You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аскердик чыгым: 2020-жылы 2 триллион доллар коргонууга сарпталды
Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө эл аралык институту (SIPRI) 2020-жылы коргонууга жумшалган чыгымдар тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда АКШ менен Кытай алдыга чыкты, Орусия болсо Вашингтондон 12 эсе аз каражат сарптап төртүнчү орунда.
2020-жылы Орусия аскердик багытта 61,7 миллиард доллар сарптаган. SIPRI Орусиянын аскердик чыгымдары экинчи жолу өсүп жатканын белгиледи. 2020-жылы Орусиянын коргонууга бөлгөн каражаты 2,5 пайызга жогорулаган.
Ага карабастан Москва мурда болжонгондон 6,6 пайызга азыраак каражат сарптады. Орусиянын аскердик чыгымдарын ИДПга салыштырып караганда, өлкө биринчи орунга чыгат. Мисалы, Орусия ИДПсынын 4,3 пайызын коргонууга сарптаса, Британия 2,2 пайызды, Кытай 1,7 пайызды, АКШ болсо 3,7 пайызды жумшаган.
Биринчи орунда турган АКШ 2020-жылы 778 миллиард доллар сарптап, 2019-жылга салыштырмалуу коргонууга бөлүнгөн каражат 4,4 пайызга өстү. АКШнын аскердик чыгымдары дүйнөдөгү жалпы коргонууга бөлүнгөн каражаттын 39 пайызын түзөт. Ал эми Кытай 26-жыл катары менен аскердик чыгымдарын жогорулатып, былтыр 252 миллиард долларды түздү.
Айрым мамлекеттер канча каражат сарптаганы боюнча маалымат так болбогондуктан, SIPRI болжолдуу баа берет. Мындай мамлекеттердин катарына Кытай менен Сауд Арабиясы кирет.
Кыргызстандын 2020-жылдагы чыгымы 127 миллион доллар катары көрсөтүлөт, Казакстан 1,733 миллион доллар жана Тажикстан 80 миллион. Өзбекстан менен Түркмөнстан коргонууга канча каражат бөлгөнү боюнча маалымат жок.
SIPRI уюмунун баяндамасына ылайык, 2020-жылы 2019-жылга салыштырганда дүйнөдө коргонууга бөлүнгөн каражат 2,6 пайызга жогорулап, 1,98 триллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда дүйнөнүн ИДПсы 4,4 пайызга төмөндөгөн.