Беларуста Лукашенко кантип жетинчи жолу "жеңишке" жетти

Графика

26-январда Беларуста президенттик шайлоо өттү. Александр Лукашенко катары менен жетинчи мөөнөткө шайланары күмөн жараткан жок. Анын атаандаштары техникалык, лоялдуу талапкерлер, чыныгы оппозиция түрмөдө же бозгунда.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары экзитполдун жыйынтыгын жарыялашты. Ага караганда, Лукашенкого жалпы шайлоочулардын 87,6% добуш берген. БЕЛТА агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянуу менен добуш бергендер 85,7% түзгөнүн кабарлады.

26-январь күнү кечинде Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтыктарды жарыялады. БШК Лукашенко үчүн шайлоочулардын 86,82% добуш бергенин ырастады.

Беларустун көз карандысыз маалымат каражаттары жазгандай, бийлик добуш берүүчүлөрдүн санын көбөйтүү үчүн мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине өргүү алууга тыюу салган, дарыгерлерден реанимациядагы бейтаптардын да добуш берүүсүн камсыздоону талап кылган.

Бул арада Европарламент, Евробиримдиктин бир нече өлкөлөрү жана АКШ бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти.

БШК

Сүрөттүн булагы, Sergey Sheleg/TASS

Кырдаал 2020-жылдан такыр башкача

Беларуста шайлоо алдындагы маанай 2020-жылдагы өнөктүктөн таптакыр айырмаланып турду. Ал кезде оппозиция жапырт демонтрацияларды өткөрүп, жүздөгөн киши кармалып, бийликти кескин сындаган адамдар түрмөгө камалып же чет өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз болушкан.

Александр Лукашенко анда расмий маалымат боюнча 80,1% добуш алган, бирок Батыш өлкөлөрүнүн бири да бул жыйынтыкты тааныган эмес. Шайлоо тилкелеринде фальсификация болгонун далилдеген ондогон факты ачыкка чыккан. Бул Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясына бурмаланган маалыматтар келип түшкөн дегенди билдирет.

Ушул тапта Беларуста саясий күрөш же атаандаштык бар деп айтууга болбойт. Маселен, Коммунисттик партиядан президенттикке талапкер Сергей Сыранков Лукашенкону ачык колдоп чыгып, коомчулук алдында анын ыраазычылыгын алган.

"Мага Сережа Сыранков жакты. Ал каршы эмеспиз, биз колдойбуз, биз биргебиз жана азыркы президентке жеңиш каалайбыз деп айтты", — деди Лукашенко.

Калган үч талапкер — Либералдык-демократиялык партиядан Олег Гайдукевич, "Эмгек" партиясынын төрагасы Александр Хижняк жана 2020-жылы шайлоого катышкан ишкер Анна Канопацкая Беларустун азыркы башчысын ачык колдобосо да, каяша айтып, каршы чыкпайт.

талапкерлер

Сүрөттүн булагы, Zerkalo.io

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Зеркало" көз карандысыз басылмасы өз булактарына таянып, мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерине эмгек өргүүгө чыгууга тыюу салынганын жазды. Маалыматка караганда, ооруканалардын башкы дарыгерлеринен бейтаптарды дүйшөмбү, 27-январга чейин ооруканадан чыгарбоону талап кылышкан. Атүгүл шайлоочулардын тизмесине жандандыруу бөлүмдөрүндө же рак оорусунун акыркы стадиясы менен күрөшүп жаткандарды да киргизүүнү буйруган. Басылма "алардын баары эс-учун жоготкон абалда болсо да добуш бериши керек болгонун" жазды.

Шайлоого негизинен Беларус менен ынак КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү байкоочу болду. Расмий маалыматка караганда, Батыш өлкөлөрүнөн болгону 17 байкоочу келген жана алар шайлоого жеке макамда, өз атынан көз салышкан.

Беларус мамлекеттик телеканалдары жарандарды Лукашенко 30 жылдан бери бийлик башында болсо да, "такка тырмышпай турганына" ишендирүүгө аракет жасашты. Ошол эле маалда дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда турганын, демек, ага илешип калбоо үчүн азыркы лидердин айланасында биригүү зарыл экенин белгилеп турушту.

Жекшемби күнү добуш берүү аяктарына бир нече саат калганда Александр Лукашенко маалымат жыйынын өткөрдү. Би-Би-Си редактору Стив Розенберг президенттин бардык саясий оппоненттери түрмөдө же бозгунда болсо, бул шайлоону демократиялуу деп атоого болобу деген суроо узатты.

"Стив, кимдир бирөө түрмөдө, кимдир бирөө бозгунда, сен болсо бул жердесиң. Бул тандоо укугу. Бул – демократия. Сен айткандай, бири түрмөнү, дагы бири сүргүндү тандады. Биз өлкөдөн эч кимди кууган жокпуз. Тескерисинче, биз эшигибизди ачтык. Биз кекчил кишилерден эмеспиз", —деди Лукашенко.

