Индияда кутурган вирус, курчуган кырдаал

Сүрөттүн булагы, EPA
Индияда коронавирустан болгон өлүм-житим үч жүз миңден ашты. Аналитиктер реалдуу сандар мындан алда канча көп деп жатышат. Анткени көп адамдардын өлүмү каттоого алынбай калууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, пандемия убагында вируска чалдыккандар саны 26 миллион ашты.
Индиянын өкмөтү "эки жолу мутацияланган вирустун түрү" өлкөнү оор абалга кептегенин маалымдаган эле. Вирустун B.1.617 аттуу штаммы март айында аныкталган.
Ага карабастан Индиянын Жугуштуу илдеттерди алдын алуу боюнча борбордун өкүлдөрү, вирустун жаңы штаммы менен өлкөдөгү курч абалдын байланышы тактала элек экенин айтууда.
Индиянын сегиз штатынан алынган 13 миң анализдин үч жарым миңден көбүндө жаңы штамм аныкталды. Буга чейин Дели B.1.617 штаммы азыркы коронавируска байланыштуу абалга тиешеси жок экенин айтып келген. Ошол эле учурда британ, түштүкафрикалык жана бразилиялык штаммдар кеңири жайылбаганы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өлкөдө бир күндүн ичинде 412 миң киши вирусту жуктуруп, 3,980 киши каза тапты. Индиянын алдыңкы эксперттери өкмөттү үчүнчү толкунга алдын ала даярдык көрүүгө үндөп жатышат.
"Азыр вирус кеңири жайылып кеткенин эске алганда, үчүнчү толкун сөзсүз болот. Ал качан болору белгисиз, ошондуктан алдын ала даярданышыбыз керек",-деди өкмөттүн кеңешчиси Вижайракхаван.
Абал өтө оор экенине карабай бийлик улуттук локдаун жарыялоодон баш тарткан болчу. Анткени экономикалык жоготуудан чочулап жатат. Өткөн жылдагы апрелден июнга чейинки локдаундан улам индиялык экономика 24 пайызга кыскарган. Учурда бир нече штатта гана карантин чектөөлөрү киргизилди.
Эң оор кырдаал Делиде жаралды. Анткени ооруканаларда бейтаптар кислороддун жетишсиздигинен каза табууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө Индиядагы кырдаал коронавирустун кесепети кандай болорун эскертти деп айтылды. ДССУ дүйнөдө коронавируска кабылгандардын дээрлик жарымы, өлүм-житимдин 25 пайызы Индияда катталганын маалымдады.













