Адам уурдоо: аман калганым менен тирүүнүн өлүгүндөй эле болуп калдым
Түштүк Африкада адам уурдоо көбөйдү, азыр бул өлкө мындай кылмыш эң көп катталган дүйнөнүн бир бурчуна айланды, дейт Йоханнесбург шаарынан кабарчы Мфо Лакайе.
Төмөндө уурдалып кеткен африкалык кыздын баяны.

Сүрөттүн булагы, DANIELA CASETTI
Лесего Тау аттуу түштүк африкалык айым бейтааныш эле адам анын С класстагы «Мерседес» машинасынын эшигин ачканда коркуп деле кеткен эмес.
Ал шаардын чок ортосундагы соода үйүнүн жанында машинасын токтотуп жатып, досу менен телефондон жазышып жаткан. Андан кийин кечинде достору менен боло турган отурушка даярдыкка соода кылмак.
«Машинемдин күзгүсүн карап, тигил адам башка бирөөнүн эле унаасына отуруп алганын түшүнгөндөн кийин уялат болду бекен деп ойлодум», - деп эскерип берди ал Би-Би-Сиге. Аны былтыр июнда уурдап кетишкен.
Бирок чынында ал киши анын унаасына адашып эмес, атайын эле кирип отуруп алганын ал кийин түшүндү.
«Бир убакта биздин көздөр бири-бирине кадала түштү. Ошондо гана мен эмне болуп жатканын аңдап баштадым».
Бул кадимки адам уурдоо эле.
Мындан жарым жыл мурун бизнесмен Ясин Бхикти дагы ал мечиттен келе жатканда, ал жашаган үйдүн түбүнөн кармап кетишкен. Ал окуя дагы ушул эле Йоханнесбург шаарында болгон жана видео камераларга түшүп калган.
Кийин коомдук сайттарда жайылып кеткен ал видеодо Бхик көк футболка жана кара шым кийип досу менен жайбаракат сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.
Анан эле бир убакта алардын жанында токтоп турган машинадан эки киши чыгып, бери келип Бхикке кол салышканын көрүүгө болот. Ал эмне болуп жатканын түшүнгөндө кылмышкерлердин колунан суурулуп, качайын деди.

Сүрөттүн булагы, @ABRAMJEE
Бирок алы келбеди, анын чекесине тапанча мээлеп, машинага отурууга мажбурлашты. Бактысы бар экен, кийин бизнесмен аман-эсен полиция тарабынан табылды.
Башында сөз болгон Тау айым Претори шаарында клиниг компания иштетчү. Аны да уурдоого аракет жасашканда, ал деле качуунун айласын кылган.
Ал аны уурдаган күнү парковщиктей кийинип алган адам анын машинасын эшигин тороп алганын эстеп айтып берди.
Андан кийин бейтааныш адам унаанын арткы эшигинен кирип, машинеге отуруп алды. Тапанча такап Тау айымды машина токтогон соода үйүнүн жанынан чыгып кетүүнү буйруган.
Жолдон ага бир саамга машинени токтотуу буйругу берилди. Ал жерден машинага дагы бир кылмышкер отурган.
Төрт сааттык сапар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Төрт саат жол жүрүп, 15 километрче алыс кеткенден кийин Тау айымга машинесин токтотуу буйругу берилди.
Бир аздан кийин ал жерге кызыл түстөгү машина келип, андан чыккан бейтааныш бир адам кыздын банкттык карталарын тартып алып, жашыруун коддорду айтууга мажбурлаган.
«Менин машинамда отурган башка кылмышкерлер карталарымды текшерип, акчаларымды которуп алып жатышты».
Бул убакыт аралыгында Тауну бир нече ирээт башка тапанча менен ургулушуп, көбүрөөк суммада акча которуусун талап кылышкан.
Төрт саатка уланган ур-токмоктон кийин, кылмышкерлерге бирөө телефондон Тауну өлтүрүп эле салгыла деген.
«Ишибизди бүттү, көзүн талазап салгыла» дегенде укканда Тау тирүү калуунун аракетин кылып, эптеп качып чыгууну чечет. Машинадан качып чыкканга үлгүргөн менен кызды ошол эле жерден кармап алышып, катуу сабашкан. Бирок Тау эптеп алардан суурулуп чыгып, трассага чыгып ары-бери өткөн машиналарды токтотууга жетишкен.
Тау айым менен Бхиктин окуяларынын ич ара байланышы бар.
Быйыл февралда Полиция министри Беки Селе соңку үч айда 2 миң 605 адам уурдоо фактысы болгонун билдирди.
Түштүк африкалык аналитикалык борбордун коопсуздук боюнча изилдөө институту 2010-жылдан бери адам уурдоо эки эсе өскөнүн аныктап чыкты. Бул Түштүк Африкада 100 миң адамдын ону уурдалып турат дегенди билдирет. Адам уурдоо боюнча бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч.
2018-жылы Селе адам уурдоого каршы күрөш анын биринчи милдети экенин жарыялаган.
Уурдалган адамдарды акча өндүрүп алуу, ал адамдардын банктагы эсептерин шыпырып алуу же сексуалдык зомбулук үчүн пайдаланышат.
