АКШ Кызыл деңиздин үстүндө өзүнүн истребителин кокусунан атып алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкалык аскер күчтөрү Йемендеги хуситтердин буталарына сокку уруп жатканда өздөрүнүн истребителин атып алды. Окуя Кызыл деңиздин үстүндө болгонун АКШ маалымдады.
Америкалык командачылыктын маалыматына караганда, F/A-18 Hornet учагы согуштук кемеден учурулган ракета менен атып түшүрүлгөн. Эки учкуч катапульт ыкмасы аркылуу учуп чыгып, аман калды. Анын бири жеңил жаракат алган деп кабарланды.
"USS Harry S Truman кемесинин сокку уруу тобуна кирген USS Gettysburg ракеталык крейсери аталган кемеден учурулган F/A-18 Hornet учагын кокусунан атып алды", — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя америкалык аскерлер Йемендин борбору Санадагы хуситтердин ракета сактоочу жайына жана башкаруу борборуна бир нече жолу абадан сокку ургандан кийин болгон.
Иран колдогон Йемендин козголоңчулары учурган бир нече дронду жана кемелерге каршы ракеталарды АКШ армиясы атып түшүргөнүн кошумчалады.
Америкалык аскерлер атып түшүрүлгөн учактын хуситтерге каршы операцияга катышкан же катышпаганын билдирген жок.
"Хуситтер кемелерге сокку урууда"
АКШ командачылыгынын айтымында, хуситтер америкалык кемелерге улам сокку уруп жатат. Кызыл деңиздин түштүгүндөгү Баб аль-Мандеб кысыгында жана Аден булуңундагы соода кемелерине кол салган учурлар көп. Анын алдын алуу үчүн хуситтерге каршы чабуул жасап жатабыз, дейт АКШ армиясы.
2023-жылдын октябрында Хамас Израилдин аймагына чабуул жасап, Газа тилкесинде палестиналык топко каршы операция башталгандан кийин Израилге жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө таандык кемелерге хуситтер ракета жана дрондорду учура башташкан.
2023-жылдын ноябрь айынан бери бул чабуулдардын айынан Кызыл деңизде эки кеме чөгүп кетти. Хуситтер Израилдин өнөктөшү деп саналган өлкөлөрдүн гана кемелерин аткылап жатканын айтып келет.
Алардын аракеттерине жооп иретинде АКШ, Улуу Британия жана башка 12 мамлекет маанилүү соода жолдору өткөн Кызыл деңизде кемелерди коргоо операциясын баштады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ишембиде Израил армиясы Йеменден атылган ракетаны атып түшүрө албай калганын, ал Тель-Авивдеги паркка келип түшкөнүн билдирди. Өлкөнүн өкмөтү чабуулдан улам 16 киши жеңил жаракат алганын айтты. Дагы 14 киши бомбадан баш калкалоочу жайларга качууга аракет кылган учурда жарадар болгон.
Хуситтердин өкүлү бул сокку үндөн ылдам учкан ракета менен жасалганын ырастады.
Израил ушул аптанын башында хуситтердин буталарына бир нече сокку урду, анын ичинде Санадагы портторго жана энергетикалык инфраструктурага чабуул жасалганы кабарланды. Хусит күчтөрү соккудан тогуз киши мерт кеткенин айтууда.











