Зордуктоо үчүн 16 жыл түрмөгө кесилген кишиден аны учурунда айыптаган жазуучу кечирим сурады

Америкалык белгилүү жазуучу Элис Сиболд "Бактылуу" романында өзүнүн зордукталганы тууралуу жазган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык белгилүү жазуучу Элис Сиболд "Бактылуу" романында өзүнүн зордукталганы тууралуу жазган

Америкалык жазуучу Элис Сиболд учурунда аны зордуктоого айыптап, сот тарабынан күүнөөлү деп табылып, 16 жыл түрмөдө отуруп чыккан, күнөөсү жок кишиден кечирим сурады.

1981-жылы Сиболд Нью-Йорк штатындагы университеттин биринде окуп жүргөн кезде зордукталган. Бул окуялар тууралуу ал 1999-жылы чыккан Lucky романында кеңири айтып берет.

Окуядан бир нече ай өткөндөн кийин Сиболд көчөдөн өзүн зордуктаган кишини көрүп калат. Ал афро-америкалык Энтони Бродуотер болчу, ал дароо камакка алынган.

Полиция мекемесинде шектүүлөр менен жолугуу учурунда Сиболд башка кишини көрсөткөнүнө карабастан, Энтони Бродуотерди күнөөлүү деп табышкан. Ал абакта он алты жыл жатып, 1998-жылы эркиндикке чыккан. Анын аты-жөнү сексуалдык мүнөздөгү кылмыш кылган адам катары кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген.

22-ноябрда сот иш кайра каралып, Энтони Бродуотер акталды. Кече “Бактылууну” чыгарган басмакана романдын сатылышын убактылуу токтотуп, аны Сиболд менен бирге өзгөртүү жагын карап жатканы белгилүү болду.

Катачылык кантип табылды?

Энтони Бродуотердин сот системасынын курмандыгы болгону “Бактылуу” романын экрандаштыруу ишинде белгилүү болду. Тасманын аткаруучу продюсери Тимоти Мучанте кылмыш ишиндеги бири-бирине туура келбеген жагдайларды байкаган. Мучанте жеке детектив жалдап, бул ишти иликтеп баштаган.

"Канчалык кечирим сурабайын, эми бул эч нерсени өзгөртө албайт"

Сүрөттүн булагы, CORBIS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Канчалык кечирим сурабайын, эми бул эч нерсени өзгөртө албайт"

“Сот адилеттиги жагынан алып караганда, айрым жагдайлар мага башкача көрүндү. Элис шектүүлөрдүн арасынан Бродуотерди көрсөтпөсө дагы, аны камап салышканы кызык”, - деди Би-Би-Сиге Мучанте.

Мучанте кино тартуучу топтун башка мүчөлөрүнө өзүнүн бүдөмүк ойлору менен бөлүшкөн. Бирок алар китеп юристтердин текшерүүсүнөн өткөнүн айтып тим болушкан.

“Июнь айында фильм менен иштегенди токтоттум, бир жума өткөн соң жеке детективге байланыштым. Биз экөөбүз тең зордуктоого тиешеси жок күнөөсүз кишинин камалып чыкканын түшүндүк. Мен Элистин кечирим сураганын окудум. Ушунча жыл кыйналып, абакта отуруп чыкканына карабай Энтони Элисти кечиргенине алкыш айтам. Ал абдан жакшы адам”, - дейт Мучанте.

“Мени зордуктаган киши эч качан табылбайт”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бродуотер өзүнүн акталганын угуп, ыйлап жибергенин Associated Press маалымат агенттиги жазды. Азыр ал кыйла жеңилдеп калыптыр.

Мучанте “бул чоң трагедия – Элис кара өзгөй кол салууга кабылганы үчүн гана эмес”. “Бул 16 жыл түрмөдө отурган жана 23 жыл сексуалдык кылмышкерлердин тизмесине кирип турган Энтонои Бродуотерге дагы метафоралык кол салуу болгон”, - деп эсептейт.

Элис Сиболд акыркы сегиз жыл ичинде Бродуотердин камалганын ойлоп жашап жүргөнүн айтат. “Адилетсиздиктин айынан абакта өткөргөн узун жылдарыңыз үчүн мен абдан өкүнөм. Канчалык кечирим сурабайын, эми бул эч нерсени өзгөртө албайт. Ал эми чыныгы кылмышкер эч качан кармалбаса керек. Балким ал менден башка аялдарды дагы зордуктаса керек. Ал ошентип өз жазасын албай калды”- дейт Элис Сиболд.

Элистин “Бактылуу” романынын дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашык нускасы сатылган. 2002-жылы The Lovely Bones романы жазылып, анын негизинде Питер Жексон жараткан тасма “Оскар” номинациясын алган. (ErA)