"Наполеон" фильми. Тарыхчылар тасманы эмнеге сындашууда?

Яна Литвинова, Би-Би-Си, Лондон

Наполеондун ролун Хоакин Феникс аткарды. Ал буга чейин Ридли Скотттун "Гладиатор" тасмасында Рим императору Коммоддун ролун ойногон

Сүрөттүн булагы, SONY PICTURES/APPLE ORIGINAL FILMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеондун ролун Хоакин Феникс аткарды. Ал буга чейин Ридли Скотттун "Гладиатор" тасмасында Рим императору Коммоддун ролун ойногон

Белгилүү британ режиссеру Ридли Скотттун жаңы “Наполеон” тасмасы жарыкка чыга электе эле катуу талаш-тартыштарды жараткан.

Дасыккан (башка кинолор менен катар Alien, Blade runner жана “Гладиатор” сыяктуу фильмдери менен белгилүү) кинорежиссердун ишине тарыхый дал келбестиктерден улам көптөгөн каршы пикирлер айтылды. Андан тышкары интервьюларынын биринде Скотт Наполеонду Александр Македонский, Сталин жана Гитлер менен салыштырган, бул дагы кошумча сындарды жаратты.

"Жогорку деңгээлдеги көңүл ачуубу" же "карьеранын чирип баратышыбы"?

Адегенде, англичанин Ридли Скотт француз императорун экранда чагылдырганы үчүн эмес, француздардын улуттук баатыры тууралуу кино тартууга батынганы үчүн көптөгөн француздардын көз алдында күнөөлүү болуп жатканынан баштайлы.

Корсикадагы Бонапарттын эстелиги. Эгерде Наполеон менен Гитлердин бир окшоштугун айта турган болсок, бул экөө тең өздөрүнүн мекени болбогон өлкөлөрдү башкарган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Корсикадагы Бонапарттын эстелиги. Эгерде Наполеон менен Гитлердин бир окшоштугун айта турган болсок, бул экөө тең өздөрүнүн мекени болбогон өлкөлөрдү башкарган

Эң айкын мисал – америкалык GQ эркектер журналынын англис жана француз версияларындагы эки басылманы салыштыруу.

“Наполеондун чыныгы окуясы, - деп жазат англисче макаланын автору Джек Кинг, - бул жөн гана эпикалык кездеме, анын үстүнө эң ажайып фейерверктердин ар кандай саймасын түшүрүүгө болот. Биринчиден, бул тасма бизге көптөгөн ири, укмуштуудай салгылашууларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет ... Кеп тасма тарыхый чындыкты атайылап четке какканында эмес, кеп ал бизге чаң баскан биографияны эмес - эң жогорку деңгээлдеги көңүл ачууну тартууланганында ...”

"Скотт өзү Наполеонду жан дили менен түшүнгөн эмес. Ал окуялардын хронологиясын жазуу менен алек. Ридли Скотт жакында кинонун төрт жарым сааттан ашык убакытка созулган толук версиясы (фильмди каржылаган Apple TV стриминг платформасында – ред.) чыгат деп убада кылган. Бирок ал деле бул кинонун кемтиктерин түзөй албайт. Бул фильм кинематографиялык окуяга окшош болгону менен, "Blade Runner’ди" жараткан автордун чыгармачыл карьерасынын чирип баратканынын кезектеги эпизоду.” – деп, француз макаласынын автору Адам Санчес каршы пикирин билдирди.

Бирок Санчес мындай оор мүнөздөмө менен чектелип калбады.

Ал ошондой эле Скотту француз жоокерлери Тулонду курчоого алуу учурунда (1793) “Vive la France!” (Жашасын Франция!) деп американ акценти менен кыйкырганы үчүн жемелейт. Ошондой эле режиссер “Тахар Рахимди (Пол де Баррастын ролун аткарган француз-алжирдик актёр) Шекспирдин тилинде сүйлөткөнүн” айткан.

