Мюнхен баяндамасы: Орусия менен Кытай дүйнө лидерлигине талапкерби?

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES
Орусиянын Украинага басып кириши бир тарабында батыштын либерал-демократтары, экинчи тарабында Орусия менен Кытайдан турган автократиялык “ревизионисттердин” ортосундагы глобалдык тирешти ого бетер курчутуп жиберди. Орусиянын агрессиясы “Кытайдын согушту үнсүз колдоосу” менен башталган. Анткени Пекин дагы Москва сыяктуу өз аймактарында таасирин кеңейтүүнү көздөйт. Мындай бүтүм Мюнхен конференциясынын коопсуздук боюнча жылдык баяндамасында айтылды.
Баяндама Украинадагы согушка багытталганы менен авторлор: орус баскынчылыгынан кийин дүйнөлүк тартип кандай өзгөрдү? Согуш Кытай менен Орусиянын глобалдык карым-катыштагы позициясын канчалык бекемдеди? Күч же ревизионизмди эмес, эл аралык эрежелерге негизделген либералдык дүйнөнү кантип сактап калуу керек? - деген глобалдык суроолорго жооп издеген.
Би-Би-Си орус кызматы баяндамада айтылгандардын негизгилерин талдап берет.
Россия менен Кытай – либералдык дүйнөгө коркунуч/альтернатива
Дүйнөлүк стабилдүүлүк үчүн негизги коркунучтардын бири Орусия экенине карабастан, баяндаманын авторлору Кытайдын негизги дүйнөлүк “ревизионисттик” күч экенине көңүл бурушкан. “Эгер Кытай лидери Си Цзиньпиндин колдоосу болбосо Путиндин согуш баштоо ыктымалдыгы азыраак болмок” деп айтылат анда.
Мындан улам Украинадагы согушту эл аралык таасир үчүн либералдык жана автократиялык көз караштардын тирешинен бөлүп кароо мүмкүн эмес деген тыянакка келген баяндаманын авторлору. Украинадагы согуш Путиндин мындан ары "эл аралык нормаларга кымындай дагы байланышы жоктой сезип калганын" жана "XIX кылымдагы чексиз күч колдонуу саясаты" сыяктуу куралданып жатканын көрсөттү.
Чыгыш Азияга көзөмөлдү күчөтүүдө Пекин да ушундай эле жол менен баратат. Өзгөчө бул Кытайдын Түштүк-Кытай деңизине ээлик кылуу жана Гонконг, Тайван маселелериндеги саясатынан таасын байкалып турат. Пекин көбүнчө коңшуларынын эл аралык укуктарын этибарга албай, аймактагы позициясын бекемдөөгө тырышууда.
Түштүк-Кытай деңизине ээлик кылуу маселеси маал-маалы менен Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалууну курчутуп келет. Вашингтон бул деңизде кытай аскердик позициясын сактап турат жана суу үстүнө жасалма аралдарды жана аскердик базаларды куруп жатат деп айыптоодо. Пекин мындай айыптоолорго “Американын аралашуусунан улам коргонуу чараларын көрүүдөбүз” деп жооп берет. Муну менен бирге Кытай филиппиндик кемелердин деңиз аркылуу өтүүсүнө жолтоо болууда, анткени Филиппин АКШнын кеңири колдоосуна ээ.
"Орусиянын Украинага каршы согушу "XIX кылымдын биринчи империялык согушу, бирок бул акыркы болбошу мүмкүн", - деп эскертет докладдын авторлору.
Глобалдык түштүктүн үнү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытай менен Орусиянын таасиринин өсүшү Азия, Африка жана Глобалдык түштүк өлкөлөрү делген Латын Америкасындагы айрым өлкөлөрдүн, ошондой эле Индия жана Түштүк Африка сыяктуу таасирдүү мамлекеттердин орус агрессиясына каршылык көрсөтпөгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Украинага материалдык колдоо, жок дегенде Орусияга каршы санкцияларды колдобогон, Индия, Бразилия жана Глобалдык түштүк өлкөлөрү сыяктуу мамлекеттерге нааразы "бай демократиялык өлкөлөрдөн" гана келип жатат.
Анткен менен орус баскынчылыгы көптөгөн өлкөлөрдө азык-түлүк тартыштыгын жаратып, тамак-аш менен энергетикага болгон баанын жогорулашына алып келгенин, көпчүлүк өлкөлөр үчүн учурдагы конфликт Европага гана тиешелүүдөй кабыл алынып жатканын батыш өлкөлөрү олуттуу кабыл алышкан жок, деп белгиленет баяндамада.
