АКШдагы президенттик шайлоо – 2024: Эми Трамптын тиши өтпөчүдөй

Трамп өзүнүн президент болгусу келгенин дүйнө жүзүнө шардана кылуу үчүн эскалатордон түшүп келе жатты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тээ 2015-жыл... Трамп өзүнүн президент болгусу келгенин дүйнө жүзүнө шардана кылуу үчүн эскалатордон түшүп келе жатты
    • Author, Энтони Зуркер
    • Role, Би-Би-Си, Вашингтон

Дональд Трамп президенттикке талапкер болуу мүдөөсүн көздөп, үчүнчү ирет аракет кылаарын жарыялады. Бул окуя – мурдагы америкалык лидерлердин шайлоодо утулуп калгандан кийин Ак үйдөгү жогорку орунду кайра ээлөөгө далаалат кылышынын өтө сейрек кездешүүчү учуру.

Анын бир саатка созулган жалындуу сөзү президент кезиндеги жетишкендиктери жөнүндө мактануусу жана Жо Байдендин кызматтагы алгачкы эки жылындагы иш-аракетин аёосуз сынга алуусу менен ширелди.

Трамптын күчтүү жактары – иммиграция жана кылмыштуулук сыяктуу катардагы консерваторлорду кызыктырган маселелер жаатын козгоодогу теңдешсиз жөндөмү, анын жаңылыктардагы ордун камсыздап, атаандаштарынан калк назарын өзүнө буруп ала турган күтүүсүз жана чагымчыл ыкмасы – айдан ачык эле болчу.

Анын ишенимдүү жактоочуларынын белгилүү бир катмары бар жана ал демейде анчейин жигердүү эмес болуп келген америкалыктарды добуш берүүгө шыктандырууга жөндөмдүү. Ал эми Трамп төрт жыл бийликте тургандан кийин, бул колдоочуларынын көбү Республикачылар партиясында жетекчилик кызматтарды ээлеп калышкан.

Бирок Трамптын чыгып сүйлөөсү анын башкы чабал жактарын да ашкерелеп койду.

Ал коронавирус пандемиясы учурундагы кыйынчылыктар жана өз калпыстыктары жөнүндө эч үн катпай койду. Андан тышкары Трамп акыры-түбү өз жактоочуларынын тобунун 2021-жылдын 6-январында Капитолийге кол салуусу менен аяктаган 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзү четке каккан айларды эске түшүрүү үчүн таптакыр убара болуп отурбады.

Ал Республикачылар партиясынын жакында болуп өткөн орто аралыктык шайлоолордогу начар көрсөткүчтөрүн коргоого аракет кылды. Бул шайлоодо утулуп калган өз таламдаштарын актоо далаалатынын айынан ал партиянын ичиндеги өзүнө карата сын пикирлерди күчөтүп алды.

Трамп жөн гана "жөнөкөй талапкер" болуу үчүн эмес, миллиондогон калайыктын кыймылын – өзүнө таандык кыймылды, өз кишилерин жана өз шайлоо өнөктүгүн жетектөө милдетин аркалоо үчүн талапкерликке аттанып жаткандыгын шардана кылды.

Бул кыймыл Трамп мырзага алты жыл мурда президенттикке шайланууга мүмкүн кылган болчу, бирок анын Ак үйгө талапкерлиги бул жолу аныи өзүн алда канча олуттуу түйшүктөргө кириптер кылат деп ишенүүгө негиз бар.

Эми ал көйгөйлөргө чет-четинен токтоло кетели.

1. "Куйругунда калбыры" бар талапкер

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сегиз жыл мурда Трамп саясатта эч кандай тажрыйбасы жок таза барак менен шайлоого аттанган. Бул жагдай шайлоочуларга өз үмүттөрүн жана мүдөөлөрүн ага артууга мүмкүндүк берген. Мурдагы кайсы бир кемчиликтери үчүн сындан коркпостон, мындай саясатчы өтө зор убадаларды оңду-солду бере алмак.

Эми бардык жагдайлар өзгөрдү. Трамптын президенттиги маалында (2017–2021-жж.) өлкөдөгү салыктарды кыскартуу жана жазык сот системасын реформалоо сыяктуу бир катар олуттуу жетишкендиктер менен катар эле олуттуу кемчиликтер да орун алган болчу.

Республикачылар андан Демократиялык партиянын саламаттыкты сактоо реформасын жокко чыгара албагандыгы жана инфратүзүмдү каржылоо боюнча өз убадаларын аткара албагандыгы үчүн өч алуусу ажеп эмес. Мындан тышкары, анын коронавирус пандемиясы учурундагы калпыс саясаты аны бир эле учурда бир нече өңүттөн аёосуз сынга алууга жол ачат.

