"Күнөөсүздүк кунары": келегей тилдин кесепети

- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, мамлекеттик жана коомдук ишмер.
Азыркы Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин сөз маданияты (сүйлөө жана жазуу маданияты) көңүл бөлө турган проблема. Ооба, олуттуу проблема. Келечекке таасир эте турган, андыктан дайыма, жоопкерчилик менен алектене турган зарыл маселе.
А проблеманы билип, аны чечүү мамлекеттин негизги функцияларынын бири. Соңку мезгилде илимде бул функция бийликтин динамикалык жөндөмү деп атала баштады. Проблема качан пайда болгондо эмес, коомдогу процесстердин оң жагына өнүгүшүн өбөлгөлөө, коомдук баалуулуктарга жана калктын кызыкчылыктарына шайкеш аракеттенүүгө жөндөмдүү мамлекеттик бийлик гана элдин үмүтүн актайт деген аныктама эч ким талашпай турган аксиома.
Ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү мамлекеттин атынан элге кызмат көрсөтүп жаткан соң, алардын айткан-дегени, жазганы элге бери дегенде түшүнүктүү, сабаттуу жана адабий тилдин жол-жоболоруна шайкеш болмогу абзел. Cабатсыз тил сапатсыз кызматты шарттайт, коомдо туура эмес түшүнүктү калыптандырат, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратат.
Улуу Британия парламентинин мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Атайы Комитетинин (The Public Adminisation select Comitte) Англия өкмөтүнүн чиновниктеринин сөз маданияты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, отчетун парламентте талкуулашат. 2009-жылкы отчетто чиновниктердин сүйлөгөн жана жазган учурларда англис тилинин эрежелери айрым учурларда сакталбай жатканы белгиленип, министрлер кабинетине тиешелүү сунуштар берилген.
Ушул комитет Британ жарандары чиновниктердин расмий айтканы же жазганы түшүнүксүз болсо, ошонун айынан адам жаңылыштык кетирсе, ыңгайсыздык жаралса, анда жарандар министрлер кабинетине чейин кайрылууга акылуу, мамлекеттик орган ал кемчиликти жоюуга, эгер оң жооп болбосо, Омбудсменге даттанууга укуктуу деген чечим кабыл алган.
Омбудсменге жеткен даттанууну Даунинг-стриттеги 10-үйдүн кожоюндары карабай койбойт. Эреже ошондой. Ал эми Британияны Улуу Британия кылган нерселердин бири - бул жазылган мыйзамбы же кайсы бир мезгилде оозеки макулдашуубу, же көпчүлүк кабыл алган эрежеби, айтор макулдашылган шарт аткарылууга тийиш.
Сөз маданияты жалаң гана менталдык маселе эмес. Саясий маселе. Эмне үчүн? Сенек, супсак тил жагымсыз, жугумсуз келет. Уккан, окуган элде тигил же бул кубулуш, окуя, чечим тууралуу мамлекеттик легитимдүү органдын көз карашын натуура баалоого шарт түзөт. Сөз энергетикага ээ.
Кандай жакшы идея болбосун, эгер ал түшүнүксүз болсо, тескери кабыл алынат, демек четке кагылат. А элдин туура кабылдоосу мамлекеттик бийликкке жана ал жүргүзгөн саясатка ишенимди калыптандырган башкы факторлордун бири. Ар кандай реформанын ийгилиги элдин ишенимине жараша болоору талашсыз. Идеяны эл түшүнбөсө декабристтер конституция деп ураан чакырганда карапайым орус калкы бул жаңы императрицанын аты деп түшүнгөн сыяктуу нерсе.

Сүрөттүн булагы, Rufat ergeshov
Азыр Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн "Таза коом. Жаңы долбоор" стратегиясынын долбоору коом тарабынан талкууланууда. Жаңы идеялар, келечектүү ойлор камтылган жакшы стратегия. Бирок айрым учурларда актуалдуу нерселер кооз, мода терминдердин көшөгөсүндө калса, кээ бир ойлор түшүнүксүз жазылган.
