Самат Ураңкай: "Сынган миллионду" эч кимди жамандабай, мактабай жаздым

китеп

Сүрөттүн булагы, social media

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык Самат Ураңкай соңку жылдары коомдо, саясатта болуп жаткан көрүнүштөрдү куйкум сөз менен түрмөк кылып жазып келет. Ал жазгандарын коомдук сайттарга жарыялап, өз окурмандарын топтоого жетишти.

Ар бир түрмөк сайын окурмандардын ондогон пикирлери жазылып, интернетке тарап, түрмөктөрдү китеп кылып чыгаруу сунушу байма-бай жазылып жүрдү. Ал жакында эле жазгандарын топтоп, "Сынган миллион" деген китебин бастырып чыкты.

Би-Би-Си: Куйкум сөздүү баяндарды жазуу идеясы эмнеден улам келди?

С.Ураңкай: Негизи ушундай кылып жазайын деп ойлогон деле эмесмин. Профессионал жазмакер эмесмин да. Кээде-кээде ар кайсы ситуацияга пикиримди билдирип, Facebook баракчама жазып калчумун. Кайгылуу нерселерди жаза албай, кыска-кыска блогдорду жазчумун. Интернетти карап отуруп ар кайсы постторду окумай: "Кырк чоронун" жигиттери тууралуу, Матраимовдорго байланышкан постторду окуп эле келе жатпайбызбы. Бирөө "илгерки кырк чоро ушундай кылмак эмес, бул эмне деген кырк чоро" деген сыяктуу жазыптыр. Дароо элестетип кеттим да, баягы илгерки кырк чоро ошол кезде ушинтип, баягы аттар менен келип ушинтип жагалданып турса кандай болмок деп элестетип бир пост жаздым. Бирок оюм аягына чыкпай калганы сезилип турду. Анан сандан-санга дегендей эле улантуу керек болуп калды.

Би-Би-Си: Сиз каармандардын аттарын да абдан кызык атаган экенсиз.

С.Ураңкай: Каармандар ошол окуяга жараша кошулуп атат, аттарын деле адамдардын образына, өң-келбетине, статустарына жараша, же болбосо атына уйкашыраак кылып тандап жатам. Окурман бирөөлөргө окшоштуруп, ким жөнүндө сөз болуп атканын оңөй аңдасын, бирок, ошол эле учурда "баланча" деп ачык эле айтып салбай жымсалдаганга аракет кылып жатам. Кээ бир каармандардын аттары "Сынган кылычтагы" түшүнүктөр менен үндөшүп кетет. Мисалы, жанагы манап, нөкөр деген сыяктуулар. Кээ бир каармандардыкы болсо заманыбызга ылайык. Мисалы, "Дастишфантастиш" деп 120 башынын аты ошондой. Ысымына, уйкаштыгына, жүрүм-турумуна жараша өзүнөн өзү келип атат.

Би-Би-Си: Шайлообек Дүйшеев "абдан кызык жазып атат, бирок, ким экенин тааныбайм, билбейм" деп күлгөн жайы бар. Кээ бирлери сиздин жазган стилиңизге, колдонгон сөз айкаштарыңызга, сөз байлыгыңызга карап, "муну жазып аткан автор эң болбоду дегенде филология факультетин аяктаган го" деп божомол кылышат. Кайсы багытта билим алгансыз?

С.Ураңкай: Сиз айткандай аттуу баштуу кишилер да окуп жатканын угуп сүрдөй түштүм. Мен Улуттук университетте финансы боюнча окугам. Кесибим боюнча 1-2 жыл банк чөйрөсүндө Бишкекте иштегем. Андан соң микро-кредиттик компаниянын филиалын жетектедим. Бирок турмуш шартка байланыштуу 2008-жылы Москвага кеткем. Ошондон бери Москвадабыз. Жазганым хобби катары эле, чындап, чымырканып деле жазган жокмун. Өзүм деле китептин артынан түшүп, казып окугандардан деле эмесмин. Кийинкисин күтөбүз, качан эми деген кайрылуулардан улам жазып жатам.

Би-Би-Си: Сиздин жазгандарыңыз окурманга жөн эле жылмайуу тартууласа дейсизби же ойлонууга жем таштаса дейсизби?

С.Ураңкай: Элибиздин басымдуу бөлүгү саясатка аябай киришип, ошол жөнүндө маалымат алгысы келип, баарыбыз "саясатчы" болуп албадыкпы. Анан саясат тууралуу ар кандай посттор чыгат. Бири кадимкидей эле ачуу, орой сөздөр менен жамандайт, ит абийирин кетирип, кишинин кыжырын кайната тургандай сөздөр чыгат. Же болбосо, тескерисинче кайсы бир саясатчыларды айга, күнгө теңеп жазышат. Көбү тажатма, элге түшүнүксүз терминдер менен жазылгандай туюлат. Эл ичинде кеңири айтылып жүргөн эле маалыматтарга кичине юмор кошуп туруп, түшүндүрүп, ошол эле учурда күлдүрүп койсом деген тилек. Жазгандарым менин жеке оюм эмес, жөнөкөй элдин басымдуу бөлүгүнүн оозундагы, оюндагы кептин туундуулары десем болот. А эгер өзүмдүн оюм боло турган болсо айрым жерлеринде мактачу кишилерди мактап, өз кызыкчылыгыма тууралап салат элем. Эмнеге мындай кылып жазып атам, эмнени күтсө болот? Мүмкүн саясий маалыматтарды өтө эле көөлөп, шалтактатып айтпай эле, чымчылап, куйкум сөз менен айткым келип турат. Аларды "сен акмак экенсиң, мынчаны жеп кеттиң, сен бузукусуң, мындайсың" дебей, кыйытып ошолорго айткым келди. Бул эң негизгиси.

