилерге музейдеги буюмдай урмат менен мамиле кылам. Кээде эле эшиктерин ачып, кайра жаап калбасам, көбүнчө сүрөткө тартып жатканда аларга кол тийгизбейм",-дейт сүрөтчү.

Заброшенный автомобиль в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Заброшенный автомобиль в поле

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

"Форд" 1907-жылы чыгарылган. Өтө сейрек кездешкен автоунаа.

Заброшенный автомобиль

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Заброшенный автомобиль

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

"Додж" 1960-жылы чыккан автоунаа, Монтана штатында тартылган сүрөт.

"Бул автоунаанын жашы 70ке таяп калган ээси мага анын тарыхын айтып берди. Атасы автоунааны ушул жерге токтотуп, эки күндөн кийин жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Ошондон кийин уулу унаага кол тийгизген эмес. Андан бери 43 жыл өтүптүр",-деп эскерет сүрөтчү.

Заброшенный автомобиль в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Заброшенные машины в лесу

Сүрөттүн булагы, Dieter Klein / teNeues

Сүрөттүн автордук укугу Dieter Klein / teNeues таандык.