"Африка, Азия жана Латын Америкасы азыркы дүйнөлүк тартипке нааразы", - дешет баяндаманын авторлору. Мындай нааразычылык бул өлкөлөр дүйнөлүк саясатка, ал тургай өздөрүндөгү көйгөйлөрдүн чечилишине таасир эте аларын аңдабагандыктан улам пайда болууда. "Ошондуктан, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө “көп полярдуу” же "батыштан тышкаркы" тартип тууралуу концепция көп деле жарнамага муктаж эмес. Батыш бул өлкөлөргө азык-түлүк менен энергетикага болгон бааны ооздуктоого жардам берүүнүн ордуна, Украинаны колдоого жетиштүү тилектештик билдирбедиңер деп сөгүш жарыялады”,- деп айтылат.
Украинада болуп жаткан согуш фонундагы таасир талашуу чыр-чатакты уюштурууга ким күнөөлүү деген суроого барып такалат. Глобалдык түштүк өлкөлөрү бул талашта чечүүчү пикирге ээ болушу мүмкүн.
Ошондуктан Орусия менен Кытай АКШнын Азия, Африка жана Латын Америкасындагы таасирин азайтууга аракет кылып, бул континенттердеги өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтүүдө. Маселен, Орусиянын Африкадагы таасири бир нече жылдан бери артып барат. Бул аймакта Москва тоо кен тармагына жана экспорттук мүмкүнчүлүктөргө басым жасап, ошол эле учурда Кремль менен кызматташкан авторитардык режимдерди колдоп келет.
Өзөктүк курал үчүн жаңы жарыш
Өзөктүк куралдын колдонулушу кансыз согуш аяктагандан кийин Европада биринчи жолу акылга сыярлык сценарий болуп эсептелип калды, деп белгиленет баяндамада.
Орусия дүйнөдөгү өзөктүк тартипти түп-тамыры менен өзгөрттү: ал өзөктүк куралдын колдонулушуна тыюу салууга шек келтирди, өзөктүк тармак боюнча эл аралык милдеттенмелерин этибарга албай “жоокерчиликтүү өзөктүк өлкө делген кадыр баркын жоготту”.

Сүрөттүн булагы, CORBIS VIA GETTY IMAGES
Деген менен башка өлкөлөр да өзөктүк туруксуз абалды күчөтүп, ал тургай жаңы куралдануу жарышын башташы мүмкүн. Иран, Израиль жана Индия эл аралык өзөктүк келишимдерге кол койбосо дагы, өзөктүк курал өндүрүүгө инвестиция салууда. Ал эми Кытай өзүнүн өзөктүк арсеналын дагы да кеңейтүү менен алектенип жатат.
“Эгер Кытай өзүнүн өзөктүк арсеналын кеңейтсе же өзөктүк курал боюнча Орусия жана АКШ менен тең болууга умтулса, кансыз согуш учурундагы биополярдык ядролук тартиптен бир топ айырмаланган ядролук тартип түзүлөт” – деп айтылат баяндамада. Авторлор ошондой эле өзөктүк куралды үч тараптуу чектөө көнүмүш болгон эки тараптуу чектөөдөн алда канча туруксуз болоорун эскертишкен.
Анткен менен Украин эли 2022-жылдын ноябрындагы сурамжылоодо орус армиясы өзөктүк курал колдонсо дагы Украина алардын агрессиясына эч качан багынбай турганын баса белгилешкен.
Сурамжылоого катышкандардын 89 пайызы “Россия өзөктүк курал колдонгон күндө да Украина багынып бербеши керек” дешкен. Ал эми 93 пайыз эл согушту токтоуунун жалгыз жолу катары, Украина Крымды кошуп бардык амактарын кайтарып алуусун айтышкан.
Энергетика үчүн согуш
Орусиянын Украинага басып кириши энергетика соодасы жана Кремль менен болгон тыгыз байланышка ынанууга болот деген европалык түшүнүктүн жаңылыштыгын көрсөттү. "Негизги экспорттук рыногун жоготуп алуу коркунучу Москванын энергияны Европага каршы курал катары колдонуусуна тоскоол болгон жок" деп айтылат баяндамада.
Азырынча Европадагы газдын баасына байланыштуу көйгөйлөр Европанын Орусияга болгон басымын азайтат деген кооптонуулар ишке ашкан жок. Анткен менен социалдык нааразычылыктын күчөшү, Евробиримдиктин ичиндеги ажырым жана ички маселелерди чечүү үчүн европа элинин Украинага колдоо көрсөтүүнү кыскартуу керек деген талап чыгат деген тобокел кала берүүдө.