Демократтар Трамптын пандемия маалындагы башкаруусун жетишерлик катаал эмес болду деп көптөн бери сындап келишкен, ал эми кээ бир оңчулдар ал пандемиянын кесепеттерин жумшартуу үчүн өкмөттүн чараларын сунуштоодо, тескерисинче, ашынып кеткен деп санашат.

2. 6-январдагы окуялардын көлөкөсү

Трамп өзүнүн мурдагы президенттик тажрыйбасына таянуу менен эле байсалдуулукка жетише албайт. Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн аягында жасаган иш-аракеттери жана 2021-жылдын 6-январында Капитолийге кол салуудагы өз ролу үчүн актанууга аргасыз болот.

Трамптын Капитолийге чабуул жасап, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жүрүмүн убактылуу бөгөттөөгө жетишкен жактоочулары көздөн жаш агызуучу газдын туманына жамынып, анын портреттерин ары-бери булгалап жаткан учурлар сүрөт жана видео тасмаларда чагылдырылып калган жана бул кадрлар оңой-олтоң унуткарылбай тургандыгы анык.

Соңку учурлардагы АКШдагы орто аралыктык парламенттик шайлоо ошол 2021-жылдын башындагы күндөрдөгү окуялар жана Трамптын ага чейинки бир нече апталар ичиндеги чыгып сүйлөөлөрү менен иш-аракеттери дагы эле шайлоочуларга таасир тийгизип жатышкандыгын айгинеледи.

Трамптын 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартуусун чечкиндүү колдогон республикачылардын көбү орто аралыктык шайлоодо жеңилүү ызасын тартышты. Ал эми алардын кыйла чоң бөлүгү президенттик шайлоонун жыйынтыгын танган турумду жактабаган башка республикачыларга утулуп калды.

3. Соттук баш оору

Сыягы, Трамптын президенттикке талапкер катары кайрадан умтулуусу үчүн ушунчалык ынтызар болушунун себептеринин бири – ага каршы козголгон көптөгөн кылмыштык доолор менен жарандык айыптоолор менен байланыштуу болсо керек. Эгерде ал шайлоого талапкер катары катышчу болсо, анда ал өзүнө каршы доолорду азыркы бийликтин саясий өч алуу аракети катары коомчулукка сыпатташы ажеп эмес.

Балким, бул жагдай анын пиары (өзүн калайыкка үгүт аркылуу даңазалашы) үчүн алгылыктуу болушу мүмкүн, бирок мыйзамдын алкагынан алганда, бул доолордун коркунучу чынында да олуттуу мааниге ээ.

Учурда Трамп Жоржия штатындагы шайлоону бурмалоо боюнча кылмыштык доодон, анын Нью-Йорктогу ишкердик империясына каршы жарандык доо арыздан, жыныстык зомбулук боюнча айыптоолорго байланыштуу жалган жалаа доосунан жана эки маселе боюнча (бири – жактоочуларынын Капитолийге кол салган учурундагы президент катары шыкактады делген ролу, экинчиси – анын Ак үйдөн көчүп кеткенден кийин жашыруун сырдуу саналган материалдарга карата туруму) федералдык тергөөдөн өзүн актап чыгуу үчүн алпурушуп келет.

Бул иликтөөлөрдүн кайсынысы болбосун Трампты кеңири өлчөмдөгү соттук териштирүүгө дуушар кылышы ыктымал; ал эми мындай соттук жүрүмдөр басма сөздө башкы темага айланмакчы жана, бери дегенде убактылуу болсо да, Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн айрым долбоорлоруна кедерги тийгизиши ажеп эмес.

4. Алда канча кубаттуу атаандаш

Сегиз жыл мурда республикачылар өз талапкерин шайлаганда, Трамптын атаандашы – Жеб Буш болчу. Ал – консерваторлордун көбүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон саясатчы эле жана Флорида штатынын губернатору болчу. Иш жүзүндө, ал чыныгы эмес, кагаз бетиндеги жолборс болуп чыкты.

Трамп менен Десантис сахнада бири-бирине жылмайып, кол кысышууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Десантис сахнада бири-бирине жылмайып, кол кысышууда

Жапырт жүргөн шайлоо өнөктүгү менен даңазалуу тегатка ээ болуу – жеңишти камсыздоо үчүн жетишсиз болуп чыкты. Жеб Буш иммиграция жана билим берүү тармактары жаатында республикачылардын күткөн мүдөөсүн таба албай калды. Ал эми “Буш” тегаты республикачылар партиясынын ичинде мурдагыдай жогорку беделди камсыз кылууга кудуретсиз болуп чыкты.

