"Жүрөктүн үшүн алган түрмө": украиналык согуш туткундары Мордовиядагы абак жөнүндө айтып беришти

- Author, Жанна Безпятчук, Сергей Горяшко жана иликтөө бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
18+
Эскертүү: айрым окурмандар бул макаланы оор кабыл алышы мүмкүн, ичинде адамды нес кыла турган сүрөттөмөлөр бар.
Би-Би-Си Мордовиядагы №10 түзөтүү колониясында отуруп чыккан украиналык согуш туткундары менен сүйлөштү. Алар бул түрмөнү "тозок" жана "адамды эзип өлтүргөн жай" деп аташат.
2022-жылдын 20-майында "Архитектор" деген лакап аты бар 23 жаштагы жоокер "Азовсталдан" чыккандан кийин туткунга түшүп калган. Ошондон бери ал эркиндикке чыкканга чейин күн санап жүрдү. Ал туткунда миң күн өткөргөнгө чейин мекенине кайтууну кыялданчу. Бул кыялы орундалып, 992-күнү аскерлерди айырбаштоо процессинин алкагында бошотулду.
Архитектор Мордовиядагы №10 колонияда дээрлик 11 ай – 2024-жылдын февралынан декабрына чейин отурду. Ал жерде Архитектор эң жаш согуш туткундарынын бири болчу. Буга чейин ал аннексияланган ДЭР аймагындагы Оленовкадагы жана Белгород облусунун Старый Осколундагы түрмөлөрдө кармалган.
Жоокер 2021-жылдын ноябрында Украинанын куралдуу күчтөрүнө өз ыктыяры менен өткөн. Аскерде кызмат өтөгөнгө чейин ал архитектор адистигин өздөштүрүп жаткан эле. Убакыттын өтүшү менен курулуш жана долбоорлоо анын көксөгөн иши болбогонун баамдаган.
"Мен бала кезден бери эле аскерде кызмат өтөгүм келип, ушул кыял менен чоңойгом. Мындан тышкары, Орусия бастырып киргенге чейин эле армиянын көмөгү менен гана өлкөбүздү сактап каларыбызды түшүнүп калгам", - дейт Архитектор.
Анын отряды Мариуполду орус аскерлеринин баскынынын алгачкы күндөрүнөн баштап коргоп, "Азовсталь" заводунан туткунга алынгандардын бири болгон. Коопсуздук максатында биз бул жоокердин атын атабайбыз.
Архитектор 2024-2025-жылдары аскерлерди айырбаштоо процессинин алкагында мекенине кайтып келген жүздөгөн украиналык жоокердин бири. Алар орус туткунундагы тынымсыз уруп-сабоо, кыйноолор жана башка ырайымсыз мамиле жөнүндө айтып беришти. Бул көрсөтмөлөрдүн натыйжасында туткундар кармалган шарттар, атап айтканда украиндер үчүн эң коркунучтуу түрмөлөр жөнүндө көбүрөөк маалымат пайда болууда.
Ошондой түрмөлөрдүн бири – Мордовия Республикасынын Зубово-Полянский районундагы Ударный айылында орун алган №10 колония.
"Бардык эле жерде оор болду, бирок баарынан да азаптуу жер Мордовияда", - деди Архитектор. Бул сөздү ар кандай абак жайларда отуруп чыккан туткундар да ырасташат.

"Кичинекей Гуантанамо"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мордовия Республикасындагы Ударный айылындагы ТК-10 өзгөчө режимдеги колония болуп саналат, мындай аталыш абактагы өтө катаал шарттардагы мекемелерге берилет. Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ал жакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалат. Өзгөчө режимдеги колонияларда үч кармоо шарты бар: жеңилдетилген, кадимки жана катаал.
Бул абакта отуруп чыккан Владимир Качаев 2015-жылы "Медиазонага" (Орусиянын Юстиция министрлиги тарабынан "чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) берген маегинде ТК-10догу камералык типтеги бирдиктүү бөлмөнү "кичинекей Гуантанамо" деп сыпаттаган. Качаев бул жерди кургак учуктун очогу деп атаган:
"Дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү менен гана беришет. Бирок дарыгерге көрүнүү дээрлик мүмкүн эмес. Азыр деле ошондой, эч нерсе өзгөргөн жок, ал тургай шарттар мурдагыдан да начарлап кетти. Камералар бетондон, нымдуулук көбүрөөк".
"Кургак учук менен ооругандар 24 саат бою дени сак адамдар менен бирге кармалат. Бирок ТК-10 абагында дени сак адамдарды деле күндүз чырак менен издесең да таппайсың", - деп жазган эле ТК-10 жөнүндө 2014-жылы укук коргоочу Сергей Марьин (ал көп жылдар бою Мордовиядагы туткундардын укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүп келген, ал эми учурда согушка каршы билдирүүлөрү жана пикет үчүн жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат).
Мордовия колониясы Москвадан 500 км жана Украинадан 1600 км алыстыкта жайгашкан. 2023-жылдын башына карата орус туткунуна түшкөн украин аскерлеринин саны көбөйүп, оккупацияланган аймактардагы айрым түрмөлөр жабылып же толуп калган.
Украинанын Адам укуктары боюнча медиа демилгесинин (АУМД) маалыматы боюнча, 2023-жылдын июнь айына карата Орусиядагы украиналык туткундар 40тан ашык колонияда жана тергөө абагында кармалып, алар туруктуу негизде бир түрмөдөн экинчисине которулуп келет.

