Ири мунай компаниялары ис жайылтышканын жаап-жашырышат

Эсме Сталлард, Оуэн Пиннелл жана Жесс Келли; Би-Би-Синин жаңылыктар бөлүмү

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, HUSSEIN FALEH/BBC

Би-Би-Синин иликтөөсү мунай компанияларынын рак оорусуна байланышы бар миллиондогон тонна зыяндуу заттардын исинин абага жайылып жатканын ачык жарыялабай коюшканын ашкереледи.

Негизги мунай өндүрүү компаниялары өндүрүштөгү истин олуттуу булагы тууралуу ачык жарыялашпайт, деп Би-Би-Синин жаңылыктар бөлүмү өз иликтөөсүндө билдирди.

Би-Би-Синин ашкерелегенине караганда, BP, Eni, ExxonMobil, Chevron жана Shell компаниялары иш жүргүзгөн мунай кендеринде бургу жайларында жалбырттап күйүп жаткан газдын миллиондогон тонналык иси жөнүндөгү факт жаап-жашырылган бойдон калууда.

Жаратылыш газынын жалбырттап күйүшү – мунай өндүрүү маалында бөлүнүп чыккан ашыкча газды "ысырапчылык" менен өрттөөгө тете.

Бул ири компаниялар өздөрүнүн ушул жалбырттап күйүү тууралуу маалымдабай коюу ыкмасы мунай өндүрүү тармагындагы стандарттык тажрыйба экенин айтышты.

Бургу жайларындагы алоолонгон газдар көмүр кычкыл газынын, метандын жана кара көөнүн күчтүү аралашмасын бөлүп чыгарат жана бул ис абаны булгап, дүйнө жүзүндөгү жылуулуктун деңгээлинин жогорулашын тездетет.

Би-Би-Си ошондой эле газ күйгүзүлүп жаткан мунай кендерине жакын байырлаган ирактык жамааттарда рак оорусун пайда кылуучу химиялык заттардын жогорку деңгээлин ачыктады. Бул изилдөөлөргө караганда, алиги кендерде жаап-жашырылып жаткан ис чыгаруунун дүйнөдөгү эң жогорку деңгээли байкалган.

Буга жооп катары БУУнун адам укуктары жана айлана-чөйрө боюнча атайын баяндамачысы Дэвид Бойд бул жамааттар байырлаган жерлерди "заманбап курмандыкка чалынуу чөлкөмдөрүнө, кишинин ден соолугуна, адам укуктарына жана айлана-чөйрөгө караганда, пайда менен жеке кызыкчылыктар артыкчылыктуу болуп калган аймактарга" салыштырды.

Ууланган асмандын астында

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мунай өндүрүү ишканалары чукул (авариялык) кырдаалдагы газды аргасыз күйгүзүүдөн башка бардык учурларды болтурбоо зарылдыгын узак мезгил мурдараак эле түшүнүшкөн.

BP, Eni, ExxonMobil, Chevron жана Shell компаниялары 2015-жылы Дүйнөлүк банктын 2030-жылга карата (Shell’дин долбоорунда – 2025-жылга чейин) демейдеги газ күйгүзүү учурларын ачык жарыялоого жана бул ыкманы биротоло токтотуу убадасын аткарууга милдеттенишкен болчу.

Бирок бул ири компаниялардын айтымында, алар демейдеги иш амалдарын жүргүзүү үчүн башка компания менен келишим түзгөн учурларда, кен бургулоочу жайдагы жалбырттап күйүп жаткан газдар жөнүндө жарыялоо милдети ошол башка фирманын мойнуна тагылууга тийиш.

Мындай кен жайлар мунай өндүрүүнүн негизги бөлүгү болуп саналат; маселен, мындай орток кен өндүрүү жайлары алиги беш ири компаниянын жалпы өндүрүштүк куржунунун орточо 50 пайызын түзөт.

Арийне, бир нече айга созулган талдоо аркылуу Би-Би-Си мунай өндүрүүчүлөр бөөдө эле абаны булгап, жайылтылган ис жөнүндө эч бир маалымат билдирилбей келген ондогон мунай кендерин ашкереледи.

Дүйнөлүк банктын космостогу жасалма жандоочуларынын маалыматтарын пайдалануу аркылуу Би-Би-Си бул кен жайлардын ар биринен чыгып жаткан ис тууралуу аныктай алды. Би-Би-Синин эсебине караганда, 2021-жылы болжол менен 20 миллион тонна көмүр кычкыл газына тете болгон кендеги бул жалбырттап күйгөн газ жөнүндө эч бир маалымат коомчулукка берилген эмес.

Бул көлөм – бир жылда 4,4 миллион унаа бирдиги абага чыгарчу зыяндуу иске барабар.

Жооп иретинде алиги ири беш фирма тең өздөрү түздөн-түз иштетип жаткан кен жайлардан чыккан ис жөнүндө баяндоо – мунай кен өндүрүү тармагындагы стандарттык тажрыйба экенин айтып чыгышты.

Shell жана Eni компаниялары, буга кошумчалап, өздөрү тикелей иштетпеген кен жайлардагы ис чыгаруу көлөмүн да камтыган жалпы көлөм жаатында маалымат берүүгө беленденишкенин, бирок бул – өздөрүнүн Дүйнөлүк банктын алдындагы ис чыгарууну кыскартуу боюнча убадаларына кирбей тургандыгын маалымдашты.