Эгерде Трамп 2024-жылдагы шайлоого талапкер катары көрсөтүлчү болсо, анда ал Флорида штатынын губернатору менен кайрадан беттешип калышы мүмкүн. Бирок эми штаттын 2019-жылдан берки губернатору – 1978-жылы туулган Рон Десантис мырза. 2022-жылы ал орто аралыктык губернатордук шайлоодо укмуштуудай айырма менен жеңип чыкты. Бул жеңиш анын негизги электорат менен жакшы байланышта экенин жана анын муктаждыктары менен алектенүүгө дилгирлигин айгинелеп турат.

Албетте, Десантис мырза жалпы улуттук чөйрөдө сынала элек болсо да, анын саясий жылдызы алда канча бийиктеп кеткендиги айдан ачык.

Деги Десантис президенттик шайлоого талапкер катары катышабы же республикачылардын жарышына башка бирөө кошулабы, азырынча белгисиз.

Трампка экинчи мүмкүнчүлүк бергиси келбеген партия мүчөлөрү үчүн Флорида штатынын губернатору Десантис мунасалык талапкер болушу деле мүмкүн.

Мындай учурда республикачыл шайлоочуларда Трампты ал өз талапкерлигин биротоло көрсөтө электе токтотуп салуу мүмкүнчүлүгүн арттыра турган жөнөкөй “ооба” же “жок” деп тандап алуу удулу бар.

5. Кеңири таанымалдыктын мүшкүлү

Трамп шайлоого катышууга ниет кылып жаткандыгын жарыялаардан саал мурдараак республикачылардын бир тобу Айова жана Нью-Гемпшир штаттарында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын шардана кылышты. Бул сурамжылоо тыянагына караганда, Трамп кош сандуу көрсөткүчтөгү добуш аркылуу Десантистен артта калган.

Бул штаттар республикачыл талапкерди тандоо жүрүмүндө добуш берүүгө биринчилерден болуп киришет.

Десантис ошондой эле Флоридада 26 республикачыл добушту утуп алды, ал эми быйыл декабрда штаттын сенатор өкүлүн шайлай турган Жоржия штатында болсо 20 добушту жеңип алууга жетишти.

Бул штаттардын баарында тең Трамптын жактоочуларынын көрсөткүчү мурдагы сурамжылоолордогуга караганда алда канча төмөн болуп чыкты.

Ал эми орто аралыктык шайлоолордун жыйынтыгы айгинелегендей, Трамп калайык үчүн анчейин сүймөнчүктүү талапкер болбой калыптыр. Ал жалпы өлкөлүк шайлоодо президенттикти камсыз кылуу үчүн жеңишке сөзсүз жетиши керек болгон чечүүчү штаттарда да мурдагыдай жогорку беделге ээ эместиги байкалды.

Республикачылардын орто аралыктык шайлоодогу талапкери Кэри Лейк жыйын маалында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты кучактап турду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Республикачылардын орто аралыктык шайлоодогу талапкери Кэри Лейк жыйын маалында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты кучактап турду

Нью-Гемпшир штатында шайлоочулардын 30% гана Трамптын кайрадан президенттикке талапкер болушун каалай тургандыгын айтышкан. Флоридада бул көрсөткүч - 33%ды түздү.

2015-жылы Трамп өзүнүн талапкерлигине болгон терс мамилени жеңе алган болчу. Арийне, арадан 8 жыл өткөн соң, жалпы өлкө алкагында калайыктын назарын кайрадан жеңип алуу иши эми анын колунан келчүдөй эмес.

6. Саат улам чыкылдап жатат

Эгерде Трамп кайрадан президент болуп калса, анда ал ант кармаган маалда 78 жашта болот. Жо Байден деле дал ошол жашында президенттик кызматка киришкен болчу. Демек, эгерде шайлоодо жеңишке жетишсе, анда Трамп АКШнын тарыхындагы эң улгайган кезинде шайланган экинчи президент болуп калмакчы.

Учкул мезгил ар кыл кишилерге ар башкача таасир тийгизет эмеспи. Ошого карабастан, жашы улгайгандыктын да оош-кыйыштуу таасири сөзсүз түрдө болоору шексиз.

Трамп мырзанын республикачылардын президенттикке талапкери болуу үчүн катаал жарышта туруштук бере алаары, – айрыкча алганда, өзүнөн алда канча жаш талапкерлер менен ат салышаары күтүлгөн азыркы кырдаалда марага озуп келээри, – бүдөмүк болуп турат.

Ушул тапка чейин Трамп мырза ченебегендей чыдамдуулукту көрсөтүп келди, бирок ар кимдин “Алыбек алына жараша” дегендей өз чеги бар эмеспи. (TT)