Камчыбек Ташиев Жибектин өлүмү тууралуу: Аялга, өзгөчө энеге кол салууну актоого болбойт

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн келиндин өлүмү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу "Кабар" улуттук агенттиги кабарлады.
Камчыбек Ташиев аталган окуяны "бүтүндөй өлкө ичиркенүү менен кабыл алганын" белгилеп, "кылмышкерди актоого эч кандай негиз жок" экенин баса белгиледи.
"Кечээ бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды терең кайгыруу жана ичиркенүү менен кабыл алды. Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары, мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү", - деди Ташиев.
Мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооптуу жетекчи катары Ташиев аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулукка каршы мамлекеттин позициясы принципиалдуу экенин билдирди. Анын айтымында, аялга кол көтөргөн же курал кезеген ар бир адам жазадан кутулбай турганын билиши керек.
"Күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында", — деп кошумчалады ал.
Камчыбек Ташиев каза болгон келиндин жакындарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Жибектин өмүрүн алган каргашалуу окуя
2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлдү. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынды.
Маркумдун жакындарынын айтымында, Жибек күйөөсү тарабынан көп жылдар бою системалуу түрдө зомбулук көрүп келген. Эки ай мурун катуу токмок жегенден кийин милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алган. Окуя болгон күнү сотто ажырашуу маселеси каралып, Жибек күйөөсү менен жарашуудан так кесе баш тарткан. Бирок сот жараяны февраль айына жылдырылып, соттон чыккандан кийин шектүү аялды үстөмдүк менен ээрчип алып, акыры апасынын үйүнөн өмүрүн кыйган.
Маркумдун сиңдиси окуя болор алдында "102" кызматына бир нече жолу чалып, эжесинин өмүрүнө коркунуч келип жатканын, күйөөсүндө курал бар экенин айтып жардам сураган. Жакындарынын пикиринде, эгер милиция кызматкерлери чакырууга эртерээк келишсе, өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болмок деген ойдо. Шаардык милиция чакыруу саат 21:00дө түшүп, ыкчам топ 21:45те барганын билдирген.
Жибек Урустемованын артында үч баласы калды (эң кичүүлөрү 2-3-класстын окуучулары). Улуу баласынын айтымында, апасы ипотека төлөп, үй-бүлөнү жалгыз багып келген. Ал адвокат болууну жана Жапонияга барып сакуранын гүлдөгөнүн көрүүнү кыялданып жүргөн.
Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында эле 16 миңден ашык зомбулук учуру катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 31%га көп. Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары рейтингдерде калууда.

Сүрөттүн булагы, Courtesy