Буга чейин уурдалып, бирок аман калган адамдар да болгон. Бирок бардык уурдалган адамдардын канчасы тирүү калгандыгы тууралуу так айтып болбойт.
Жергиликтүү полиция мындай кылмыштардын бетин ачуу боюнча атайы ыкчам топ түзүп, маалымат топтоп жатты.
Түштүк Африкага кол салган кылмыштуу топтор
Полиция тарабынан чогултулган маалыматтын негизинде адам уурдагандар топтошуп иштери аныкталды. Андай топтордогу ар бир адамдын кылмыштуу схемада так өзүнүн ролу жана орду бар. Бул тууралуу Би-Би-Сиге полициянын полковниги Атленда Мате билдирди.
«Кылмыштуу топтордо бир адам маалымат бергич болот. Ал кимди уурдаса болот бутага алчу адамдарды табат. Дагы бирлери ал адамга жакын барып, уурдап кетчү ролдо болушат».
Кылмышкерлер адатта жакшы машина минип, курал-жарактуу да болушат.
Алардын артында адам уурдоого шыкакчы болгон, сыртта туруп мындай кылмышка адамдарды багыттап турган бир адам болот.
«Андай мыйзамдагуу ууру бакубат жашоодо жашаган жана кылмышты өз колу менен жасабаган бирөө болот», - дейт полковник Мэтью.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адам уурдаган кылмыштуу топтордун колу Мозамбик өңдүү коңшу өлкөлөргө, ал тургай Пакистанга да жетет.
Мындай кылмышкерлер негизинен бай адамдарды торуна түшүрөт, мында максат – көбүрөөк акча өңдүрүп алуу. Бирок антейин десең кедей райондордон да адамдарды уурдашат, жада калса балдарды жөн коюшпайт.
Барымтага алынган адамдарды кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн Жерар Лабушань аттуу адам соңку кезде адам уурдап, акча доолагандардын алкымы чоңойгонун билдирди. Айрым учурларда уурдалган адамдарды 3 миллион долларга чейин баалап жатышат.
«Мозамбик жана Африканын башка аймактарында иш алып барган кылмыштуу топтор эми Түштүк Африкада иш кылалы дешкен өңдүү. Эми алар бул жерде кылмыштарын жасап жатышат», - деди Лабушань.
Айрым социалдык серепчилер жалпы мыйзамсыздык Түштүк Африканы дүйнөдөгү кылмыштуу топтор үчүн ыңгайлуу кылып жатат дешет.
Коомдогу нааразылыктан улам полиция адам уурдоого каршы дагы иш көп экенин моюнга алат. Бирок азыр деле бул жаатта иш жылды дешет.
«Адам уурдоо кылмыштуу топтору пайда болгондон бери биз 115 шектүүнү камадык, арасында пакистандыктар, мозамбиктер жана түштүк африкалыктар бар».
Шектүү катары кармалгандардын арасында 43 жаштагы Файзель Чарлос дагы бар, ал быйыл мартта камакка алынган.
Аны адам уурдоо иштерине шыкакчы болуп турган деп айыптап жатышат.
Полиция рейди маалында Чарлоско тийиштүү мүлктө баңгизат, накталай акча жана кымбат баалуу автомобилдер табылган.
Чарлостун иши сотко өтүп, ал жанын башка бир нече адамдарга айыптар коюлду.
Соттун жүрүшүндө Чарлостун кош жарандыгы бар экени такталды, ал Түштүк Африкалык эле эмес, Мозамбиктин да жараны болуп чыкты.
«Полиция уурдалган адамдарды куткарбай жатат»
Быйыл апрелде полиция Йоханнесберге төрт жаштагы кызды мектепте нянясымын деп уурдап кеткен аялды колго түшүрдү.
Кызды уурдап кеткендер анын ата-энесинен кызды кайтарып берүү үчүн миң доллар талап кылып келген.
Акчаны алдын ала макулдашылган жерге алганы келген төрт адамды полиция кармады.
Бул кылмыштын бети ачылганына карабай, полициянын полковниги Лабушань полиция жеңип атат деген ойдо эмес.
«Бизде андай кылмыштуу топторду кармаган учурлар манжалап саналат. Көп учурда полиция уурдалган адамдарды алар кармалып турган жерден чыгара албай калып жатышат. Көбү алар үчүн акча төлөнгөндөн кийин гана эркиндикке чыгып жатышат».
Биз башында сөз кылган Тау айымдын бактысы бар экен. Ал качып, аман калды. Бирок аны уурдагандар анын жанындагы 1 миң 400 долларды өөнөп калышты.
Тау айым катуу психологиялык травма алды, анын үй-бүлөсү үчүн делген акчадан да кур калды.
«Менин атам оңой менен көздөн жаш чыгарбаган адам, бирок ал ыйлады. Мени уурдап кетишкенде, ал кызымды сактап калса болот деген ишенимде жүргөн экен».
«Аман калганым менен тирүүнүн өлүгүндөй эле болуп калдым». (EK)








