You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Армения менен Азербайжанды кайым айтыштырган аскер паркы
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 12-апрелде Баку шаарында "Согуштун олжосу" аталган паркты ачты. Анда армяндардын аскердик техникасынан тышкары, аскерлердин каскалары, кийимдери жана туткунга түшкөн офицерлерди жана жоокерлерди сүрөттөгөн куурчактар бар.
Мындай парктын ачылышы Азербайжандын өзүндө кызуу талкууланып, сын-пикирлер айтылды. Армения болсо бул кадамды согушта каза тапкан аскерлерди мазактоо катары мүнөздөдү.
Эксперттер олжо паркы Тоолуу Карабакта тынчтыкка жетүү жараянына тоскоолдук жаратарын белгилеп жатышат.
Паркта Тоолуу Карабакта 44 күнгө созулган согушта Армения армиясынан тартып алынган аскердик техникалар дагы жайгаштырылган. Бирок коомдук сайттарда негизинен куурчактар менен каскалар кызуу талкууга алынды.
"Мемориалдык комплексте сувенир саткан дүкөндө "Карабах бизимдир" ("Карабак биздики") деген жазуу менен футболкалар сатылып жатканы туура эмес. Ооба, куурчактар менен каскалар Арменияны сыйлабастык. Бирок сувенир дүкөнүндө сатылган буюмдар өз аскерлерибизди сыйлабагандык",-дейт коомдук сайттын колдонуучулардын бири.
"Музей ачылганына капа болгон жокмун, бирок куурчактарды көрүп уялдым",-деп жазды дагы бир тургун.
"Жаңжал чечиле элек"
2020-жыджын 9-ноябрында 44 күнгө созулган Тоолуу Карабактагы согуштан кийин Азербайжан, Армения жана Орусия ок чыгарбоо келишимине кол койгон.
Баку Карабактын айланасындагы жети районду жана мурда жоготкон аймактарды колго алган. Башкача айтканда Азербайжан ССР курманы кирген автоном Тоолуу Карабак аймагынын үчтөн бирин ээлеп калган. Ошондуктан Армения согушта жеңилип калды деп айтылган.
Ага карабастан Тоолуу Карабактагы жаңжал чечиле элек.
Азербайжан парламентинин өкүлү Захид Оруж тарыхый музейде орунсуз эчтеке жок экенин айтып, башка өлкөлөрдөгү буга окшош музейлер деле ушундай экенин белгиледи.
"Каскалар жөнүндө сөз кылсак, Азербайжан менен Армения нейтралдуу зонада согушкан болсо, анда бул катачылык болмок. Бирок ошол шлемдерди кийген аскерлерди коргоп жаткандар, бул жоокерлер отуз жыл бою кылмышка барганын эстен чыгарбашы керек. Бул аскерлердин колунан өз өлкөбүздүн бүтүмдүгүн жана эгемендүүлүгүн жулуп алдык.",-деп кошумчалады ал.
Депутат бул маселени улуттук-этникалык көз караштан эмес, оккупациялоо контекстен караш керек экенин айтты. Захид Оруж Азербайжан Карабакта башка этникалык топтор, анын ичинде армяндар жашап келгенин эч четке какпайт, ошондуктан муну улуттар аралык кастыкты козутуу катары кабыл алуу катачылык экенин дагы маалымдады.
Азербайжандык саясат талдоочу Зардушт Ализаде Карабактагы жаңжал али чечиле элек экенин белгиледи.
"Карабакта армяндар менен мамилени оңдош керек. Армения мамлекети менен тынчтык келишимине кол коюш керек. Бүгүнкү күндөгү окуялар, жаңылыктар жана телеканалдардагы көрсөтүүлөр бизди тынчтыкка жакындатпайт"-деди ал.
Зардушт Ализаде каскалар жана куурчактар жайкын армяндарды эмес, "оккупанттарга" жана Азербайжанга мыйзамсыз кирип келип, кыргын уюштурган аскерлерди сүрөттөгөнүн билдирди.
"Менимче, согушта жеңишке жеткенден кийин өткөндү кайра көтөрүп чыгуунун кереги жок эле. Андай кадам мамлекеттин максатына жакындатпайт",-дейт Ализаде.
Армениянын реакциясы
Армениянын Тышкы иштер министрлиги 13-мартта Азербайжандын паркын "дүйнөдөгү сабырсыздык жана ксенофобиянын борбору" деп атады.
"Парктын салтанаттуу ачылышы жана андагы Азербайжан президентинин кайрылуусу согуш учурунда каза болгон, дайынсыз жоголгон армян аскерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн мазактоо катары баалайбыз",-деп айтылат Армения ТИМи тараткан билдирүүдө.
ТИМ армян аскерлеринин каскалар жана жеке кийимдерин көргөзмөгө коюп, Баку согуштан кийинки абалды турукташтыруу, аймакта тынчтыкты орнотуп, эки элди элдештирүү боюнча макулдашууну бузганын дагы кошумчалады.