Индиядагы мээ кайнаткан аптаптан өлгөндөр
Сутик Бисвас, @soutikBBC, Индия боюнча кабарчысы
Индиянын борбору Делидеги эң ири ооруканалардын биринде дарыгер буга чейин мындай нерсени көрбөгөнүн айтты.
«Бул болуп көрбөгөндөй ысык жел. Бул жерде иштеген 13 жылымда аптаптан каза болгондугу тууралуу күбөлүккө кол койгонум эсимде жок. Бул жылы мен бир нечесине кол койдум", - дейт Рам Манохар Лохиа ооруканасынын (RMLH) кызматкери Ажай Чаухан.
Дели узакка созулган ысык желдин астында калды, май айынан бери суткалык температура 40C тан (104F) ашып, 50Cга жакындады.
Абанын нымдуулугу жана ысык шамал күндүн аптабын ого бетер күчөтүп, суунун жетишсиздигине жана суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келүүдө.
Борбордо болсо адаттан тыш аптаптан эл өлө баштады.
Нымдуу аба менен коштолгон аптаптуу күн адамды капилет ооруга тушуктуруп, дененин ички температурасынын 105F (40,5°C) же андан жогору болушуна, жеңил баш айланууга, өзүн жоготууга алып келет. Булар – күн өтүүнүн эң негизги үч белгиси. Күн өтүү да унчукпай өлтүргүч болуп саналат жана жабырлануучулар күн өткөндөн кийин бир нече сааттан кийин ооруп башташы мүмкүн.
Индиянын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча улуттук борбору күн өтүүнү 40-64% өлүм көрсөткүчү менен коштолгон "өмүргө коркунуч туудурган" абал деп атайт.
Делидеги доктор Чаухандын ооруканасы май айынын аягында күндүн адаттан тыш ысышына байланыштуу клиника ачкандан бери жети адам аптаптан каза таап, 40тан ашууну ооруканада дарыланууга үлгүрдү.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жабыркагандардын көпчүлүгү сыртта, шарттары начар чакан заводдордо иштеген, ысыктан сактанууга мүмкүнчүлүгү жок эркектер болуп саналат. Ырас, аптаптуу күндүн илеби Дели менен эле чектелбейт: март айынан бери адаттан тыш ысыкка байланыштуу оорулардан ондогон адамдар каза болду, Уттар-Прадеш жана Одиша штаттарында июнь айынын башында үч күндүн ичинде 50дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты.
RMLH клиникасында, балким, Индияда биринчилерден болуп күн өтүүдөн жабыркаган бейтаптарды сактап калуу аракеттери климаттын кескин өзгөрүшүнөн жана саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардан улам пайда болгон көйгөйлөрдү ачыктады окшойт.
Бир нече күн мурун дене температурасы 42C (107,7F) чейин көтөрүлгөн бир кишини алып келишкен. Ал эми дененин нормалдуу ички температурасы - 37-38C. Ушундан улам анын ысыктан жабыркап жатканы апачык көрүнүп турду.
Мындай температурада адамдын организми толук кандуу иштебей баштайт, клеткалар начарлап, органдардын иштебей калуу коркунучу жаралат. Теридеги кан агымы жайлап, тер бөлүнүп чыкпай, тери муздап, нымдашып калат.
Клиникада дарыгерлер бейтапты температурасы 0дөн 5 градуска чейин жеткен 250 литрлик керамикалык ваннанын муздуу суусуна түшүрүшкөн. (Клиника эки керамикалык ванна, 200 кг муз жасоочу машина, ректалдык термометрлер, муз кутучалары жана үйлөмө ванналар менен жабдылган.) Оорулуу жалпы палатага которулганга чейин, муздап, калыбына келүү үчүн, 25 мүнөттөй убакыт талап кылынган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
«Эрте муздатуу өмүрдү сактап калат. Мында ар бир секунд маанилүү”, - дейт доктор Чаухан. Кечигип калуу өлүмгө алып келиши мүмкүн, же пациент кансырап, же анын бөйрөктөрү жана боору жабыркашы ыктымал.
Делиде ооруп калуу оңой эле. Анткени жашоо катаал. Тургундардын үчтөн бир бөлүгү талапка жооп бербеген тар турак жайларда жашайт. Шаардын миллиондон ашык үй чарбалары жашаган 6,400 өзгөчө жакыр райондорунда адамдар тийиштүү желдеткичтер жок болгондуктан сезондук кыйынчылыкка туш болушат. Эркектер сыртта иштегенден, аялдар меши бар салттуу ашканада узак убакыт өткөргөндөн кийин ооруп калышат.
Шаарларда жашыл аймактар аз. Аптаптуу жайда шаар бийиктен алоолонгон аптап менен ылдыйдагы жалындуу жердин ортосунда камалып, күйүп турган мешке айланат.
