"Атам түрмөдө чирисин". Аялын топ эркекке зордуктаткан Пеликонун кызы

Сүрөттүн булагы, Jeff Overs/BBC
Франциянын соттук иштеринин тарыхында эң ири сексуалдык зордуктоо кылмышы чет өлкөлөргө чейин маалым болду. Өтө чуулуу соттук иште эң негизги жабырлануучу Жизель жана айыпталуучу Доминик Пелико. Жубайлардын ортосундагы ойго келбеген жосунсуз иш ачыкка чыкты. Алардын кызы Каролин Дариан Би-Би-Сиге маек куруп, атасынын түрмөдө өлүшүн каалап жатканын айтты.
2024-жылдын декабрында Доминик Пелико кезинде аялы Жизелди такай кордоп келени үчүн 20 жылга эркинен ажыратылды. Ал аялына транквилизаторлорду (магдырап, эмне болуп жатканын баамдай албай калчу абалга жеткирүүчү каражаттар) берген болушу мүмкүн. Андан соң ал өз аялына сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн ондогон бейтааныш эркекти үйүнө чакырып, аялын алардын тепсендисине салып берген.
Соттук иш айлап созулду. Каролин Дариан Би-Би-Си "Today" программасынын эфиринде, бир күнү кечинде апасынан келген телефон чалуу, жашоосун аңтар-теңтер кылып салганын айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ал мага ошол күнү эртең менен Доминик [Дариандын атасы] аны ар кандай адамдар зордукташы үчүн 10 жылдан бери баңгизат берип жүргөнүн билгенин айтты",- деп эскерет 46 жаштагы Дариан.
"Ошол учурда менин кадимки жашоом кыйрап калды. Кыйкырып, ыйлап, жада калса аны кордогонум эсимде, - дейт ал. — Бул жер титирөө, цунами сыяктуу болду."
Дариан Би-Би-Сиге берген маегинде атасы кылган иштери үчүн "түрмөдө өлүшү керектигин" билдирди.
"Ал коркунучтуу адам жана кандай гана болбосун, эч качан ал жерден чыкпашы керек",— дейт Каролин.
Ал атасы эмне кылып жатканын эң сонун түшүнгөндүгүн жана аны психикалык жактан оорулуу деп айтууга болбой тургандыгын баса белгиледи.
Жизель бүт үй-бүлөнүн жашоосун өзгөрткөн суук кабар менен кызына телефон чалгандан кийин, Каролин бир туугандары Флориан жана Дэвид менен бирге апасын колдоо үчүн ата-энеси жашаган үйгө жөнөшөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алардын баарынын атасы "акыркы 20-30 жыл ичиндеги эң жаман сексуалдык жырткычтардын бири" экенин түшүнүшү керек болгон учур эле - деди Дариан.
Бирок бул алар билген иштен да жаман жагдай күтүп жатканын билишпегенин эскерди. Ал полицияга барган учурда төшөктө жалаңкат футболкачан жана ич кийимчен жаткан аялдын эки сүрөтүн көргөндө анын дүйнөсү кайрадан талкаланган.
Каролин сүрөттөгү өзү экенин дароо тааныган эмес. Анын айтымында, ал качан коргонуу механизми адамды өз башынан өтүп жаткандарды башка бирөөдө болуп жаткандай, тиешеси жоктой кабыл алууга жеткирген диссоциация эффектин башынан өткөргөн.
Каролин бардык сүрөттөрүндө зордук-зомбулуктун запкысын тартып жатып калган апасы сыяктуу эле сол капталынан жатканын эстеди. Башы айланып, көзү караңгылай түштү, бирок полиция кызматкери анын селт эттиргендей болду. Ал сүрөттөгү аялдын жаагында өзүнүкүнө окшош меңи бар экенине көңүл бурду.
Дариандын айтымында, атасы ага да баңгизат берип, ошондой эле кордогонуна ишенет, бирок анын эч кандай далили жок.
Тергөөнүн жүрүшүндө Доминик Пелико муну баарын кескин четке какканы менен берген көрсөтмөлөрүндө аябай чаташып, сүрөттөр тууралуу түшүндүргөнгө далалат кылды.