Энергетика көйгөйү Европага гана эмес, башка континенттерге – өзгөчө Африкага да таасирин тийгизип, энергиянын кымбатташы азык-түлүк каатчылыгына себепкер болду. Газ рыногундагы атаандаштыктан улам Пакистан менен Бангладеште капысынан энергетикалык ресурстардын тартыштыгы жаралып, массалык өчүрүүлөргө алып келди. "Күйүүчү май үчүн күрөш уланат. Бул Европа жана кирешеси төмөн өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктерди пайда кылып, Москванын агрессиясына каршы глобалдык фронттун алсыроо коркунучун жаратат",- деп баса белгиленет докладда.
Орусиясыз көп полярдуулук
Көп полярдуу дүйнөлүк тартип тууралуу суроолор Мюнхен коопсуздук конференциясы үчүн жаңылык эмес. Дүйнө лидерлери жана көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышып жаткан бул жылдык конференция; глобалдык коопсуздук маселелери боюнча башкы форум деп аталат.
2007-жылы ага Владимир Путин катышып өзүнүн белгилүү "Мюнхен сөзү" менен эсте калган. Анда ал дүйнөлүк тартип АКШнын үстөмдүк кылган пикирине гана көз каранды болбой, көп полярдуулукка муктаж экенин билдирген. Путиндин бул сөзү жаңы кансыз согушка даярдык катары кабыл алынган.
*Көп полярдуулук бул – мамлекеттердин бири-бири менен тыгыз кызматташуусу.
Былтыр Орусия акыркы 23 жылдан бери биринчи жолу согушка байланыштуу бул конференцияга катышуудан баш тартты. Быйыл да форум 17-февралда орусиялык расмий өкүлдөрсүз башталат. Алар конференцияга чакырылган эмес. Бирок оппозициячыл Михаил Ходорковский менен Гарри Каспаров Орусиядан чакырылган (экөөнү тең Орусия “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизген).
Анастасия Голубева, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы:
Мюнхен конференциясынын докладынын негизги темасы экинчи дүйнөлүк согушка чейин эле пайда болгон эл аралык мамилелердин теориясындагы классикалык талашты козгойт. Бул либералдык жана реалисттик мамилени жактагандардын ортосундагы талаш.
Эл аралык мамилелердеги реализм - жарандардын коопсуздугуна жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнө бийлик максималдуу кам көрүүгө тийиш болгон мамлекет тууралуу көз караш. Ошондуктан реалистик мамлекеттин узак мөөнөттүү союздаштары болушу мүмкүн эмес жана ал ар дайым өз бийлигин жогорулатууга умтулат. Либералдык мамиле биринчи планга айрым мамлекеттерди жана алардын кызыкчылыктарын эмес, эл аралык келишим, кызматташтык жана чектөө системаларын коёт. Мындан улам, биринчи көз караштын жактоочулары үчүн дүйнөлүк арена дайыма чыр-чатактардын, ал эми экинчилер үчүн өз ара кызматташтыктын талаасы. Мындай бөлүнүү жок дегенде дүйнөлүк тартипке карата теориялык көз караштын жаралышына алып келет.
Ошондой эле демократиялык өлкөлөр либералдык дүйнөлүк тартипти чыңдоо үчүн, ал эми автократия дүйнөлүк аренадагы өз бийлиги үчүн күрөшө турганы айдан ачык. Демократиялык мамлекеттерге аларга окшогон өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү оңой. Ошондой эле автократияны кармангандар менен улуттук кызыкчылыктар же жалпы макулдашуулар болсун – бир гана тилде сүйлөшөт. Бирок демократтар менен автократиялык мамлекеттердин ортосундагы диалог татаал. Анткени эки тараптын эл аралык мамилелер тууралуу фундаменталдуу түшүнүгү эки башка.
Ошондуктан, Германиянын өкмөтү тарабынан каржыланчуу Мюнхен конференциясы, дүйнөлүк тартипти “бузуучуларга” бул ирет дагы көңүл буруп жаткандыгы таң калыштуу деле эмес. Украинадагы согуш бул жаңжалды эң жогорку чекке чейин курчутуп, аны өзөктүк коркунучка бурду.
Ошондуктан докладда Европанын башка өлкөлөрү, алардын – батыш саясатын жактайбы же өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон орус-кытай принцибин тандайбы дегенге өзгөчө көңүл бурулган. (SA)








