You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тоолуу Карабак келишими: Азербайжан эмнеге жеңиш деп жарыялады?
44 күнгө созулган Тоолуу Карабактагы согуш токтотулду. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан лидери Ильхам Алиев, Орусия президенти Владимир Путин Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишимге кол койду.
Келишим боюнча армян тарап Тоолуу Карабактагы жана анын тегерегиндеги басып алынган аймактарын жоготот. Эки миң чамалуу орусиялык аскерлер чектеш аймакка жана Лачин коридоруна жайгашат.
Келишимде эмне жазылган? Тынчтыкка ким кепилдик берет?
10-ноябрь күнү үч тараптуу келишим Кремлдин сайтына жарыяланды. Андагы негизги шарттарга токтололу:
- Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттердин баарын токтотот. Аскер күчтөрү ээлеген турумдарында кала бермекчи. Тынчтык күчтөрү ок атышпоо келишиминин аткарылышын көзөмөлдөйт.
- Тараптар туткундар жана курман болгон аскерлердин сөөктөрүн өткөрүп беришет.
- Орусиянын тынчтык күчтөрү аймакка беш жылдык мөөнөт менен кирет. Тараптардын макулдугу менен бул мөөнөт автоматтык түрдө кайра узартылат. Алар чектеш аймакка жайгашат.
- Шуша шаары Азербайжандын көзөмөлүндө калат.
- Армения Азербайжанга үч районду - Агдам, Келбажар жана Лачинди кайтарып берет.
- Тоолуу Карабактагы армян күчтөрү Степанакерт (Ханкенди), Мардакерт (Агдере), Мартуни (Ходжавенд) жана аймактын башка бөлүктөрүн көзөмөлдөп кала берет.
- Лачин районунда Тоолуу Карабак менен Арменияны байланыштырган коридор болот. Аны орусиялык тынчтык күчтөрү көзөмөлдөйт.
- Армения тарап Азербайжан менен Нахичевань автоном республикасынын карым-катышында коопсуздукту сактоого кепилдик алды. Бул коридордо дагы орусиялык тынчтык күчтөрү жайгашат.
- Ички жана сырткы качкындар толугу менен Тоолуу Карабакка жана ага караштуу аймактарга кайра келе алат. Муну БУУнун көзөмөлү алдында жүргүзүү жагы макулдашылган.
Келишимге ылайык, региондогу тынчтыкты сакталышын көзөмөлдөөнү орусиялык аскер күчтөрү өзүнүн жоопкерчилигине алды. Карабакка тынчтык күчтөрү жөнөтүлө баштады. Баардыгы болуп 1960 аскер, 90 БТР жана 370 даана автоунаа жана башка атайын техникалар келет.
Жарашуу келишмине кол коюлгандан кийин Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабактагы тынчтык күчтөрүнүн катарында түркиялык аскерлер дагы болорун айткан эле. Бирок расмий келишимде бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дагы Алиевдин айткандарын четке какты.
Түркия Азербайжанга ок чыгарбоо шарттарын байкоого ала турган борборду түзүүгө жардам бериши мүмкүн. Бирок ал Азербайжандын ички аймагында болот деп түшүндүрдү Песков.
Келишимде Тоолуу Карабак макамы боюнча эч кандай сөз жок. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аймактын макамы боюнча мурдагы укуктук чечимдер, анын ичнде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы күчүндө кала бере турганын айтты. Анда аймак Азербайжанга таандык деп көрсөтүлгөн.
Азыркы шартта Тоолуу Карабактагы азербайжандык армия ээлеген аймактардан сырткары жерлер армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө кала берет дейт эксперттер. Келишимден мындан кийинки кадамдар кандай болору айтылган эмес.
"Азыркы кырдаал тынчтык толук орноду дегенди билдирбейт",-дейт Түштүк Кавказ боюнча эксперт Ганс Гутброд. Анын пикиринде, региондогу стабилдүүлүктү жөнгө салуу жана чек араларды ачуу үчүн көп иштерди кылуу керек. Ал үчүн негизги оюнчулар Түркия менен Азербайжан ийкемдүү болушу керек деди ал.
Азербайжан 25 жыл мурун жоготкон аймактарын гана кайтарып албастан, байыркы жана өтө маанилүү саналган Шуша шаарын көзөмөлүнө алды. Иш жүзүндө Шушаны көзөмөлдөгөн тарап оңой эле Карабактын борборун ээлеп коюшу мүмкүн.
Ошондуктан келишимге кол коюлгандан кийин Ереванда массалык тополоң болуп кетти. 2018-жылы элдик толкундоолордун арты менен келген Никол Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган чакырыктар айтылды.
Өлкө президенти Армен Саркисян келишимге кол коюп жатканда кеңешкен жок деп Пашинянды айыптады. 17 оппозициялык партия Пашиняндын отставкасын талап кылды. Пашинян айыптоолорго макул эмес экенин, жападан жалгыз туура чечим болгонун айтууда.
Армян тарап жана Тоолуу Карабактын лидерлери Азербайжан күчтөрү Шуша шаарын көзөмөлүнө алгандан кийин артыкчылыкка ээ болгонун айтууда. Шаардын алынышы тууралуу маалыматты Алиев 8-ноябрда жарыялаган эле. Бул регион үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү пункт.
Эгерде согуштук аракеттер улана берсе, Азербайжан бир нече күн ичинде аймактын баарын ээлеп алмак, - деди эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын президенти Араик Арутюнян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн аскер жетекчилеринин сунушу менен гана келишимге кол койгонун айтты. Согушту улантуу үчүн мобилизация маселесинде көйгөй болгонун белгиледи. (AbA)