Мисалы, аталган долбоордун 13-бетиндеги пунктунан контексти караш керек болчу деген айыпка калбаш үчүн калыстык катары үзүктөй болсо да цитата келтирели: "1.8. Бирдей мүмкүндүктөр жана бекем үй-бүлө институту, ал ата- эненин жоопкерчилиги жана социалдык сектордунбардык аспекттеринде үй-бүлөнүн ролун күчөтүү аркылуу коомдун маанилүүинституту болот жана өсүп-өнүгүүнүн чөйрөсү болуп эсептелет. Социалдык коргоонун жана камсыздандыруунун маселелерин чечүүнүн маанилүүпринциптери болуп үй-бүлө куруу укугун сактоо жана оор турмуштуккырдаалда, кризистик жагдайда шериктеш жоопкерчилик эсептелет.Мамлекеттин күч-аракети энеликти жана балалыкты колдоого, эмгеккежарамсыз жарандарды колдоого, мамлекет кепилдик кылган социалдыккоргоонун базалык минималдуу деңгээлин камсыз кылууга жумшалат.Мамлекеттик саясаттын чаралары интернаттык мекемелерге альтернативаболгон реабилитациялык мүнөздөгү күндүз же убактылуу болуунунсоциалдык кызматтарын көрсөтүүнүн рыногун өнүктүрүүгө багытталат.Пенсиялык системада камсыздандыруу механизмдери күчөтүлөт. КыргызстанSavethe Children энелердин индексинде өзүнүн позициясын эки эсежакшыртууга тийиш (2013-жылы 107-орун болгон, ал эми КМШ өлкөлөрүндөкөрсөткүчтүн орточо мааниси 66). Жашоо минимумунан төмөн пенсия алганпенсионерлердин үлүшү пенсионерлердин жалпы санында нөлдүк маанигежакындашы керек. Социалдык прогресс индексинде (Социалдык ПрогресстинИмперативи) Кыргызстан биринчи 50 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш(2014-жылы Кыргыз Республикасы 132 өлкөнүн ичинен 93-орунду ээлеген).
1.9. Маданий кайра жаралуу элдин аң-сезиминин өсүшү өнүгүү үчүннегизги шарт болуп эсептелет. Жалпы өнүгүүнүн жакшы максаттарынкөздөө - бул маанилүү милдет, ал маданий коддорго киргизүү жолу менен аткарылат." (сайтка жарыяланган долбоордун 13-бети).
Мынакей, бул саптарда камтылган ойлорду түшүнүү үчүн 20-кылымдын атактуу философу Х. -Г. Гадамер айткандай түшүнүүнүн бүтүндөй илими - герменевтика талап кылынат. Кеп текстин татаалдыгында деле эмес. Анын баяндалышында. Айтайын деген ой концептке карата беймаани терминдердин көлөкөсүндө калды. Сөздөр босого менен төрдү ажырата албай адашып орун ээлеп, ойду-тоону аралап жүрөт. Бир топ убактан кийин жогорудагы тексти жараткан киши өзү араң түшүнсө керек. Же бирдей тезаурус колдонгон тар чөйрө түшүнүшү мүмкүн. Мындай учурду немис окумуштуусу Карл Беккер "Тарыхый окуя жөнүндө документтер - каттар, гезиттер, чечимдер ж.б. баяндар болгону белгилер түшүрүлгөн кагаз сымал. Алар ошол окуядан кабары бар тарыхчынын колуна тийгенде гана жан кирип, сүйлөй баштайт" - деп белгилеген.
Коомдун сөз маданияты улуттук тилге карата мамилеге жараша болот жана коомдун жалпы маданий деңгээлин чагылдырат, сөз маданияты - коомдун күзгүсү. Ал эми улуттук тил улуттун, социумдун өнүгүү деңгээлин аныктоочу факторлордун бири. Дал ошондуктан көп өлкөлөрдө сөз маданиятын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин, саясатчылардын сүйлөө, баарлашуу, жазуу маданиятын жакшыртуу менен алектенишет. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын жетекчилиги немистердин фашисттик режим убагында жабыркаган сөз маданиятын оңдоого көп аракет жумшаган.
Француздардын француз адабий тилинин тазалыгы үчүн аеосуз күрөшүн "франкотилдүү шовинизм" деп аташат. Адабий тилдин нормаларын бузган учурларда жазалоого чейинки мыйзамдар кабыл алынган жана иштейт. Португалияда ар жылы лингвисттер чогулуп, португал тилинин эрежелерин сактоо, аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Россияда чиновниктердин сүйлөө, жазуу жөндөмүн арттыруу мамлекеттик масштабдагы маанилүү маселе катары эсептелет. Бул саясат тээ Петр I доорунда башталып, империя кезинде уланып, азыр да орус өкмөтү жана коомчулугу бул маселени чечүү үчүн тынымсыз алектенип келүүдө.
Көп өлкөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сөз маданиятынын проблемаларын атайы изилдешет. Изилдөөлөргө ири илимий мекемелер жана университеттер кеңири тартылат. Мисалы ошол эле Россияда мамлекеттик чиновниктердин кеп маданиятын жакшыртуу боюнча ондогон диссертациялар корголуп, жүздөгөн монографиялар жазылып, окуу куралдары даярдалат.
