You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытайдын “супер аскери” тууралуу мифтер жана реалдуулук
- Author, Thom Poole
- Role, BBC News
АКШнын чалгын кызматы Кытай "робот сымал аскерлерди" чыгарууга белсенип жатканын жарыялады. "Супер аскер" чыгаруу бир учурда фантастика катары каралса, азыр робот сымал жоокерлерди даярдоого Кытайдан тышкары башка мамлекеттер дагы кызыкдар.
Алдыга озуп кетүү үчүн бай мамлекеттер технологияга басым жасап келгени талашсыз. Мисалы, скотчту алалы. Учурда бул буюмду дүйнөнүн булуң-бурчунда колдонуп келишет. Аны алгач Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Веста Штаудт аттуу заводдун жумушчусу сунуштаган.
Аскерлер ок-дары салган кутучаларын кагаздан жасалган скотч менен жабыштырып, ал суу болгондо кутучалары ачылып кыйналган эле. Штаудт айым суу болгонуна карабай кутучаны жабык кармай алган кездемеден жасалган скотчу сунуштаган. Заводдун жетекчиси Веста Штаудттун идеясын четке какканы менен, анын катын президент Рузвельт окуп, бул идеяны ишке ашырууну буйруган.
2014-жылы ошол учурдагы президент Барак Обама журналисттер менен жолугуп, "мен темир киши (Iron Man) жасалат деп жар салганы келдим" деп айткан. Журналисттер күлүп, аны тамаша катары кабыл алганы менен, мурдагы президент чындыкты айтып жаткан.
АКШнын армиясы аскерлерди коргой алган Tactical Assault Light Operator Suit (Talos) же Оператордун тактикалык жеңил костюмунун үстүнөн иштеп жаткан эле. Бирок беш жылдан кийин долбоор жабылып калды. Эми эксперттер беш жылдын ичинде жүргүзүлгөн изилдөөнү азыр деле колдонсо болот деп айтышууда.
Учурда бай мамлекеттер экзоскелет аркылуу аскерлерине артыкчылык берүүнү көздөп жатышат. Аскерге артыкчылык берүү жаңылык деле эмес. Байыркы замандан бери мамлекеттер жаңы курал, машыгуу жана тактика аркылуу аскерлерине артыкчылык берүүнү көздөп келет.
Бирок азыркы доордо артыкчылык берүү деген түшүнүктү аскерге бир гана заманбап курал берүү эмес, аскердин өзүн өзгөртүү катары көрүп калдык.
2017-жылы Орусиянын президенти Путин адамзат жакын арада "өзөктүк бомбадан дагы коркунучтуу курал" чыгарат деп эскерткен. Орусиянын лидери жакын арада адамды өзгөртүп, "ал бир гана математика боюнча гений же залкар музыка чебери эмес, эч коркпогон, өкүнбөгөн жана эчтекени сезбеген аскер жаратышы ыктымал" деп кошумчалаган эле.
Өткөн жылы АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Кытай биологиялык өзгөрүүлөр аркылуу "супер аскер" жасап чыгаруу боюнча кишиге тест жүргүзүп баштады деп айыптаган. Кытай бул дооматтарды "жалган, акылга сыйбаган сөз" деп билдиргени бар.
Амбиция жана реалдуулук
Албетте, армиянын катарында ысыксуукту сезбеген, өкүнбөй, коркпой жана ойлонбой туруп буйрукту аткарган аскер болгону чоң артыкчылык. Бирок АКШнын "темир киши" долбоору көрсөткөндөй, андай амбицияларды ишке ашыруу үчүн технология али өнүгө элек.
2019-жылы АКШнын илимпоздору Кытайдын армиясы генди өзгөртүү, экзоскелет технологиясын өнүктүрүү жана чиптин жардамы менен адам менен куралды байланыштыруу жолорун карап жатканын жарыялашкан. Баяндама негизинен Кытай армиясынын өкүлдөрүнүн сөзүнө негизделген эле.
Окумуштуу Элса Кания баяндаманын авторлорунун бири. Ал АКШнын чалгын кызматынын Бээжин тесттерди өткөрүп жатат деген сөзүнө ишенбейт.
"Кытайдын армиясы кандай технология жөнүндө сөз кылып жатканын түшүнүшүбүз керек. Ошол эле учурда амбиция менен реалдуулукта чоң ажырым бар экенин дагы эске алалы. Учурда технология андай деңгээлде өнүгө элек",-дейт окумуштуу.
Андан тышкары окумуштуулар мындай изилдөөлөрдө этикалык чектөөлөр дагы бар экенин белгилейт. Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү "супер аскер" чыгаруу үчүн генди өзгөртүүнүн үстүнөн иштөөдөн баш тартат.
Ал эми окумуштуу Хелен Онил болсо технология колдо бар экенин, бир гана окумуштуулар аны колдонбой келгенин айтууда. Мисалы, 2018-жылы кытайлык окумуштуу Хе Жианкуй эгиз кыздардын генин түйүлдүк кезинде өзгөртүп, аларга ВИЧ инфекциясы жукпагандай кылган. Бул жаңылык окумуштуулар арасында кызуу талкууга жем таштап, Хе Жианкуй кескин сынга кабылган. Көп мамлекеттерде, анын ичинде Кытайда генди мындай багытта өзгөртүүгө тыюу салынган. Хе Жианкуй изилдөөсү үчүн абакка кесилген.
Ага карабастан окумуштуулар Хе Жианкуйдун табылгасын био-этикадагы бурулуш учур катары санашат. Себеби эгиз кыздар бир гана ВИЧ инфекциясынан корголбой, алардын таанып-билүү жөндөмүнө дагы артыкчылык берилген.
Окумуштуу Кристофер Галихеттин айтымында, бир генди өзгөртүп койсо, анын бир эле таасири болбойт.
"Генди алып адамдын булчуңун чоңойтуп же абдан бийик тоо шартында оңой дем алгыдай кылып өзгөртсө болот. Бирок өзгөрүүлөр ошол жерден токтоп калбайт. Убакыт өткөндөн кийин ошол адам рак сыяктуу оор илдетке кабылышы ыктымал",-дейт ал.
Дал ушул көйгөйдөн улам генди өзгөртүү этикалык суроолорду жаратат. Гендерди каалагандай өзгөртүүгө жол ачылса дагы, аны аскердик багытта колдонуу чоң маселе жаратышы ыктымал.
Мисалы, аскер генди өзгөртүүгө макулдук береби же буйрукту аткарууга аргасыз болобу? Орусия менен Кытай коронавирус вакцинасын алгач аскерлерге текшерген. Алар клиникалык сыноого катышууга макулдугун бердиби же жокпу белгисиз бойдон.
"Армия аскерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн жаралган эмес, армия согушта жеңишке жетүү үчүн стратегиялык артыкчылыкка жетүүгө умтулат",-дейт Оксфорд университенини окумуштуусу профессор Жулиан Савулеску.
"Супер аскер" жакын арада жаралбайт, бирок бул багытта изилдөөлөр жүрүп жатканы талашсыз. Ошондуктан айрым окумуштуулар эмитен эле мыйзам, эрежелер жазылышы керек экенин айтууда.
Бул технология аскердик жана жарандык багытта колдонулганы дагы маселе жаратып келет. Айталы, экзоскелет алгач шал болуп калган кишилерге жардам берүү үчүн чыгарылган. Илимий изилдөөлөр дагы ушул багытта жүрүп, көптөргө үмүт берген.