Хоакин Феникстин императорду ойногон биринчи ролу. Скотт Коммодун ролун Хоакин Феникс гана ойношу үчүн продюсерлер менен катуу тартышкан деп айтылып журөт

Сүрөттүн булагы, ALAMY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хоакин Феникстин императорду ойногон биринчи ролу. Скотт Коммодун ролун Хоакин Феникс гана ойношу үчүн продюсерлер менен катуу тартышкан деп айтылып журөт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Хоакин Феникс "Гладиатор" тасмасында Рим императору Коммоддун ролун ойногондо англисче кандай сүйлөгөн болсо, Наполеондун ролунда деле дал ошол тилде сүйлөгөнүнө көп көңүл бурбай эле коелу. Менин билишимче, Рим императорунун англисче сүйлөгөнү убагында француздарды да, башка сынчыларды да тынчсыздандырган эмес.

“Бонапарт” аттуу монументалдык тарыхый эмгектин автору, Француз тарыхчысы Патрис Ганиффи да "англисче сүйлөгөн императорду" жана анын "бардык жерден көрүнө берген" биринчи жубайы Жозефинаны сынга алган. Le Point журналына берген интервьюсунда ал бул тасма "британиялыктардын пайдасына жана француздарга каршы абдан бурмаланганын" белгиледи.

"Бул тасманы англиялык тартканынын далили - андагы эң ийгиликтүү сценалар Ватерлоо салгылашуусу жана Веллингтондун өч алуусу", - дейт Ганиффи.

Ватерлоо салгылашуусунда (1815-жылдын 18-июнь) жети өлкөнүн коалициясынын аскерлери Наполеондун аскерлерин тып тыйпыл кылып талкалашкан. Союздаш аскерлердин олуттуу бөлүгүн Бириккен Королдуктун, Нидерландиянын, Ганновер королдугунун, Бруншвеик герцогдугунун жана Нассау герцогдугунун бириккен күчтөрү түзгөн. Аларды Веллингтондун армиясы деп аташкан.

“Ле Фигаро” гезитинде Этьен Сорин бул тасма “жөн гана күңүрт жана империялык мелодрама” экенин айтып, Скотт өзүнүн фильмин “Наполеон жана Жозефина” (Франция императорунун биринчи аялынын ролун Ванесса Кирби ойнойт) деп айтууга батынбагандыгын кошумчалады. Анткени, Этьен Сориндин айтымында, бүткүл сюжет улам согуштук көрүнүштөр менен алмашып турган Наполеон менен Жозефинанын татаал мамилелерине негизделген.

Скотт мындай сынга кандай жооп берди? "Француздар керек болсо өздөрүн өздөрү жактырбайт. Мен бул тасманы Парижде көрсөттүм (дүйнөлүк премьерасы 14-ноябрда Франциянын борборунда өткөн – ред.), алар абдан кубануу менен кабыл алышты,” - деди режиссёр Би-Би-Сиге.

Жалпысынан Ла-Манш каналынын аркы өйүзүндөгү сынды англиялык журналист Джонатан Миллердин бир фразасы менен жыйынтыктоого болот: “Англосаксондор Француздардын улуттук баатырын чагылдырганына алар кантип эле оң баа бермек эле”.

Тарыхый дал келбестиктер: "Көргөн кишиге - укмуш, тарыхый жактан – жараксыз."

Наполеон жана Жозефина Богарне (Хоакин Феникс жана Ванесса Кирби). Кирби императордун биринчи аялы менен болгон мамилесин “салттуу эмес” деп тапканын айтты

Сүрөттүн булагы, SONY PICTURES/APPLE ORIGINAL FILMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон жана Жозефина Богарне (Хоакин Феникс жана Ванесса Кирби). Кирби императордун биринчи аялы менен болгон мамилесин “салттуу эмес” деп тапканын айтты

Тарыхый тасмалардын режиссёрлору менен сценаристтери чындыкты карманышы керекпи деген маселеде эки карама-каршы көз караш бар.

Биринчиси, коомчулуктун басымдуу бөлүгү билимди тарыхый чыгармалардан эмес, көркөм тасмалардан алат, ошондуктан ага жалган маалымат берилбеши керек дешет. Экинчиси, элдин көбү келесоо эмес, андыктан сценарист, режиссёр көркөм эффект үчүн чындыктан тайса аны эл түшүнөт, ошон үчүн каалаганыңды тарт, эл өзү талдап алат дегендер.

Ридли Скотт өзү британиялык The Sunday Times гезитине берген интервьюсунда анын Наполеон жөнүндөгү тасмасындагы тарыхый так эместиктерге тынчсыздангандар “пайдалуу бир нерсе жасаса” жакшыраак болорун айтты.