Россиянын президентине караштуу эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында он жылдан бери милдеттүү түрдө "Орус тили жана сөз маданияты" предмети окутулат. Бул тажрыйба калган жогорку окуу жайларына да жайылтылууда. Ошол академияда аталган предмет боюнча "Сөз маданияты жана азыркы орус тилинин нормалары".

"Сүйлөө искусствосу". "Жазуу маданияты" "Баарлашуу маданияты", "Сөз этикети", Расмий жазуу документтеринин стилистикасы жана эрежелери", "Эл алдында сүйлөө өнөрү" сыяктуу курстар окутулат. Россия федералдык парламентинин депутаттары, анын аппаратынын кызматкерлери жана региондогу жергиликтүү парламенттердин депутаттары үчүн "Парламенттик сөз маданиятынын өзгөчөлүгү", "Сүйлөө маданияты" сыяктуу атайы курстар окутулат. Ал эми Англияда ар бир чиновниктин дайым окуган жанжолдош китеби - бул англис тилинин эреже-нускамасы (The Complete Plain Words). Бир эле эмес, бир нече мамлекет биригип алып сүйлөө, жазуу маданиятын жакшыртууга белсенип киришкен учурлар бар.
Еврокомиссия 1998-жылы тилдин тууралыгы жана тазалыгы үчүн ири кампания баштаган (The Clear Writing Campaign). Чиновниктердин туура сүйлөө, айрыкча сабаттуу жазуу маданиятын жогорулатууга багытталган бул кампаниянын алкагында 2011-жылы 6000 чиновниктин иш кагаздары иликтенип, эне тили англис тили болгон еврочиновниктердин саны бар болгону 13% түзсө да, баардык документтердин 95% адегенде англисче даярдалып, анан калган европалык тилдерге которулаарын, ал ортодо мааниси бурмаланып арналган дарекке жетээрин аныкташкан. Кудум биздегидей. Башка себептер менен катар менталдык жагдайларды унутпоого тийишпиз. Кеп биздин көп чиновниктердин орусчаны мыкты билгендигинде эмес, орус тилинде даяр шаблондорду, алар норма деп эсептеген даяр сүйлөмдөрдү колдонуп, документти чүргөй салып, кайрылган кишиге чечилбесе да эптеп жооп берип коюу, ошентип көзөмөлдө турган маселени жаап салуу жеңилдиги менен түшүндүрүлөт. Бул адат беленге көнгөн чиновникти орусча оригинал текст түзүү же сөз издеп кыргызча жазуу, айтуу түйшүгүнөн арылтат.
Учкай анализ көрсөткөндөй чиновниктердин, саясатчылардын сөз маданиятынын проблемаларынын ичинен эң орчундуусу - бул чиновниктердин сөз байлыгы жана сабаттуулугу. Сөз маданиятын өнүктүрө турган, жумурай журтка үлгү боло турган коомдук-саясый маанилүү мейкиндиктерде таасирдүү кызмат адамдарынын билим деңгээли, алардын сөз байлыгы канааттандырарлык эмес, ал тургай кабатырлантат. Бул менталдык проблема.

Сүрөттүн булагы, iStock
Адамдын тили анын жалпы маданиятынан, билиминен жана акыл-эсинен кабар берет. Бирин-эки мисалдарга кайрылалы. Баарыбыз жакшы билген Жусуп Абдрахманов "Күндөлүктөр. 1916 -жыл. Сталинге кат" китебин окуган адам анын сабаттуулугуна, дүйнөтаанымынын кенендигине жана сөз байлыгынын молдугуна баа бербей кое албайт. Анын "Күндөлүктөрүнүн" кол жазмасын мен өз колум менен кармап, окуу бактысына туш болгом. Окуган кишини кайдыгер калтырбай толкунданткан күндөлүктөрүн Жусуп Абдрахманов өз колу менен, күнүнкүсүн күнү жазганы калемдин сыясы түгөнгөндө карандаш менен улап кеткен жерлеринен даана билинет. Немец психологдору белгилегендей өз учурунда жазылган каттар, күндөлүктөр жана башка нерселер кийинчерээк авторго пайдалуурак интерпретацияланып түзүлгөн мемуарлардан, эскерүүлөрдөн айырмаланып чынчыл келет, астейдил болот.
Жусуп Абдрахмановдун да, Уинстон Черчиллдин да эч качан спичрайтери же жазмакер жардамчысы болгон эмес. Докладдарын өз колу өзү жазган, анан машинкага тердирген. Экөө тең чынжырлуу элитанын өкүлдөрү. Экөө тең премьер-министр. Экөө тең классикалык билим алган эмес, бирок университеттерди бүтүргөн замандаштары, андан кийинки саясатчылардан кыйла билимдүү болгон.
