Чынара Эсенгул: "Казакстандагы референдумда элге тандоо мүмкүнчүлүгү берилген жок"

Казакстанда бүгүн - "жымжырттык күнү". Жекшембиде, 15-мартта өлкөдө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Жалпы добуш берүүгө "2026-жылдын 12-февралында ЖМКга чыккан Казак Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун колдойсузбу?" деген бир гана суроо коюлат.
Жаңы Баш мыйзамдагы эң эле башкы өзгөртүү казак парламентине байланыштуу болгону жатат.
Буга чейин Казакстанда эки палаталуу парламент: Мажилис жана Сенат болгон, эми мыйзам чыгаруучу орган бир гана палатадан туруп - Курултай деп аталмакчы. Ага 145 депутат пропорционалдык система менен шайланат.
Саясий системага вице-президент деген позиция киргени жатат.
Казакстан эгемендик алгандан бери жети жолу Баш мыйзамын өзгөрттү. Конституциялык өзгөртүүлөрдүн эволюциясы коңшу өлкөдө кандай жүрдү?Би-Би-Си Казакстандын саясий системасына байланыштуу ушул жана башка суроолор менен эл аралык мамилелер боюнча кыргызстандык эксперт Чынара Эсенгулду кепке тартты.
Чынара Эсенгул: Казакстанда Конституция көп эле жолу алмашкан. Бирок референдум аркылуу Баш мыйзамды бешинчи ирет өзгөрткөнү жатышат. Биринчи жана экинчи жолу Конституцияны Казакстанды 90-жылдары экс-президент Нурсултан Назарбаевдин мөөнөтүн узартуу боюнча жалпы добуш берүү өзгөртүшкөн. 2022-жылы январда Каңтар окуясы болгондон кийин дагы референдум менен Конституциясын өзгөртүшкөн. 2024-жылы «Атомдук электростанция курабызбы же жокпу» деп дагы референдум өткөрүшкөн. Эми бул жолу Казакстан бешинчи ирет жаңы Баш мыйзамын жалпы добуш берүүгө коюп жатат.
Бул жолу Казакстан Баш мыйзамынын 84% өзгөртүп жатат. Андыктан бул Конституциянын үчүнчү редакциясы деп да койсок болот. Бирок чындап келгенде референдумда "жаңы Конституциясынын долбоорун колдойсузбу же жокпу" деген бир эле суроо коюлат экен. Долбоордун бул пунктун колдойм же колдобойм деген укук жарандарда жок болууда. Ошондуктан, муну жөн гана элдин макулдугун алуу боюнча формалдуулук деп койсок болот. Элге анын нюанстарын эске ала тургандай мүмкүнчүлүк берилген жок.
Би-Би-Си: Казакстан президенттик башкаруудан эми жаңы Баш мыйзам менен супер президенттик башкарууга ыктап жатканын эксперттер айтып жатышат. Бул азыркы казак бийлигине эмнеге керек болуп жатат? Өлкөдө ансыз деле президенттик башкаруу эле да.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чынара Эсенгул: Ооба, жаңы Баш мыйзам менен супер президенттик башкарууга бет алып жатат деп айтууга болот. Анткени, сырткы чөйрө, дүйнөдөгү жалпы геосаясий акыбал анчейин жакшы эмес. Тышкы тобокелчиликтер күч алганда ички консолидация, борбордошуу абдан маанилүү. Өзгөчө чечим кабыл алууда борбордоштуруу, орусча "централизация принятия решений" деп коюшат, маанилүү. Ошондуктан супер президенттик багытты ыктап жатышса дагы ал объективдүү факторлордун негизинде деп айтса болот. Бирок, албетте, ички оппозиция менен күрөшүп, аларды алсыздандыруу боюнча Токаевдин ошондой дагы приоритеттүү ой-жүгүртүүсү болушу мүмкүн. Ошол ички, тышкы факторлорду эске алуу менен супер президенттик башкаруу аларга туурадай көрүнүп жаткандыр.
Би-Би-Си: Кандай маанилүү өзгөртүүлөр болгону жатат?
Чынара Эсенгул: Парламентти Курултай деп атап, вице-президент деген жаңы кызмат орду кирип атат. Вице президент өлкө башчысы менен Курултайды байланыштырчу позиция болот. Мындан тышкары "чет элдик агент" дегендерге да расмий киришип, эл аралык уюмдардын каражаттарын жана алар кайда жумшалып жатканын көзөмөлдөгөнгө аракет болуп жатат. Жалпы жарандык укуктарды күчөтүү боюнча да бар экен. Эми, эң негизгиси, орусиячыл дейбиз, Орусияда орун алып жаткан процесстерди колдой турган саясаттын негизин түзө турган база болуп жатат. Анан тил маселеси да бар. Орус-украин жаңжалы дагы ушул тил маселесинен чыкпадыбы, Украинадагы орус тилинин макамы боюнча... Анан ушул жагын күчтөнтүп алайын деген Орусиянын бул жерде таасири бар. Орус тилдин расмий макамын бекемдеп, мамлекеттик тил катары казак тилин калтыруу деген бар. Өзөктүк өзгөрүү деп ушул эки – «чет элдик агент» жана тил маселесин айтат элем.
Би-Би-Си: Токаев БУУну катчылыгына өзүн көрсөтөрү тууралуу Казакстанда талаш-талкуулар да бар экен. Бирок анда суроо жаралат, андай жагдайда Токаевге Баш мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы бар беле?
Чынара Эсенгул: Эгер Токаев чындап эле БУУнун катчылыгына талапкерлигин көрсөтө турган болсо, аны колдогон ири мамлекеттер болушу керек. Анын ичинде Орусия, Кытай. Бул өлкөлөр жактаган нукта саясий система, философия менен Казакстан өнүгүшү керек деген мааниде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип алып, анан БУУда иштей турган болсо дагы ошол колдоону алышы керек. Андыктан бул эки процесс байланыштуу болушу мүмкүн.
Би-Би-Си: Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө бийлик борбордоштурулуп, президенттик башкаруу өкүм сүрүүдө. Эмне үчүн региондо лидерлер барган сайын абсолюттук бийликке умтулуп жатышат?
Чынара Эсенгул: Жалпысынан азия элине, анын иичнде борбор азиялыктарга ушул саясий маданият мүнөздүү. Бир адамдын же бир партиянын бийлиги болсо, реформалар жоопкерчилик менен ишке ашат деген ой жүгүртүү. Борбор Азияда дагы бир адамдын же жеке башкаруу күч алып келүүдө.
Ал эми абсолюттук бийликке умтулганы, албетте, көп жакшы эмес.
Ошондуктан бийликтин башка бутактары, парламент, сот абдан күчтүү болушу керек. Бул Батыштан келген демократия модели. Биз да аны кабыл алганбыз, бирок ага карабай, жалпысы ушул дүйнөдө согуштук абалдар күчөп жаткан чакта супер президенттик башкаруу стабилдүүлүктү жана чечимдердин ыкчам кабыл алынышын камсыз кылгандыктан ага умтулуу болуп жатат. Бирок бийлик эмнеге абсолюттук болуп кетип жатат? Чөлкөмдө саясатта бийликке балдарын, жакындарын тартуу маданияты бар да, династия катары болуп кеткен. Борбордоштурулган бийлик ошол үчүн абсолюттук жагына ооп кетип жатат. Мында анын оош-кыйышы да бар экенин айткым келип жатат. Жалпы геосаясий абал дагы көп мамлекеттерде бийликти борбордоштурганга түртүп жатат.





