“Тарыхчылар мага каршы чыкканда, мен алардан: “Угуп тургула, силер өзүңөр ошол кезде бар белеңер?” — деп сурайм. “Жок белеңер? Анда оозуңарды жапкыла!” – деп айтам” деп билдирди. Чынында, тажрыйбалуу кинорежиссер бул жерде бир аз башкача сөздү колдонгон, бирок анын ордуна үч чекит коюуга туура келмек.

Наполеон, албетте, пирамидаларды аткылаган эмес. Ошентсе да, Венецияны басып алгандан кийин атактуу Ыйык Марктын квадригасын Францияга алып чыгып кеткен. Бирок ал 1815-жылдан кийин кайра кайтарылган

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES/MEMENTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон, албетте, пирамидаларды аткылаган эмес. Ошентсе да, Венецияны басып алгандан кийин атактуу Ыйык Марктын квадригасын Францияга алып чыгып кеткен. Бирок ал 1815-жылдан кийин кайра кайтарылган

Тарыхый каталарды француз гана эмес, англис эксперттери да баса белгилешет:

Наполеон каныша Мария-Антуанеттаны өлүм жазасына тартууга катышкан эмес, каныша болсо секиге чачын жайып алып чыкпаган, анткени гильотинага жаткырардын алдында башкалардай эле, анын да чачын кыркып салышкан.

Наполеон өз аскерлерине Египет пирамидаларын атууга буйрук берген эмес. Ал эми атактуу Сфинкстин жүзүнүн негизги көрүнүшү 19-кылымга чейин эле бузулган болчу.

Эң аягында көрүүчүлөргө сунушталган наполеондук согуштарда каза болгон адамдардын тизмеси көбүнесе апыртылган.

Веллингтон менен чыккан дал келбестик

Өзүнчө маселе: чындыгында Наполеон менен Веллингтон Плимут портунда кулатылган императорду Ыйык Еленадагы акыркы сүргүнгө жеткирген “Беллерофон” кемесинде жолуккан эмес.

Эки аскер башчы эч качан бетме-бет жолугушпаган. Алар болгону согушуп жаткан аскерлерге түздөн-түз кол башчылык кылып Ватерлоо салгылашында болушкан. Мындан тышкары, Веллингтон Наполеонго сый көрсөтүп, "согуш талаасында ал жалгыз өзү 40 миң кишиге татыйт" деп айткан.

Наполеон өмурүнүн акыркы жылдарын Ыйык Елена аралында өткөргөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон өмурүнүн акыркы жылдарын Ыйык Елена аралында өткөргөн

Белгилүү англиялык тарыхчы, эки аскер башчысына арналган “Наполеон жана Веллингтон” аттуу китептин автору Эндрю Робертс Ватерлоодон кийин Наполеонду өлүм жазасынан герцог Веллингтон сактап калганы менен, Наполеон бул үчүн ага ыраазы болбогонун белгилеген. Ал тургай Наполеон өзүнүн мурас-кагазында Веллингтондун өмүрүнө кол салууга аракет кылган адамга акча калтырган.

Веллингтон болсо өз кезегинде Наполеонго таандык буюмдардын эбегейсиз коллекциясын чогултуп, императордун эки ойношу менен жатып, аскердик атаандашынан өч алгандай болгон.

Бирок Веллингтон (өз аялын кошпогондо) жалпысынан аялдарды жакшы көрчү жана анын ашыктык оюн-зоокторунда саясий өч кандайдыр бир роль ойногондугун айтуу кыйын.

Наполеондун эмгеги

Эндрю Робертс The Times гезитине берген маегинде аны абдан кыжырданткан нерсе Ридли Скотттун стереотиптердин кеңири жайылышына жол бергени эмес, режиссёр жана сценарист француз коомун толугу менен өзгөрткөн императордун эбегейсиз эмгегин таптакыр этибарга албаганы деп белгиледи.

Наполеон француздар арасында чындап эле популярдуу болгон, бирок тасмада эмне үчүн андай болгону түшүндүрүлгөн эмес.