RHMLде күнүмдүк маяна алган жумушчунун аялы Анжана Кумари Индиан Экспресске алардын караңгы үйүнүн жалгыз желдеткичи электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн иштебей жатканын айтты.
Дүйшөмбү күнү кечке иштегенден чарчаган күйөөсү уктай албай, кийинчерээк денеси калтырап, кусуп, ичи өтүп кеткен.
Ал түнү аны ооруканага алып барган.
"Дарыгерлер мага ал бир нече убакыт баса албай турганын жана көп камкордукка муктаж экенин айтышты" деди Кумари.
Эң көп жапа чеккендер - сыртта иштегендер.
Делиде көчөдө соода кылган сатуучулар ысык аба ырайынын ден-соолукка тийгизген терс таасирин иликтөөгө алган Гринпистин жаңы сурамжылоосуна катышкандардын көпчүлүгүн түзөт. Ачуулануу сатуучуларда эң көп кездешет (73,44%), андан кийин баш оору, чаңкоо, күнгө күйүү, чарчоо жана булчуңдардын карышуусу турат. Көпчүлүгү акчанын жетишсиздигинен медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болушкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
«Жылуулук күн сайын күчөп жатат. Биз ачык асман астында жашап жатабыз. Мен кандай ресурстарды чогулта алам? Жакын жерде бир нече бак-дарактар жана өсүмдүктөр болушу керек, ошондо таза аба согуп, дене бир аз жеңилдейт" , - деди Гринписке берген жообунда, кол менен майдалагычты иштеткен, кант камышынын ширесин сатуучу Гудди.
«Күнү бою күндүн ысыгында жүргөндөн кийин кечкисин кечки тамакты жегим келбейт. Болгону бутумду сунуп, уктагым келет», - деди ал.
Бүтүндөй Индияда ысыктан улам адамдар ооруп жатат. Ыкчам талдоо борбору (CRI) тарабынан жүргүзүлгөн жаңы жалпы улуттук сурамжылоо күндүн оттой ысык илеби адамдарга кандайча зыян келтирип, өндүрүмдүүлүктү начарлатканы тууралуу таң калыштуу маалыматтарды берди.
Сурамжылоого катышкан үй чарбаларынын 45% өткөн айда жок дегенде үй-бүлөнүн бир мүчөсү ысыктан ооруп калганын билдирген.
Жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн 67% ашыгы беш күндөн ашык ооруган.
Бул таасир эң жакыр жашагандар арасында өзгөчө оор болду. Тактап айтканда, мотоциклдери бар үй чарбаларынын 32,5% жана унаасы жоктордун 28,2% үй-бүлө мүчөлөрү беш күндөн ашык ооруп калган; автоунаасы бар үй чарбаларында бул көрсөткүч 21,8% түздү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын жумушчуларынын төрттөн үч бөлүгү курулуш жана тоо-кен казып алуу сыяктуу жумуштарда иштешет. Жумуштун көбү аптаптуу ысыкка туш келгендиктен, күндүз коопсуз жана жемиштүү иш сааттары аз болот.
Lancet изилдөөсү 2021-жылы өтө ысыктан улам Индияда 167,2 миллиард потенциалдуу жумушчу сааты жоголгонун билдирди.
"Жумуштагы өндүрүмдүүлүктүн жоготуулары укмуштуудай", - дейт CRI директору Ниланжан Сиркар.
Расмий маалыматтарга караганда, 1992-2019-жылдар аралыгында ысыктын кесепетинен 25 миңден ашуун адам каза болгон. Индия өлүм боюнча маалыматтарды туура түзбөгөндүктөн, эксперттердин айтымында, алардын саны бир топ жогору болушу ыктымал.
Изилдөө көрсөткөндөй, Индиянын адаттан тыш аптап менен күрөшүү боюнча иш-аракет пландары жакшы иштебей жатат.
Greenpeace изилдөөсүнө ылайык, Делидеги сатуучулардын 68%ы ысык жел жөнүндө уккан да эмес. Таң калыштуусу, азыркы аптаптын өтүшү маселеси Индияда саясий талкуунун темасы боло албайт.
«Көптөр аптаптуу ысык желди табияттын туруктуу актысы катары кабыл алып, өкмөттүн кийлигишүүсүн күтүшпөйт. Бул Индияда кеңири көйгөйдүн бар экенин көрсөтөт ", - дейт Сиркар.
Делиде абал начар. 2022-жылы Индияда 203 ашкере ысык аптаптуу күн катталды, бул рекорддук көрсөткүч, анын 17 - Делиде.
Март айы Индиянын аба ырайы департаменти тарабынан катталган эң ысык айы болду, ал эми Делиде акыркы 72 жыл ичиндеги экинчи эң ысык ай апрель болду.
"Күндөн күнгө начарлай берет. Абдан этият болушубуз керек "дейт доктор Чаухан.