"Ал мага баңгизат бергенин билем, балким, мени зордуктоо үчүн кылгандыр, бирок менде эч кандай далил жок, - дейт Каролин Дариан. — Бул көптөгөн жабырлануучуларга тиешелүү. Аларга ишенишпейт, анткени эч кандай далил жок. Аларды укпайт, колдобойт", - дейт ал.
Каролиндин ата-энесинин үрөй учурган окуясынан кийин Дариан өз өмүрүн "химиялык көз карандылык" менен күрөшүүгө арнаган.
Ал "Мен аны эч качан кайра ата дебейм" деген китеп жазган.

Анда Каролин анын үй-бүлөсү башынан өткөргөн травма жөнүндө айтып берет жана көбүнчө үй-бүлөлүк аптечкадан алынчу - кадимки ооруну басаңдатуучу же тынчтандыруучу дарылык каражаттарды колдонууну изилдейт.
Анын үстүнө, жабырлануучу дээрлик дайыма кылмышкерди билет, анткени ал көптөн бери жанында болгон. Бул ичтен келген коркунуч, дейт Дариан.
Анын айтымында, азыр ал бир эле учурда кылмышкердин да, жабырлануучунун да кызы экенин билип, кантип жашоону ойлонушу керек. Ал муну "коркунучтуу жүк" деп атады.
Азыр анын балалыгы тууралуу эскерүүлөрү кум сепилдей урап жатат. Себеби анын балалыгы ушундай адамдын жанында өткөн.
"Артка кылчайып карасам, чынында кичинекейимде мага сезилгендей атамды такыр эстей албайм. Аны карап, кылмышкерди, сексуалдык кылмышкерди көрүп турам", - деди ал маегинде.
Жизель Пеликого келсек, Каролиндин айтымында ал соттук териштирүүдөн чарчаган, бирок бардык жагынан айыгып келе жатат.
Каролин күйөөсүнөн, 10 жаштагы баласынан жана алар өз окуясын коомчулукка жарыялоону чечкенде ага да, апасына да ар тараптан колдоо көрсөткөн бир туугандарынын деми менен баш көтөрүп, белин бекем бууду.
Доминик Пелико менен бирге дагы 50 эркек соттолду. Аларды ал интернеттен таап, үйүнө чакырып, дээрлик дайыма тынчтандыруучу дарылардын таасири астында калган жана ага эмне болуп жатканын аңдай албаган абалдагы аялына сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө чакырган.
Алардын бардыгы 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылган. Бирок Жизель Пеликонун балдары бул өтө эле жумшак чечим деп эсептешет.
Полиция 72 эркек тарабынан жасалган зордуктоо боюнча 92 эпизодду аныктай алган, бирок 22 адамдын өздүгүн тактоого мүмкүн болгон жок.
Доминик Пеликон 2020-жылы соода борборунда аялдарды этегинен видеого тартып жаткан жеринен кармалганга чейин анын ыпылас ыкмасы он жыл боюу улана берген.
Күзөтчү аны полицияга тапшырып, ал бул эпизодду иликтөө учурунда Пеликонун компьютеринен жана телефонунан жүздөгөн сүрөттөрдү жана видеолорду тапкан. Ошол далилдерден улам анын аялы дээрлик эс-учун жоготкон абалда жаткан кезде бейтааныш адамдар тарабынан зордуктоого дуушар болгону аныкталган.
Сексуалдык зомбулукка байланыштуу маселелерден тышкары, Пеликонун соту анча белгилүү эмес, бирок өтө олуттуу көйгөйгө —"химиялык көз карандылыкка" көңүл бурдурду.
Зордук-зомбулуктун бул түрү жөнүндө азырынча көп нерсе белгилүү эмес, анткени анын курмандыктары, адатта, алар менен эмне болгонун эстей алышпайт.
Жизель Пелико өзүнө карата зомбулук тууралуу 2020-жылы гана билген. Ал азыр 72 жашта.












