Жарым жылаңач Мона Лизанын колодон эстелиги

Сүрөттүн булагы, PA Media
Мона Лизага негизделген көчө искусствосунун колодон жасалган варианты элдин назарына сунушталды.
Мона Лизанын чыныгы жашоодогу бой-турпатын Ник Уолкер сүрөткө тарткан. Бул скульптура дал ошол эмгектин негизинде жасалган.
Уолкердин бул эмгегинин жаралышына сүрөтчү Бэнкси түрткү болгон. Бэнкси Мона Лизага байланыштуу кандайдыр бир нерсе жасоо эч мүмкүн эмес деген болчу.
Чыгарма Бристолдогу көчө искусствосуна арналган “M-Shed” көргөзмөсүнүн бир бөлүгүнө кирет.
Эстелик Мона Лизадай болуп кийинген моделдин жардамы менен жасалган. Моделди 360 даражада сүрөткө 160 DSLR камера тартып алган.
Ал сүрөт кийин санарип моделди жасоо үчүн колдонулган. Акырында соңку варианты даяр болгон.
1980-жылдардын башында Бристолдун жаман атагы менен белгилүү болгон сахнасынан чыккан Уолкер көчө искусствосунда таанымал адамдардын бирине айланды.
Анын окуясы “Vanguard” көргөзмөсүндө чагылдырлган. Аталган иш-чара Бристолдун алдыңкы көмүскө сахналарына арналган.
Мона Лизанын эстелиги 31-августка чейин көргөзмөгө коюлат.