Айырмасы Абдрахманов кыркылып кете жаздаган элдин оор трагедиясынан кийин аз өтпөй үзөнгүлөштөрү менен бирге башка формада жана мазмунда кайра калыбына келтирген мамлекеттин өкмөтүн башкарса, Черчилль экинчи дүйнөлүк согушта Англиянын даяр министрлер кабинетин жетектеген.
Абдрахманов да адабий, оратордук таланты бар жаркын инсан болгон, бирок 36-жашында атылып кетти, а Черчилль урмат-сый үстүндө жашап, 91 жашында көз жумду. Ошондон улам анын атактуу тарыхый чыгармаларды жаратууга мүмкүнчүлүгү болду окшойт. Черчиллге Нобель сыйлыгы 1953-жылы Лондондун мурдагы мэри Борис Джонсон жазгандай жалтыраган төш белгиге кызыккан саясатчылар сымал саясий ишмердүүлүгү үчүн эмес, адабият боюнча - "тарыхый чыгармаларында мыкты чеберчилиги жана оратордук искусствонун ажайып үлгүлөрүн жараткандыгы үчүн" ыйгарылган.
Американын эң популярдуу, өз айланасына мыкты интеллектуалдарды топтогону менен белгилүү президенти Джон Ф. Кеннеди Черчиллдин чечендиги жөнүндө "Ал англис тилин аскер сымал топтоп, Англия үчүн кармашка салды" деп таамай баасын берген. Джонсон демекчи, ал өзүнүн Лондон тууралуу китебин эң мыкты пролог менен баштаган - "О людях, которые сделали город, который сделал мир". Караңызчы, кандай ой, не деген энергетика камтылган.
Англиянын Глазго университети 1803-жылдан 2005-жылга чеийнки аралыкта Британ саясатчыларынын парламентте сүйлөгөн сөздөрүн веб-сайтка толук жарыялаганын Индепендент (The Independent) басылмасы кабарлаган. Ошол тексттердин негизинде Англия саясатчыларын сөз байлыгын изилденген.
Мисалы премьер-министр Тони Блэр 1993-жылдан 2005-жылга чейин Британ парламентинде 2888 жолу сүйлөп, 1 млн 401 миң 531 сөз колдонгон. Британиянын дагы бир баш министри Уильям Гладстон парламенттик дебаттарда 2,7 млн сөздү пайдаланган. Кыргыз тилин кедей деп айтууга болбойт. Бирок "Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүндө" адабият, публицистика, расмий документтерге байланыштуу 18 миң текст талданып, 13 сөз жыш колдонулаары белгиленген. Бай тилди, тил казынасын өзүбүз кемитип, жакырлантып алганбыз. Же өзүбүз жакырбыз.
Сөзү тамшандырган, кеби кулактын кычуусун кандырган, жазганы мыкты, тексти үлгү топтун катары суялса суюлуп, асты саны арбыган жок. Россияда 18-19-кылымдарда сөз маданиятынын деңгээлин аныктаган бүтүндөй катмар болгон. Буга жазуучулар, дворяндар, офицерлер, окумуштуулар, дин кызматкерлери кирген. Бизде андай катмар советтик мезгилде калыптана баштаган кезде демократия агымына кирдик. Коомду өргө жетелебей, маргиналдашкан чөйрөнүн төмөнкү денгээлине түшө баштадык. Аны жөнөкөйлүк, элге жакындык деп кабыл алып, популярдуу эталонго айланттык. Маданият эч качан жөнөкөй болбойт, жөнөкөйлүк маданияттын идеалы эмес. Көпчүлүк чиновниктердин оозунан келегей сөздөр чыгып, калеминен шаблон, примитив же түшүнүксүз тексттер жаралып, элге тартууланууда жана сиңүүдө.
Кесиптик тилди колдонуу олуттуу проблемага айланды. Тар чөйрөгө гана түшүнүктүү терминдердин, андан да жаманы адистер ар кандай себептен улам жаратып алышкан же тыштан жетелеп келген сленгдердин, жаргондордун терс жана агрессивдүү таасири тилдин бурмаланышын ого бетер күчөттү. Кылмыш-жазык иштерине байланыштуу дээрлик баардык документтерде, маалыматтарда "баш коргоо чарасы" (мера пресечения) деп жазылат. Кызыгып карадым, Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинде (12-глава) "Бөгөт чаралары" деп туура эле которулуптур. "Баш коргоо чарасы" орусчага кайра которгондо "мера защиты головы" болот экен.
