Трамп Кытайга пандемиянын зыяны үчүн он триллион доллар доо койду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын мурдакы президенти Дональд Трамп дүйнөгө коронавирус пандемиясы менен келтирген зыяны үчүн Кытайдын он триллион репарация төлөшүн талап кылды. Түндүк Каролинада Республикалык партиянын курултайында сүйлөп жатып, Трамп башка өлкөлөрдү Кытайга болгон карызын баштапкы взнос катарында төлөбөй коюуга чакырды.
"Бардык өлкөлөр биригип, Кытайга кеминде он трлн долларга доо коюшу керек, алар алып келген зыяндын ордун толтуруш керек",-деген Трамп бул Кытайдан келген зыяндын чети эле деп белгиледи.
Ак үйдүн мурдакы кожоюну ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрү Кытайга болгон карызын төлөбөй коюшу керек деп сунуш киргизди.
Май айында эле АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн атайын кызматтарына Covid-19 вирусу каяктан чыкканын тез арада иликтеп чыгууга буйрук берген болчу.
Covid-19 вирусу 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухан шаарында биринчи жолу катталган. Андан бери 172 миллион киши вируска кабылып, 3,7 миллион адам андан каза тапты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай расмийлери коронавирус Ухань шаарындагы деңиз азыктары базарынан тараганын айтышкан. Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү дагы вирус табигый жол менен жаныбардан адамга жуккан деген пикирде.
Бирок соңку күндөрү АКШнын жергиликтүү медиасы Covid-19 вирусу Кытайдын лабораториясында жасалган болушу мүмкүн экенин кабарлашууда.
Бээжин бул маалыматты четке кагып, вирус тескерисинче АКШдагы лабораториядан Кытайга жеткирилген деп айтууда. (КС)











