Аскердик чыгымдар рекорддук деңгээлге чыкты

Дэнни Эберхард, Би-Би-Синин регионалдык редактору

Швециядагы тынчтыкты изилдөө эл аралык институту (SIPRI) Россия Украинага кол салгандан кийин дүйнөдөгү аскердик чыгымдар рекорддук жогорку деңгээлге чыкканын билдирди. Сөз 2,24 триллион долларга өскөн аскердик чыгымдардын жарышы жөнүндө. SIPRI билдирген бул суммага курал-жаракка, ошондой эле армияны кармоого, техникалык тейлөөгө, изилдөөгө, технологияларга кеткен чыгымдар кирет.

Швециянын көз каранды эмес изилдөө институтунун айтымында, дүйнө барган сайын кооптуу болуп баратканын статистика көрсөтүп турат. Украинадагы согуштун алдында Европада жана башка жактарда аскердик максаттагы чыгымдар кескин көбөйгөнү таң калыштуу эмес.

Курал-жарактарга каражат жумшоо жагынан АКШ абсолюттук лидер бойдон калууда. Соңку он жылда АКШ аскердик изилдөөлөргө жана технологияларга инвестицияны 24% көбөйтүүдө. АКШнын 2022-жылдагы аскердик чыгымдары 877 млрд долларды түздү.

Россиянын аскердик чыгымдары ачык-айкын эмес болсо дагы айрым эсептөөлөр боюнча тогуз пайызка көбөйдү. Бирок Кытайга жетпейт. Кытайдын аскердик чыгымдары АКШнын аскердик бюджетинин үчтөн бирине барабар.

Ал эми Украинанын өзүнүн аскердик чыгымдары, сырттан келген жардамды эске албаганда, 640 пайызга өстү. Бул 70 жылдан бери алганда эң ири өсүш.

Бул согуш башталганы Борбордук жана Батыш Европада аскердик чыгымдар кансыз согуш убагынан бери боло элек деңгээлге чыкты.

Россиядан кийин аскердик максатка көп акча жумшап жаткан Европадагы өлкө жана дүйнөдөгү алтынчы өлкө Улуу Британия. Анын аскердик чыгымдары 3,5 пайызга өстү. Анын үстүнө Лондон Украинага аскердик жардамдын көлөмүн боюнча АКШдан кийинки эле донор болуп калды.

Швециянын тынчтыкты изилдөө институтунун айтымында, статистика көрсөткөндөй, дүйнө барган сайын кооптуу болуп баратат. Бул аскердик чыгымдардын сегизинчи жыл катары менен өсүп жаткан тенденциясы.

SIPRI аскердик чыгымдар жана курал-жарак өнөр жайы боюнча программасынын башчысы доктор Люси Беро-Судро Би-Би-Сиге Европада аскердик чыгымдардын өсүп жатканын узак мөөнөттөгү тенденция деп атады.

Азияда Кытай менен Индия алдыда

Швециялык институт Азиядагы аскердик чыгымдардын жыл санап өсүп жатканын белгилеген. Кытайдын аскердик чыгымдары төрт пайыздан ашты, бул жакта реалдуу түрдө алганда аскердик чыгымдар отуз жылдан бери өсүү жолунда келатат.

Отчетто анын себептери көрсөтүлгөн эмес, бирок Тайван бир себеп болушу мүмкүн. Анткени бул аралдын айланасындагы кырдаал курчуп баратканы белгилүү. Кытай аны бөлүнүп калган провинция катары карап келатпайбы.

Жапонияда да аскерге чыгымдар кескин өстү – дээрлик алты пайызга. Жапония Кытай менен Түндүк Корея, Россиядан келип жаткан коркунучтан улам өткөн жылы аскердик чыгымдарды беш жыл ичинде эки эсе көбөйтө турганын жарыя кылган,

Ал ортодо Пакистан жана Кытай менен чек ара чатактары бар Индияда аскердик бюджет алты пайызга өстү.

Жакынкы чыгышта Сауд Аравиясы куралдуу күчтөргө абдан чоң көлөмдөгү каражатты – 75 миллиард доллар жумшады.

SIPRI көз карашында Эр-Рияддын Йемендеги кырдаалга кийлигишкени бул жерде маанилүү себептердин бири болуп саналат. Бул көрсөткүч менен Сауд Аравия Индиядан кийинки бешинчи орунга чыкты.

Ошол эле убакта куралдуу күчтөргө чыгымдарды көбөйтүү бардык эле региондо болуп аткан жок.

Отчетко караганда, Түштүк жана Борбордук Америкада, Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө чыгымдар азайды.

Эфиопия Тыграйдагы конфликттен улам аскердик чыгымдарын кескин көбөйткөн менен жалпы Африка боюнча чыгымдар азайды.

Нигерияда коопсуздук жаатында көйгөйлөр болуп жаткан менен, анын ичинде исламдык экстремизм да бар, аскердик каржылоо үчтөн бирге төмөндөгөн.

Изилдөөдө ошондой эле кыйраткыч суу ташкындары Абуджинин өкмөтүн негизги багыттары кайра карап чыгууга мажбур кылганы айтылат.

Кыргызстан да аскердик бюджетин көбөйттү

Кыргызстан 2021-жылы эле Түркиядан "Байрактар" дрон учактарын сатып алганы жарыя болгон. Канчаны, канча акчага сатып алынганы ачык айтылган эмес.

Эки жыл катары менен Тажикстан менен чек арада куралдуу кагылышуулар болгондон кийин кыргыз өкмөтү биринчи жолу армияны күчтөндүрүүгө мамлекеттик казынадан каражат тапканы айтылган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда басма сөз жыйынында Кыргызстан аскердик техникага 100 млн доллар акча бөлүнгөнүн билдирген. (КС)