Төшөктөгү кандын тактары
Туткундан бошотулгандар кыйноо, уруп-сабоо, кемсинтүүлөр тууралуу гана эмес, Орусиянын мамлекеттик органдарынын "кожо көзүнө" текшерүүлөрү жөнүндө да айтып беришти. Бул текшерүүлөр кемсинткен, азапка салган аракеттерди токтото алчу да эмес, абактагылардын жашоо шарттарын өзгөртө да албады.
Архитектор Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Мордовиядагы камерага кантип киргенин эскерет. Туткундун көзүнүн алдында чоң көгала так бар эле – күзөтчүнүн аны көзгө тээп, буту менен башын мыжыга басып, ошол эле маалда бөйрөккө урган болчу.
Атайын күчтөр жана күзөтчүлөр "Бизге силерди дени сак болгонуңар керек эмес, тирүү болгонуңар эле жетиштүү", - дешчү. Алар үчүн мунун баары – ур-токмокко алуу, электршокер, түтүктөр, союлдар менен кыйноо – жөн гана көңүл ачуунун бир түрү болчу. Алар уруп, сабап, каткыра күлүп, көңүл ачаар эле", - деп айтып берди аскер кызматкери.

Абактын дубалдары көгөрүп, кычыткы басып калган. Текшерүүчүлөр келердин алдында даараткананын алдына көшөгө илип коюшкан. Кээде мындай текшерүүлөрдүн алдында аларга жаңы шейшептер берилчү, бирок бул жолу керебеттерде эски дат баскан кандын тактары калган эле.
Алдан-күчтөн тайган украин туткундары текшерип келгендердин алдында тизилип, жерден башын көтөрбөй турушту. Айрымдарынын буттарында ачык жарааттар бар эле. Баарында котур бар. Текшерип келген адам бизге жакындап, суроо узатты:
— Баары жайындабы?
— Ооба
— Эч ким урбайбы?
— Жок, урбайт
— Арыз-даттануулар барбы?
— Жок
— Дурус. Макул, жакшы тургула.
"Ал эми эртеси камерада ашыкча байпак жатканы үчүн эле тепкилеп салышты", - деп эскерет мурдагы туткун.

"Жөн гана башыңды көтөрүп, асманды караш үчүн да уруксат алышың керек эле", - деп эскерет айдоочу Олександр Тетерятников.
Ал Мордовиянын колониясында дээрлик бир жыл отуруп чыкты. Жалпысынан туткунда 21 ай өткөрдү. Мордовияга чейин ал Рязань облусунун Ряжск шаарындагы №2 тергөө абагында кармалган.
Олександр туткунда болгон 632 күн ичинде биз баарлашкан башка согуш туткундары сыяктуу эле Эл аралык кызыл чырым комитетинин (ЭКЧК) өкүлдөрүн бир да жолу көргөн эмес. Дал ушул комитеттин өкүлдөрүнө гана украин туткундарынан кабар алуу укугу берилген.
Кыйноонун түрлөрү: тик туруу, электрошокерлер жана иттерди тукуруу
Орусиянын түрмөлөрүндөгү согуш туткундарына карата колдонулган кордук көрсөтүүнүн өзгөчө ыкмаларынын бири – отурууга, ал тургай кыпындай бир кыймыл жасоого да уруксат бербестен, бир нече саат тикеден тик туруу талабы. Туткундар бул ыкма Мордовиядагы абакта туруктуу негизде колдонулуп келгенин айтышат. Ал жерде суткасына 16 саат тикеден тик турууга мажбурлашчу. Ошондой эле туткундар Орусиянын гимнин күнүнө он жолу ырдоого мажбур болушкан. Эгерде ырдаганы күзөтчүлөргө жакпай калса, катуу тепкилешчү.
Кээ бир туткундарды айлап тикеден тик турууга мажбурлагандыктан, алардын буттары шишип, жаралары ириңдеп кетчү. Эгерде өз убагында дарылабаса, мындай адам бутунан ажырап калат, өтүшүп кетсе, өлүм менен да аяктайт.
Архитектор жаш болгондуктан анын организми мындай кыйноонү көтөрө алды. Ал эми Олександр Тетерятниковдун бутунда чоң жараат пайда болгон. Туткундан бошотулгандан кийин ага бир нече операция жасалды.


