Садыр Жапаров 55 жашка толду

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, President.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн 55 жашка толду. Эгемен мамлекеттин алтынчы президентинин саясий жана мамлекеттик ишмердигинин урунттуу учурларына сүрөт баян менен токтолобуз.

Садыр Жапаров биринчи жолу 2007-жылы, экинчи жолу 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаровдун саясий ишмердиги 2005-жылы башталган. Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. 2008-2009-жылдары коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке экинчи ирет депутат болуп шайланган.
Садыр Жапаров "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп турган кезинде 2013-жылы партиялаштары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга камалган.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2013-жылы Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Садыр Жапаров "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп турган кезинде 2013-жылы партиялаштары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылы июнда сот аларды актап чыгарган.
Садыр Жапаров Кыргызстандын 2020-жылы 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү митинг боюнча айыпталып, Польшага чыгып кеткен. 2017-жылы кайтып келгенде камакка алынган. 2020-жылы шайлоодон кийинки каршылык акцияларында түрмөдөн бошоп чыгып, 10-октябрда премьер-министр болуп бекиген. 14-ноябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон.
Садыр Жапаров шайлоо

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2021-жылы январда болгон бүткүл элдик шайлоодо шайлоочулардын дээрлик 80% добушуна ээ болуп, жеңип чыкты.
Садыр Жапаров президенттик антын берген күн

Сүрөттүн булагы, presidnet.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2021-жылы 28-январда президенттик антын берген
Жапаров Путин

Сүрөттүн булагы, Википедия

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров менен Владимир Путин, 2021-жыл, 24-февраль. Президенттик биринчи чет элдик сапары Москвага болду. Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясатында көп векторлуу курсту улантып келатат, бирок Батышта аны Кремлге жакын саясатчы катары карашат.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында чыгып сүйлөдү. 2021-жыл, 2-ноябрь

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында чыгып сүйлөдү. 2021-жыл, 2-ноябрь
2022-жылы “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын жарыя кылды. 31-август, 2022-жыл.

Сүрөттүн булагы, Presidnet.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын жарыя кылды. 31-август, 2022-жыл.
Биринчи элдик курултайда. 2022-жыл. 25-ноябрь

Сүрөттүн булагы, Presidnet.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи элдик курултайда. 2022-жыл. 25-ноябрь
Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик доорундагы отуз жылдан ашуун мезгилден бери созулган чек ара талашын тактап бүтүп чекит койду.

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы отуз жылдан бери созулган чек ара талашын тактап бүтүп, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен келишим грамоталарын алмашты. 27-январь, 2023-жыл.