"Баштын" икаясы муну менен эле бүтпөйт. Кылмыш хроникасы тууралуу маалыматтарда "баланча баш малын жоготкондугу тууралуу арыз менен кайрылган" деген сүйлөмдү нан байма-бай кезиктирүүгө болот. Журналист аны өзү ойлоп таппагандыр. Тиешелүү укук коргоо органдарынан келген маалыматты ойлобой туруп сайтка илип, гезит бетине жайгаштыргандыр.
Малын уурдаткан, бирок тилин азырынча уурдата элек айылдагы тууугандарыбыз эч качан "бир баш кой", "эки баш ири мүйүздүү мал" дебесе керек. Ал "бир кой, эки уй, төрт жылкы деп эле так айтат, "Баланча коюн, түкүнчө жылкысын" деп айтса, жазса болбойбу? Болот. Ошондо туура болмокчу. Бирок, аттиң, ушундай сабатсыздыктар төрдөн орун алды да калды. Жазык-процесстик кодексинде "Презумпция невиновности" түшүнүгү "Күнөөсүздүк кунары" деп которулуптур. "Презумпция" эл аралык юридикалык термин. Жалпыга түшүнүктүү терминдин кунарын качырып, маанисине доо кетирип "кунарга" айлантуунун зарылдыгы бар беле?

Менин оюмча жок. Кесиптик жаргондор бир тең, кылмышкерлердин сүйлөө, учурашуу, өзүн алып жүрүү манералары саясатчыларга жукту, коомго таңууланды. Кылмышкерлердин жүрүм-турум адаттары биз дайыма кездешкен кадыресе көрүнүшкө айланды. Экинчиден, сөз эркиндигин адабий тилдин, дегеле тилдин эрежелерин одоно бузуу менен алмаштырып алдык окшойт. Сөз эркиндиги деген дөөлөт кыргыз кыртышына түшкөндө дискурстун, теманын, предметтин, арналган аудиториянын дайын-дарегине, айткандын да, уккандын статусуна карабастан ар ким каалагандай тилди бурмалоого, эч бир эрежеге баш ийбеген ээн ооздукка, бейбаштыкка үрөн таштап, ал отоо чөптөй дүркүрөп өсүүдө.
Тилдин эрежелери, адабий тилдин жол-жоболору, сөз маданиятын сактоо жана байытуу зарылдыгы анахронизм катары эсептелине баштады. Сүйлөө, жазуу маданияты жалаң филологдорго гана керек, "ургаалдуу өнүгүп бараткан заманда" коомго такыр пайдасы жок ашык жүк сымал эски журтта калчудай болуп турган кези.
Жалпысынан сөз маданияты, мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө, жазуу маданиятын көтөрүү проблемасы проблема катары анализденип, аны чечүүнүн жолдорун издөөбүз зарыл экендиги талашсыз.
Кыргыз Өкмөтү өткөн жылдын 21-ноябрдында жогорку, башкы, улук жана кенже топтогу административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жана кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү деген чечим кабыл алган. Ушул токтомго ылайык, 2019-жылдан тартып базалык (А), 2020-жылдан тартып орто (В) жана 2021-жылдан баштап ортодон жогору (В1) деңгээлинде билимин тест аркылуу аныкталмакчы. Дурус. Кеп эми Кыргызтест системасы аркылуу кыска тексти окуп түшүнөт, угуп тушүнөт деген минимал талап менен чектелбей, мамлекеттик кызматкердин жазуу маданиятын, сабаттуулугун калыс, акыйкат текшергени туура деп эсептейбиз.
Чиновниктин тилге болгон мамилеси - ал кызмат кылууга милдеттүү коомго, мамлекеттик кызматтын негизги керектөөчүсү, бийликтин бирден бир булагы - элге болгон мамилеси. Бул маселени чечүүгө эмитен киришпесек, азыркы сабатсыз, келегей тил эртең адабий нормага айланып, бурмаланган тил нагыз тил экен деп кабыл алган бүтүндөй муун пайда болушу толук ыктымал. Мамилеси калыптанган, оюнда келгендей сүйлөсө жана жазса болот деп ынанып калган катмар кантет, тил кантет? Албетте, сабатсыздардын саны өсөт, тил жакырланат. Буркан-шаркан түшүп, устаранын мизинде оодарылган глобал заманда ким оңдойт да, кимди оңдойт. Кайсы маданиятты, кимдин маданиятын кайсы баалуулуктарга карап жакшыртабыз. Мына ушулар бизди түйшөлтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызматкерлердин сөз маданияты ой калчай турган, акыл таап, айла кылып чече турган маселе.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.