Париждеги Франция банкынын баш кеңсесинин балконундагы Европанын жана Франциянын желектери. Революциядан кийин Наполеон көптөгөн башка өзгөрүүлөр менен катар өлкөнүн жаңы банк системасын да түзгөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Париждеги Франция банкынын баш кеңсесинин балконундагы Европанын жана Франциянын желектери. Революциядан кийин Наполеон көптөгөн башка өзгөрүүлөр менен катар өлкөнүн жаңы банк системасын да түзгөн

Ал, фильмде “француз мыйзамдарын кайра уюштуруу, финансылык реформалар, мыйзамдуулук жана (революциядан кийинки) тартипти калыбына келтирүү, католик чиркөөсү менен макулдашуу тууралуу таптакыр айтылбай калган” деп белгилейт (католицизм француздардын көпчүлүгүнүн негизги дини катары таанылган, бирок дин тутуу эркиндиги сакталып, дин кызматчылары мамлекет тарабынан дайындалып жана акы төлөнүп, чиркөө революция учурунда конфискацияланган мүлктөн баш таркан). Андан тышкары инфраструктуралык долбоорлор, жаңы билим берүү системасы, меритократиялык социалдык өнүгүү жана Франция банкын түзүү сыяктуу өзгөрүүлөр көз жаздымда калганы айтылат.

“Императордун даражасы аялына тамак ыргыткан, кызматчылардын көзүнчө аялы менен үстөлдүн астында жыныстык катнашта болгон жана үй ичинде баш кийимин дээрлик чечпеген адамдын образына чейин түшүрүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Александр Македонский, Наполеон, Гитлер жана Сталин

Наполеондун бейитиндеги мүрзө ташы Карелиядан алынып келинген кызыл кварциттен жасалган. Лениндин мавзолейин курууда да ошол кварцит пайдаланылган

Сүрөттүн булагы, HULTON ARCHIVE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеондун бейитиндеги мүрзө ташы Карелиядан алынып келинген кызыл кварциттен жасалган. Лениндин мавзолейин курууда да ошол кварцит пайдаланылган

Ридли Скотт Наполеонду чындап эле желмогуз деп эсептейби, же жөн эле коомчулуктун бир бөлүгүнүн кыжырын келтирип, экинчисинин суктануусун атайылап жаратып, тасмага кошумча реклама кылып жатабы, муну айтуу кыйын.

Ал буга чейин да ушундай иштерди жасаган, бекеринен кээ бир журналисттер бул режиссёрду интервью алганга эң сонун адам деп эсептешпейт. Ага жөн эле суроо берип коюп, анан жай отуруп эс алып, ырахаттанса болот. Guardian гезитинин баяндамачысы Стюарт Геритидж бир жолу Скотт менен маектешүүдөн кийин "менин (кесиптик) жашоомдо эч качан мынчалык кызыктуу маек болгон эмес" деп айткан.

Скотт чындап эле эч кандай арам ою жок эле өз көз карашын билдирген болушу мүмкүн, бирок ал Empire журналына берген маегинде кескин түрдө буларды айткан: “Мен (Наполеонду) Александр Македонский, Адольф Гитлер, Сталин менен салыштырам. Карагылачы, тарыхта ага байланышткан көптөгөн жагымсыз иштер бар”, - деди режиссер, француздардын улуттук баатыры жана сыймыгы жөнүндө сүйлөп жатып.

Биринчи суроо: Александр Македонскийди Гитлер жана Сталин менен бир катарга кою канчалык туура?

Менин оюмча бул сандырак сөз. Александр Македонский тарыхчыларга белгилүү болгондой, өзүнүн элин же башка калктарды геноцид кылган эмес. Ал перстердин баш калаасын өрттөп жибергени менен, муну атайылап жасабаганы айтылып жүрөт.

Макул, байыркы тарыхты Ридли Скотттун абийирине калтырып, анчалык алыс эмес тарыхка кайрылалы.

Адольф Гитлер (ак кийимчен) жана аны коштогон адамдар Наполеондун мүрзөсүн көрүүгө келген учуру. Маркум императордун аброю үчүн мындан жаман нерсени элестетүү мүмкүн эмес эле

Сүрөттүн булагы, SONY PICTURES/APPLE ORIGINAL FILMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгерде Александр, Гитлер, Сталин жана Наполеон баштаган согуштардын саны жагынан жакын экенин эске алсак, анда хун Атилла менен Чыңгызханды да булардын катарына кошуу керек. Тизме абдан узун болуп кетиши мүмкүн

1940-жылы 23-июнда Адольф Гитлер немис аскерлери басып алган Парижге келгенде Наполеондун көзү өткөндөн кийинки репутациясына олуттуу доо кеткен. Гитлер көпкө чейин императордун кызыл саркофагын тиктеп, анын мүрзөсүнүн жанында турган.