Би-Би-Синин арабча жаңылыктар бөлүмү ишаара кылгандай, Ирактагы мунай кендеринин жанындагы аймактарда жашаган тургундар үчүн кен жайда газды жалбырттатып күйгүзүү рак оорусунун кээ бир түрлөрүнө чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

Ирактын түштүк-чыгышындагы Басра чөлкөмүндө жайгашкан Румайла, Батыш Курна, Зубайр жана Нахран Омар сыяктуу дүйнөдөгү эң ири мунай кендеринин аймагында байырлап жаткан тургундар балдардагы ак кандуулук (кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу) көбөйүүдө жана анын себептеринин бири – кендеги газдын күйгүзүлүшү болуп жатат, деп узак мезгилдер бою шектенип келишкен.

Басра чөлкөмү

Сүрөттүн булагы, HUSSEIN FALEH/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Басра чөлкөмү

Ирактын Саламаттык сактоо министрлигинин баяндамасына караганда, Басра аймагында рактын бардык түрлөрүнүн жаңы учурлары 2015–2018-жылдар аралыгында 20 пайызга өсүп чыккан. Ага абанын булганышы себеп болууда, деп алиги министрлик жоромол кылды.

Британдык BP компаниясы Румайлада, ал эми италиялык Eni компаниясы Зубайрда жайгашкан мунай кендеринде башкы келишим түзүүчү жактар болуп саналышат, бирок алар түздөн-түз кен өндүрүүчү ишкана болбогондуктан, мындагы ис жаатында баяндаманы жарыялашпайт. Бирок, ошол эле мезгилде, алар менен кызматташып жаткан кен өндүрүү ишканалары да мындай маалыматты ачыктабай келишет.

Би-Би-Синин арабча жаңылыктар бөлүмү 2021-жылы Ирактагы дал ушул төрт объекттин жанында айлана-чөйрө жана саламаттыкты сактоо боюнча адистер менен биргеликте эки жума бою иликтөө жүргүзүшүп, газды кен жайда күйгүзүү менен байланышкан ракты пайда кылуучу химиялык кошулма заттарды текшеришкен.

Мындагы абаны талдоо ак кандуулук жана башка кан оорулары менен байланышкан бензолдун деңгээли кеминде төрт жерде Ирактын улуттук көрсөткүч чегине жеткенин же, ал түгүл, ашып кеткенин айгинеледи.

Изилдөө тобу 52 баладан чогулткан заара үлгүлөрүн талдоо ишаара кылгандай, бул үлгүлөрдүн 70 пайызы ракты пайда кылуучу нафталин затынын бир түрүнүн (2-нафтолдун) деңгээли жогору экенин көрсөттү.

Колумбия университетинин балдардын рак оорусу боюнча профессору, доктор Мануэла Орхуэла-Гримм (Manuela Orjuela-Grimm) мындай деди: "Балдардагы көрсөткүч деңгээли абдан жогору... бул [алардын] ден соолугуна тийешелүү жана аларды кылдаттык менен көзөмөлдөп туруу зарылдыгына ишаара кылат".

Профессор Шукри, абанын булганышы боюнча изилдөө жүргүзүүдө

Сүрөттүн булагы, HUSSEIN FALEH/BBC NEWS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Шукри, абанын булганышы боюнча изилдөө жүргүзүүдө

Eni компаниясы Зубайрда кен бургу жайындагы газды күйгүзүү үчүн келишим боюнча өзү жооптуу эмес экенин айтты.

Зубайрдан 40 чакырымдан ашуун алыстыкта жайгашкан Румайла мунай кени дүйнөдөгү башка бардык жерлерге караганда бургу жайда көбүрөөк газды күйгүзөт. Би-Би-Синин эсептөөлөрү боюнча, анын көлөмү Улуу Британиянын жылына үч миллионго жакын үйүн электр кубаты менен камсыз кылууга жетиштүү.

BP башкы келишим түзүүчү болуп саналат. Ал Румайла Оперейтинг компаниясын негиздөөгө жардам берген жана азыр анын ишмердигин көзөмөлдөйт. Бирок экөө тең мунай кениндеги бургу жайларда жалбырттап күйгөн газдын исинин көлөмү жаатында ачык маалымат жарыялабай келишет.

Ирактын мунай министри Ихсан Абдул Жаббар Исмаил Басра аймагындагы рак оорусу боюнча коомчулукка ачыкталып калган баяндама боюнча: "Биз мунай кендеринде иш-аракет кылып жаткан бардык келишим түзгөн компанияларга эл аралык стандарттарды кармануу талабын билдирдик, – деди.

Эл аралык отун-кубат агенттигинин көрсөткүчтөрүнө таянып айтканда, эгерде бүткүл дүйнө жүзүндө кен бургу жайларында бөөдө эле жалбырттап күйүп жаткан жаратылыш газы чогултулуп, туура колдонулса, анда ал Европанын Орусиядан импорттолчу газынын ондон тогуз бөлүгүн алмаштыра алмак.

Дүйнөлүк банктын айтымында, газдын ушул түрүн күйгүзбөстөн чогултуп алуу башында кымбат жана техникалык жактан кыйын болушу мүмкүн. Анын эсебине караганда, кен жайындагы бардык күнүмдүк күйгүзүүнү токтотуу 100 миллиард долларга (92 миллиард фунт стерлинг) тете чыгымга алып келиши ыктымал.

Бирок мунай компанияларына кен бургу жайларындагы жалындап күйгөн газды чогултуп алуу боюнча кеңеш берген Capterio компаниясынын башкы аткаруучу директору Марк Дэвис Би-Би-Сиге маек куруп, Норвегия сыяктуу өлкөлөр кубаттуу жөнгө салуу эрежелерине таянуу менен газды ысырапкорчулуктан сактоочу натыйжага жетишүү толук мүмкүн экенин айгинелешти, деп билдирди. (TCh)

Кошумча салым: Бекки Дэйл жана Кристин Жеванс (Би-Би-Синин Маалымат жана сереп бөлүмү).