Баланы беш жашка чейин эмизүү керекпи?

Кормление грудью

Сүрөттүн булагы, Getty Images

29 жаштагы Эмма Шардлоу Хадсондун беш жаштагы кызы жана эки жаштагы уулу эмчектен чыга элек. Анын айтымында, эмизүү бала үчүн өтө пайдалуу.

Эне сүтүндө организмди зыяндуу заттардан сактоочу атайын белоктор болгондуктан, эмчек эмген балдар аз ооруйт.

Улуу Британиянын саламаттык сактоо уюму баланы эне сүтүнөн баш тартканча эмизүүнү кеңеш кылат.

Көпчүлүк учурда энелер балдарын алты айга чейин эмизип, андан кийин кошумча тамакка көндүрөт. Улуу Британияда 80 пайыз энелер жаңы көз жаргандан кийин балдарын эмизүүгө белсенет, бирок бир нече аптадан кийин көпчүлүгү эмчектен чыгарып таштайт.

Алты айлык балдардын үчтөн бир бөлүгү гана эмчек эмсе, бир жашка чыкканда мындай көрсөткүч 0,5 пайызга чейин түшүп кетет.

2016-жылы жүргүзүлгөн эл аралык иликтөөлөргө ылайык, Улуу Британияда энелердин бала эмизүүсү салыштырмалуу төмөн экени аныкталган.

После первых шести месяцев ребенку, кроме молока, можно постепенно давать твердую пищу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпчүлүк учурда энелер балдарын алты айга чейин эмизип, андан кийин кошумча тамакка көндүрөт

Адистердин айтымында, биринчи төрөттө аялдар үчүн эмизүү кыйынчылык жаратат. Көпчүлүк учурда тажрыйбасы жок биринчи жолу көз жарган алгачкы күндөрү практикалык жардам көрсөтүлбөйт.

Ошондой эле көпчүлүк апалар коомдук жайларда бала эмизүүдө өзүн ыңгайсыз сезгендиктен балдарды эмчектен чыгарып, кошумча тамак берүүгө өтөт.

Эне сүтүнөн пайдалуу эч нерсе жок

Эксперттердин айтымында, эмчек эмизүү бала үчүн дагы, эне үчүн дагы пайдалуу.

Эненин сүтү баланы ар кандай инфекциядан, ич өткөктөн, кусуудан жана семирип кетүүдөн сактайт.

Ал эми эмчек эмизүү аялдардын сүт бездеринин рак оорусуна чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтөт.

Баланы канча жашка чейин эмизүү керек?

Учурда бул тууралуу так жооп берүү үчүн илимий далилдер жетиштүү эмес. Андыктан аялдарга сунуштар жалпылап гана айтылып келет.

Улуу Британиянын саламаттык сактоо уюмунун сайтында балага кошумча тамак берүү менен жок дегенде бир жаштан өткөнгө чейин эмизүү өтө пайдалуу экени жазылган.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баланы жок дегенде эки жашка чыкканга чейин эмизүү зарылдыгын белгилеген.

Балдардын ден соолугу жана педиатрия боюнча Британиянын Королдук институтунун доктору Макс Дэйви баланы көп эмизүүнүн кажети жоктугун айтат.

Кормление грудью сложно совмещать с работой

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Бала эки жашка чыкканда бардык зарыл болгон азык заттарды жей башташы керек. Бул жаштан өткөн соң энени сүтү организмге пайда деле алып келбейт", -дейт ал.

"Анын эч нерсеге зыяны жок"

Эненин баланы узак убакытка эмизүүсүнө же тез эле эмчектен чыгаруусуна көптөгөн факторлор таасир этет.

Ошондой болсо дагы адистер эмизүү эне-баланын ортосундагы ынак мамиленин өнүгүүсүнө жардам берет деп айтып келишет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Алардын баамында, эмчек эмизүүнүн зыяны жок. Андыктан ар бир эне баланы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша эмизсе болот. (VO)