Туткундан бошотулган украин аскерлери да Мордовиядагы бардык күзөтчүлөр балаклава жана кол кап кийип жүргөнүн белгилешет. Алар эч качан бири-бирине атын атап кайрылышчу эмес. Туткундардын байкоосу боюнча, мындай жашыруундук Орусиянын шарттары катаал камак жайларында да болгон эмес. Ал жерде күзөтчүлөр өз аттарын атап, жүзүн жашырышпайт.
Би-Би-Си менен маектешкен согуш туткундарынын баары Мордовия колониясында электршокер үзгүлтүксүз колдонуларын ырасташты. Алты туткундун экөө күзөтчүлөр алардын жыныстык органдарын шокерлер менен урушканын айтышты.
Туткундар бул колонияда немис овчаркаларын тукуруу кадыресе көрүнүш болгонун тастыкташты. Итти туткундар жуунучу жайга киргизип, алар жуунуп бүткөнгө чейин ошол жерде кармашчу. Электршокерлер жуунучу жайда да колдонулчу.
Согуш туткундарын жумасына бир-эки жолу үч-төрт мүнөттүк сейилге чыгарышчу. Бирок бир айда бир жолу да чыккан учурлар болгон. Сурамжылоого катышкан туткундардын баары Би-Би-Сиге колонияда медициналык жардам өтө оор учурларда гана көрсөтүлгөнүн айтышты. Мисалы, алар дээрлик бардыгы жапа чеккен котурдан эч кандай дарыланышкан эмес.
Бирок, балким, бардык камактагыларды нес кылган бир көрүнүш – колониядагы дарыгерлердин бири абактагылар андан жардам сурап кайрылганда, аларды электршокер менен сабачу.
"Камеранын эшигиндеги кичинекей тешик ачылып, "эмне болду?" деп сурайт. Мисалы, дене табың көтөрүлгөнүн айтсаң, колуңду сун дейт. Сунаар замат дарыгер колго электршокер менен уруп, "эми жардам бердиби?" деп сурайт. "Жок, дары бере аласызбы?", - десең "мынча өжөрсүң! Колуңду дагы бир жолу сунчу" деп, дагы уруп, "болду, дары түгөндү" дейт. Кийинчерээк аз да болсо, дары бере башташты, бирок аны алуу өзгөчө бир машакат эле", - деп айтып берди Архитектор.
2025-жылдын май айына карата маалымат боюнча, Орусия бастырып киргенден бери кеминде 206 украиналык аскер кызматчысы орус туткунунда каза болгон. Мындай маалыматты Associated Press маалымат агенттиги Украинанын Башкы прокуратурасына, укук коргоочуларга жана мурдагы туткундардын көрсөтмөлөрүнө таянуу менен эсептеп чыкты.
Мордовияда туткундан аман калган Архитектор аскердик кызмат кайтууга даярданып жатат. Согуштан кийин офицер болуу үчүн аскердик окуу жайга тапшырууну пландаштырууда. Ошол эле учурда туткундан кийин салмагын калыбына келтирип, ден соолугун чыңдоого аракет кылууда. Бирок ал Мордовиянын №10 колониясында туткунда өткөн күндөрүн эч качан унутпай турганын моюнга алат.

***
Иллюстрациялар Би-Би-Си дизайн жана визуалдык журналистика бөлүмү тарабынан даярдалды. Дизайн жасоодо Getty Images, Суспiльнe Днiпро жана Би-Би-Синин маектештеринин жеке архивинен алынган сүрөттөр колдонулду.
Редакторлор: Анастасия Лотарева, Дарья Тарадай