Би-Би-Си: Жазгандарыңызды окуп чыгып, көзгө урунган бир канча сүйлөмдү белгилеп койдум: "Сабы алтынга ширелип, өрмөгү калктын шили терисинен өрүлүп, араптын асыл таштары менен шөкөттөлгөн өрмө камчы" депсиз. "Бул жалганда эки гана ак бар: бирөөсү эне сүтү, экинчиси, мына, мен! - деди Рамилон баатыр" деген экенсиз. Дал ушул сыяктуу сүйлөмдөрүңүздү көпчүлүк окурмандарыңыз дагы белгилеген экен.

С.Ураңкай: Бул сүрөттөөлөр көкүрөктөн чыккан эле сөздөр. Кыргыз адабиятта укмуштай келиштирген бир сүрөттөөлөр бар эмеспи. Жонунан кайыш тилип деген аябай, ушунчалык элди эзди деген маанини берип атпайбы, ошого үндөштүргөндөгүм болчу. Баягы илгерки бай-манаптарды канжарынан, тагынган кемер курунан, камчысынан, ошол жерде канчалык асыл таштар, каухар, жакуттар менен шөкөттөлгөн болсо ошонун көркөмдүгүнөн көрсөткөн эмеспи. Мен ошол бөлүгүн жазаардын алдында "Рамилон баатыр" араб өлкөлөрүнүн бирине кан сарай салыптыр, квартира алыптыр деген маалыматтар уу-дуу болуп ачыкка чыккан кез. Аны көрүп, угуп калган соң ошого үндөш кылып эле сүрөттөгөм. Андан кийин эле ошол эле каарман канчалык сөздөр болуп атканына карабай, караманча так секирип "жок андай болушу мүмкүн эмес, мен аппакмын" деп өзү тарабынан маалыматтар айтылды. Анан ошондон улам жанагындай "мен акмын" деген сөз ошондон улам чыкты да. Эл шек санап турганда сом турсун тыйынга тиешем жок деп так секиргенин көргөн соң ушундай сүрөттөдүм.

Би-Би-Си: Сиз кимдир бирөөнү таарынтып, капа кылып же көңүлүн калтырып коём деп түйшөлбөйсүзбү? Маселен, "Рамилон баатыр Балашкага батасын башкаларга угузбай берди" деп жаздыңыз.

С.Ураңкай: Көп сурашат, кат жазышат. Алар ушунун баарын жазып жатасың, сени коркутуп, жарга такабайбы дешет. Мага коркутуп-үркүтүүлөр болгон жок бирок, баланчаны кошуп кой, түкүнчөнү дагы камтып кетчи деп кайрылгандар болду. Кээ бирөө баягы жакшы жагын жазып, жакшы каарман кылып кош деп атышат, кээ бирөө тескерисинче. Таарыныч тууралуу айтсам, ал жерде таарынып калгыдай деле сөздөр жок. Түзмө-түз чын эле ушундай болгон, далилдейм деп жазган жокмун да. Жарымы жалган, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн деген сыяктуу болуп атпайбы. Кээ бир жерлерин түшүнгөн киши тамаша катары кабыл алышы мүмкүн. Эгер ошол мен жазып аткан нерсе чын болгон болсо анда тескерисинче таарынмак түгүл уялып калыш керек да. Сиз суроо бербедиңизби, тойго барышыптыр деп так эле ошондой дагы кептер болгон да. Мен аны оюмдан чыгарган жокмун. Эл оозундагы сөз. Ошол "Рамилон баатыр" менен ич-ара келишип алган, сүйлөшүп алган деген сөз уу-дуу болгону баарыбызга жакшы эле маалым да. Эгер жалган болсо ошол сөздөрдү чыгарган кишилерге таарынышсын. Башкасы таарынса дагы "Балашка" таарынбайт болуш керек. Анткени, мурдагы журналист, жаңы көз караштагы инсан деп билем. Башкасы таарынса дагы ал таарынбайт. А эгер башкалары таарынып, ошол мен жазып аткандардын ичинен өзүн таап алышса, анан ошого таарынышса анда өздөрүнөн көрүшсүн. Элдин жүгүн көтөрөбүз деп аткан инсандар ар кандай багыттагы сын-пикирлерге туруштук берип көтөрө билиш керек да. Ошон үчүн элдин жүгүн артабыз, элге кызмат кылабыз, элдин кулу болобуз деп аттанышпады беле? Ошол элдин бири менмин да. Жанагындай кылып көпчүлүк турган жерден кыйкырып-өкүрүп, калпагымды булгалап, сөгүп-сагып пикиримди билдирбейм, мен ачуу таттуу аралаш жазам.