Баса, тарыхый параллелдер тууралуу айта турган болсок, бул саркофаг Лениндин мавзолейин кооздоодо да колдонулган Карелиядан алынган кызыл кварциттен жасалганын эстебей коюу уят. Кыязы, бул факт Скотт үчүн белгисиз бойдон калган, антпесе дүйнөлүк кара ниеттердин тизмесине дагы бир ысым кошулмак.

Кандай болгон күндө да фюрердин сапарынан кийин коомдук аң-сезимде 19-кылымдагы француз императорунун тагдырын 20-кылымдагы немис диктатору менен бириктирген дагы бир стереотип пайда болду.

Экөө тең өздөрү башкарган өлкөлөрдөн бөлөк жактарда төрөлүп, экөө тең бүткүл Европаны багындырууну көздөшкөн, экөө тең согуш талаасындагы алгачкы ийгиликтерден кийин Москванын алдында жеңилип калышты, экөө тең Британ аралдарын басып алууну көздөшкөн, бирок эч качан ал планын ишке ашырган эмес. Акырында, экөө тең аларга каршы бириккен союздаш аскерлер тарабынан талкаланган.

Адольф Гитлер (ак кийимчен) жана аны коштогон адамдар Наполеондун мүрзөсүн көрүүгө келген учуру. Маркум императордун аброю үчүн мындан жаман нерсени элестетүү мүмкүн эмес эле

Сүрөттүн булагы, HULTON ARCHIVE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адольф Гитлер (ак кийимчен) жана аны коштогон адамдар Наполеондун мүрзөсүн көрүүгө келген учуру. Маркум императордун аброю үчүн мындан жаман нерсени элестетүү мүмкүн эмес эле

Бирок ошол эле логика менен Наполеонду Уинстон Черчилл менен бир катарга коюуга болот.

Экөө тең өз карьерасын армияда башташты, экөө тең саясий жана аскердик карьерасынын башында олуттуу жеңиштерге жетишти: Наполеон - 1793-жылы Тулондун жанында, Черчилль - 1898-жылы Омдурмандын жанында.

Наполеон 26 жашында Франциянын ички армиясынын командачылыгын алган, 30 жашында төңкөрүш жасаган биринчи консул болгон жана 1804-жылы 35 жашында эле император болуп жарыяланган. Черчилль 34 жашында министрлер кабинетинин башчысы болуп калды, ал эми 40 жашында, Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышында, ал Адмиралтействонун биринчи лордуна айланды, ошол убакта дүйнөдөгү эң чоң флот анын жетекчилиги астында болгон.

Бирок окшоштуктар ушуну менен бүтөт, анткени Черчиллдин карьерасы бир канча убакытка үзгүлтүккө учурап, ошондон кийин ал саясатка кайтып келип, премьер-министр болууга жетишкен, анын башкаруусунда Улуу Британия Экинчи Дүйнөлүк Согуштун жеңүүчүлөрүнүн бири болгон. Ал эми Наполеон Ватерлоодо акыркы жеңилүү ызасын тартканга чейин такай жеңишке жетип турган.

Балким тиран болгондур, ошентсе да, желмогуз болгон эмес

Наполеон, режиссёр, Жозефина (Феникс, Скотт, Кирби) 14-ноябрда Париждеги тасманын бет ачарында

Сүрөттүн булагы, APPLE ORIGINAL FILMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон, режиссёр, Жозефина (Феникс, Скотт, Кирби) 14-ноябрда Париждеги тасманын бет ачарында

Белгилей кетсек, Наполеонду Гитлер менен салыштыруу Ла-Манш каналынын эки тарабындагы тарыхчылардын жана сынчылардын басымдуу көпчүлүгүнө жакпай калган.

Наполеон фондунун илимий директору Пьер Бранд Telegraph гезитине берген маегинде Наполеонду кандуу диктатор катары көрсөтүү менен Скотт анын олуттуу жетишкендиктерин таптакыр көз жаздымда калтырганын билдирди. “Гитлер менен Сталин эч нерсе курушкан жок, алар кыйратышты (Гитлер менен Сталин өз өлкөлөрүндө ишке ашырган ири инфраструктуралык долбоорлорду эске алганда, бул билдирүү бир аз туура эмес). Наполеонду кандуу диктатор катары көрсөтүп жатып, Скотт анын жетишкендиктери тууралуу такыр унчукпайт”.