Добуш берүү аяктарына бир нече саат калганда Александр Лукашенко маалымат жыйынын өткөрдү

Сүрөттүн булагы, president.gov.by

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүү аяктарына бир нече саат калганда Александр Лукашенко маалымат жыйынын өткөрдү.

2020-жылы Беларустагы президенттик шайлоодо өзүн жеңүүчү деп эсептеген Светлана Тихановская ошол эле жылдын август айында куугунтуктоодон сестенип, өлкөдөн чыгып кеткени маалым. Ал күйөөсү Сергей президенттикке ат салышууга камданып, бирок камакка алынгандан кийин шайлоого катышууну чечкен. Ушул тапта Сергей Тихановский жана Светлана Тихановскаянын санаалашы Мария Колесникова Беларустагы колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Сергей 18 жылга эркинен ажыратылган.

Лукашенко башка бир журналисттин суроосуна жооп берип жатып:

"Бизде саясий беренелер жок, алар (оппозиция) саясий туткун эмес, кылмыш иштерин карап көрсөк болот", — деди.

Тихановская менен оппозициянын башка өкүлдөрү жекшембиде Польшанын баш калаасында "Менин тандоом эмес" деген аталыштагы жүрүш өткөрүштү. Алар Варшаванын көчөлөрүнө 350 метрлик ак-кызыл-ак тууну көтөрүп чыгышты. Бул 2020-жылдагы толкундоодон кийин өлкөнүн альтернативдүү байрагына айланган.

"Менимче, бүгүн Беларуста болуп жаткан окуялардын эң туура аныктамасы — шылдыңдоо. Шайлоо процедурасын, шайлоонун өзүн, беларус элин жана эл аралык коомчулукту шылдыңдоо", — деп билдирди Тихановская маршта.

Ал оппозиция мындай мамилеге төрт жыл мурун эле каршы болгонун, бүгүн дагы бул "маскарапоздукка" кайрадан "жок" деген жообун айтышарын белгиледи.

2024-жылы Александр Лукашенко саясий беренелер боюнча соттолгон 293 адамга ырайым берген. Бирок 2020-жылы президенттикке талапкер болгон Виктор Бабарико жана активист Мария Колесникова сыяктуу чыныгы оппозиция лидерлери мунапыска илинген эмес.

Бул арада саясий куугунукка алынгандардын катары жаңы кишилер менен толукталууда. 24-январда "террористтер менен экстремисттердин" тизмесине дагы 21 адам киргизилди. Анын ичинде Лукашенкону куйкум кептери менен какшыктап келген стендап-куудул Слава Комиссаренко да бар.

Саясий талдоочу Рыгор Астапеня Би-Би-Сиге курган маегинде эл Лукашенкодон чарчаганын, саясий өзгөрүүлөрдү, жашоо-турмуштун жакшыруусун каалап жатканын айтты. Анын пикиринде, Лукашенконун бийлиги тушунда жашоо катып калгандай сезим жаратууда. Ал Лукашенко президент болуп турганда бир нерсе өзгөрүү мүмкүн эместигин, бул адамдарды алдыга умтулууга шыктандырбай жатканын кошумчалады.

"Менимче, кийинки президенттик мөөнөтүндө Александр Лукашенко өзүнүн коопсуздугуна жана бийликти сактап калууга көңүл бурууну улантат. Батыш менен мамилени оңдоого, Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга аракет кылат", — деп эсептейт беларусиялык юрист Илья Салей.

Александр Лукашенко 1994-жылы

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Лукашенко 1994-жылы

Светлана Тихановскаянын кеңсеси шайлоо атаандаштыкта өтпөгөнүн белгилеп, демек, анын жыйынтыгын мүмкүн болушунча көп өлкө тааныбагандай аракеттерди көрүү зарыл деген көз карашта.

Журналист жана саясий аналитик Александр Класковский Би-Би-Сиге курган маегинде 2020-жылдан бери дүйнө жүзүндө Беларуска болгон кызыгуу бир топ азайганын белгилейт. Анын айтымында, буга Украинадагы согуш, ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулу жана Дональд Трамптын АКШ президенти болуп кайрадан шайланышы сыяктуу башка ири окуялар себеп болду. Ал Светлана Тихановскаянын Батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн Беларустагы көйгөйлөргө бурдуруу аракети кыйын болуп баратканын белгилейт.

Ага карабастан 2024-жылы күзүндө жана кышында Чехия, Литва жана АКШ бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен. 22-январда Европарламент резолюция кабыл алып, шайлоону "фикция" деп атап, Беларуска экономикалык басымды күчөтүүгө үндөгөн.

Альянстын тышкы иштер боюнча комиссары Кая Каллас жекшемби күнү X баракчасына:

"Лукашенко эртең, кезектеги жалган шайлоодо өзүн президент кылып дайындайт. Бул – демократияга ачык эле акарат келтирүү. Ал легитимдүү эмес", — деп жазды.

Бул билдирүүгө жооп катары Лукашенко шайлоо күнү берген соңку маалымат жыйынында добуш берүүнүн жыйынтыгын Батыш тааныйбы же жокпу, ага баары бир экенин билдирди. (AA)