Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтөт деп тапты

Конституциялык сот

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конституциялык сот
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Конституциялык сот бүгүн, 17-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу сунуштамасын карады. Ага ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт. Ошондой эле Конституциялык сот президент Садыр Жапаров алты жыл иштеп, экинчи мөөнөткө шайлоого барууга укугу бар деп чечмеледи.

Конституциялык сот бүгүн, 17-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу сунуштамасын карап: "Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10-бөлүмүнө ылайык 2027-жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январы) өткөрүлүүгө тийиш, ал эми шайлоону дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирбестен (2026-жылдын 24-сентябрынан кеч эмес) жүзөгө ашырылышы керек", - деп билдирүү таратты.

Конституциялык сотney маалыматында мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселеси боюнча Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү тууралуу коомдук талкуулар мөөнөтүнөн мурда шайлоонун конституциялык негизин түзбөйт жана аны алмаштырбайт деп көрсөтүлгөн:

"Президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу мандатты "түзөтүүнүн" ыкмасы болуп саналбайт. Ал 2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1-бөлүгүндө так жана толук көрсөтүлгөн негиздер болгондо гана мүмкүн: өз арызы боюнча отставка; белгиленген тартипте кызматтан четтетүү; оорудан улам ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыра албоо же каза болуу. Бул негиздердин тизмеси жабык болуп саналат. Аны кеңейтилген түрдө чечмелөө Конституцияда каралбаган жаңы негизди киргизүү дегенди билдирет жана конституциялык эмес болуп эсептелет".

Конституциялык сот мындай негиздер жок болгон шартта Президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу укуктук жактан мүмкүн эместигин жана кезектеги шайлоо цикли колдонуларын белгиледи.

Укук коргоочу Клара Сооронкулова мекеменин бүгүнкү чечмелөөсү коомдогу талаштуу маселелер боюнча укуктук аныктуулукту жана туруктуулукту камсыз кылып берди деп эсептейт.

"Конституциялык соттун талдоо жүргүзүлгөн бүгүнкү чечими укуктук аныктуулукту жана туруктуулукту камсыздап берди. Биринчи маселе — бул президенттин алты жылдык мөөнөтү. Мурдагы Конституция боюнча шайланган күндө дагы, бул мөөнөт ошол бойдон калат, анткени жаңы Конституциянын ага карата артка кетүүчү таасири жок деп белгиленген экен. Экинчи маселе — бул мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгү. Бул жерде дагы КонСот Баш мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерде гана өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Азыркы учурда андай негиз жок деп такталыптыр. Ал эми үчүнчү маселе — президенттин мөөнөттөрү. Азыркы алты жылдык мөөнөт — бул биринчи мөөнөт болуп эсептелет. Ал эми каалоосу болсо, дагы бир мөөнөткө ошол эле адам же Садыр Жапаров шайланууга укугу бар деп белгилениптир", - деди Клара Сооронкулова.

11-февралда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Андан бир күн мурун юрист Таттыбүбү Эргешбаева дагы аталган мекемеге дал ушул маселе боюнча кайрылуу жолдогон эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ошол 2020-жылдары башкача саясий-укуктук абал болчу, өлкөдө дестабилдүүлүк учуру болгон. Ошондуктан, өлкөдөгү маселени турукташтырып, бир нукка алып келиш үчүн, саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн ошол учурда тез-тез чечимдер кабыл алынган, анткени бул өткөөл учур эле. Мен өзүм айтып кетким келет, биз юристтер жана эксперттер тобу 2020-жылдан бери айтып келе жатабыз: эң маанилүү документ болгон Конституция эч качан шашылыш кабыл алынбашы керек. Көп жылдап талдоодон өтүп, референдумга чыгып жаткан версия сапаттуу болушу шарт. Бүгүнкү күндө бул укуктук вакуум жана чөйрөдөгү саясий дестабилдүүлүктүн бирден-бир көрүнүшү болуп жатат. Азыр да кеч эмес, көптөгөн чечимдерди сапаттуу кабыл алсак, саясий дестабилдүүлүктөн алыс болобуз", - деди Таттыбүбү Эргешбаева.

Ошол эле маалда юрист, адвокат Нурбек Токтакунов Конституциялык соттун чечиминде эске алынбай калган жагдай бар экенин Фейсбуктагы барагына жазды.

"2021-жылы шайлоочулар президенттик-парламенттик республиканын президентин алты жылга, бир мөөнөткө тандашкан. Алар өткөөл жоболордо эмне деп гана жазып койбосун, кийинки Конституциядагы эки мөөнөт Садыр Жапаровго тиешелүү эмес", - деди Токтакунов.

9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин атынан жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

11-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот бул кадам өлкөдөгү саясий жана эксперттик чөйрөдө президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыштардан улам жасалганын билдирген.

Ички иштер министрлиги 75 кишинин 9-февралдагы кайрылуусуна байланыштуу беш кишиге кылмыш иши козголгонун кабарлаган. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга камакка алынганын маалымдаган.

Кыргызстанда президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талкуулардын фонунда бир катар саясий окуялар да орун алды.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган. 11-февралда Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү да жарыяланып, ал отставка тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айткан эле.

Садыр Жапаров 16-февралда "Кабарга" берген маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын жана ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу 17-февралда анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов билдирип, социалдык тармактарга видео жарыялады.