Наполеон фондунун директору Тьерри Ленц: “Наполеон Францияны же Европаны талкалаган жок. Кийинчерек анын мурасы ага каршы болгон өлкөлөрдө да кабыл алынып, даңкталган.”

Француз журналисти Анн-Элизабет Муте Би-Би-Синин маданият баяндамачысы Нил Армстрог менен маек курду. Ал ошондой эле Наполеонду Гитлер менен да, Сталин менен да салыштырууга болбойт дегенге кошулат: “Анын концлагерлери болгон эмес, ал бүтүндөй элдерди өлүм жазасына тарткан эмес. Ооба, анын астында саясий полиция бар болчу, бирок карапайым эл каалагандай жашап, каалаганын айта алчу.”

Кинооператор Дариуш Вольски Жозефинанын таажы кийүү салтанатын чагылдыруу үчүн Скотт Делакруанын француз тарыхындагы ошол учурду тарткан сүрөтүн колдонгонун айтты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кинооператор Дариуш Вольски Жозефинанын таажы кийүү салтанатын чагылдыруу үчүн Скотт Делакруанын француз тарыхындагы ошол учурду тарткан сүрөтүн колдонгонун айтты
Тасмадагы Жозефинанын таажы кийүү салтанаты

Сүрөттүн булагы, SONY PICTURES/APPLE ORIGINAL FILMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тасмадагы Жозефинанын таажы кийүү салтанаты

Бирок, Чарльз Эсдейл, Ливерпуль университетинин тарых боюнча ардактуу профессору жана Наполеон жөнүндө бир нече китептердин, анын ичинде Наполеондук согуштар: 1803–15-жылдардагы эл аралык тарыхтын автору, француз императоруна бир аз башкача көз караш менен карайт.

"Бул адам жеке амбициясына жетеленген жана таптакыр ырайымсыз болгон. Ал көптөгөн кемчиликтери бар, жийиркеничтүү адам болгон, бирок анын нацисттик режимге таянган расалык идеологиясы болгон эмес. Аны Гитлер менен Сталинге салыштыруу – тарыхый сандырак,” - деди ал Би-Би-Сиге берген маегинде.

Сынчылар, көрүүчүлөр жана, албетте, тарыхчылар Ридли Скоттун тасмасы боюнча акыркы сөзүн айта элек болсо керек, бирок алар бир пикирге келе алышпайт көрүнөт.

Наполеон Бонапарт, Антуан-Жан Гростун "Наполеон Аркол көпүрөсүндө" аттуу картинасынын фрагменти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон Бонапарт, Антуан-Жан Гростун "Наполеон Аркол көпүрөсүндө" аттуу картинасынын фрагменти

Тасманын башкы актёру Хоакин Феникстин айтымында, "Эгер Наполеонду чындап түшүнгүңүз келсе, өзүңүз да изилдеп, окуп көрүшүңүз керек болот".

“Бул тасма Ридлинин көзү менен тартылган окуя. Өтө татаал окуя. Биз бул адамдын сезимдерин жеткирүүгө аракет кылдык.”-деди актёр Empire журналына берген маегинде.

Бирок тарыхый бурмалоого каршы чыккандардын да өз чындыгы бар.

“Эгер биз тарыхый чындыкты коргобосок, анда адамдар Экинчи дүйнөлүк согушту америкалыктар өздөрү жалгыз жеңди деп ойлогон кырдаал менен жашашыбыз керек болот”, - деген ойдо, Британиялык жазуучу жана журналист Алек Марш.

“Алар Наполеондун аскерлери пирамидаларды аткылаганына же Ричард III психопатиялык киши өлтүргүч болгонуна чындап эле ишенип алышат. Демек, тарыхый драмадагы фактылардын тактыгын талап кылуу — педантизм эмес, принципиалдуу маселе. Болбосо, чыныгы тарыхыбыз көз жаздымда калып, жоголуп кетет, аны менен кошо биз дагы жоголобуз”.

Ал эми тасманын айланасында ушундай талаш-тартыштар чыга электе эле жаралган болсо, прокатта чоң ийгилик жаратары анык болуп калды көрүнөт.