ЖЭБдин техникалык каналына "Тазалыктын" үч жумушчусу чөгүп кетти

"Тазалыктын" жумушчуларын издөө учуру

Сүрөттүн булагы, Official

ЖЭБдин техникалык суу каналына түшүп кеткени айтылган "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери боюнча издөө иштери жүрүп жатат.

"Бүгүн, 2025-жылдын 30-декабрында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап, жумуш убактысынан кийин үйлөрүнө бара жатып, саат 8:00дөн 8:30га чейин ЖЭБдин техникалык суу каналына түшүп кетип, каза болушкан" деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге барып, окуяны өзгөчө көзөмөлгө алып, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламедин-1 кичи районунда, алдын ала маалымат боюнча, техникалык каналына үч адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген. Аларды издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылган.

Окуя боюнча Ички иштер министрлиги да журналисттерге маалымат берди. Милицияга чакыруу 30-декабрда саат 09:02де болгон. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барып, чындыгында үч эркек киши чөгүп кеткенин аныкташкан. Алар: 1988-жылы туулган Ж.Ч., 1966-жылы туулган Ж.Т. жана 1963-жылы туулган Ж.Ж. Учурда 37 жаштагы жарандын сөөгү табылып, калган экөө изделип жатканы айтылат.

"Бирөөсү сууга кулап кеткен, азырынча бизде ал кантип кулап кеткени тууралуу маалымат жок. Андан кийинки эки кызматкер аны куткарабыз деп, анан үчөө тең чөгүп кеткен. Эң жашынын денеси табылды, моргго жеткирилди. ӨКМ калган экөөсүнүн денесин издеп жатат" - деди Би-Би-Сиге "Тазалык" ишканасынын директору Жолдош Чуштуков.

Мэрия билдиргендей, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.