Зордуктоого шектелген бир короо эркектин соту

Эндрю Хардинг, Би-Би-Синин Франциядагы кабарчысы

Соттон угулган маалымат Мазан жана ага жакын айылдарда кабатыр маанай жаратты

Сүрөттүн булагы, BBC/Léa Guedj

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттон угулган маалымат Мазан жана ага жакын айылдарды кооптондуруп койду

Ак мантия кийген башкы судья бүт Франциянын көңүлүн бурган сот процессинин убактысын жылдыруу чечимин жарыя кылганда, Авиньондогу адилет сот сарайынын «Вольтер» залына шыкалгандарды бүт нааразылыктын үшкүрүгү менен күңкүл сөздөр каптады.

«Бул оорулуу», - деген төрагалык кылып жаткан судья Роджер Арата зордуктоо боюнча 51 адам жоопко тартылып жаткан сот иши эки-үч күнгө, балким, андан да узак созулуп кетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Соттолуп жаткан жайнаган эркектердин бири Доминик Пелико оору экенине байланыштуу сотко келе албай калган. Анын ооруканага түшүп калганын кийин анын адвокаты кабарлады.

Ал эми сот залынын оң четинде жыгач менен капталган дубалга башын жөлөп отурган Жизель Пелико күйөөсү сотко көрсөтмө бергени келбей турганын билгенден кийин эч кандай эмоциясын көрсөтпөдү, сыр берген жок.

Өткөн аптада 71 жаштагы Жизель Пелико өзүнүн сыртынан тынч көрүнгөн жашоосунда жүрөк эңшерген азаптын изи бар экенин сотко билдирген. Ал өзүнүн күйөөсү ондогон жылдар бою ага тамагына баңгизат кошуп берип, 80 ашык бейтааныш эркектерди үйүнө чакырып, алардын койнуна салып берип, анын баарын камерага тарттырып жүргөнүн айтып көрсөтмө берген.

Жизель Пеликот

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жизель Пелико француз аялдарынын күрөшүнүн символу болуп калды

Аялдардын баңгизатка байланып, жыныстык зомбулукка, «химиялык баш ийдирүү» коркунучуна кабылышын бүт эл билсин деп ал өзүнүн анонимдүү болуу укугунан баш тартып, эчтеке жашырбай баарын ачык айтууда.

Авиньондогу соттун имаратынан орто кылымдан бери сакталып келаткан Мазан айылына чейин жарым сааттык жол. Бул айылда качандыр бир британиялык атактуу актриса Кира Найтлинин үйлөнүү үлпөтү өтүп, дүң болгон. Пеликолор ушул айылда жашайт, так ушул айылда Доминик Пелико ээнбаштык менен ар кимди камерага тартып жүргөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

«Чынын айтканда, баарына баары бир»,-дейт бул айылда дүкөн иштеткен Эван Тувиньон массалык зордуктоо окуясына элдин тоюп бүткөнүн билдирип.

Бирок бир нече айым сотто ашкере болгон шумдуктуу фактылар Мазандагы жана ага жакын айылдарда элдин арасында дүрбөлөң маанай жаратканын айтып беришти.

Айыпталып жаткандардын ысымдары социалдык тармакка жайылып кетип, эми тизмедеги кээ бир эркектер үй-бүлөсү көчөдө, балдары мектепте элдин бетин карай албай, шылдыңга калышканын, коркутууга кабылганын сотко айтып арызданышты.

Мазандагы чолок көчөдө машинеге жүк салып атышкан эки аял зордуктоо боюнча соттолуп жаткандардын ысымдарын көрүшкөнүн, анын ичинен кеминде үч адамды таанышканын айтышты.

«Бул эмне деген шумдук. Көчөдө кимге ишенерди билбейсиз. Бул айылдан кетип жатканыма шүгүр кылам», — деди 25 жаштагы Осеан Мартен.

Ал эми анын апасы, 50 жаштагы Изабель Ливерсен бул окуянын өтө кооптуу жагын айтты.

Полиция Доминик Пеликонун компьютеринде сүрөтү сакталып калган элүүдөн ашык адамдын ким экенин аныктап кармаганын, андан сырткары дагы аты-жөнү ачыктала элек, издөө жарыялана элек, эркиндикте жүргөн 30 адам бар экенин билдиирген.

«Демек, сексендин отузу азыр кармала элек. Бул кантип кабатыр кылбайт. Анткени адамдар билбейт, балким, алардын бири коңшуң болуп калсачы. Жабык эшиктин артында кошунаң эмне кылып атканын билесиң?»,-дейт Изабель Ливерсен сабыры суз.

Мазан — сот болуп жаткан жерден жарым сааттык аралыктагы теребели тынч айыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мазан — сот болуп жаткан жерден жарым сааттык аралыктагы теребели тынч айыл.

Бирок Мазандын 74 жаштагы мэри Луи Бонне зордуктоого катышкан зөөкүрлөрдүн көбү башка айылдардан келген деп айтып, элдин санаасын тынчытууга аракет кылууда.

Ошону менен катар айыпталып жаткан адамдарга жана алардын үй-бүлөсүнө корrутуп үркүтүүлөh болуп жатканын күтүлгөн иш деди.

«Эгер алар зордуктоого катышкан болсо, анда алардын бутага алынып жатканы нормалдуу реакция. Эмне болсо, баары ачык болуш керек».

Авиньондогу сот залында жоопко тартылып жаткандардын бир тобу – 18 адам азыр кайтарууда – атайын айнек менен бөлүнгөн секцияда отурушат. Арасында чачына эчак ак кирген, чокчо сакалын сылап отурган бирөө бар. Жанында кара өңдөгү жаш жигит үргүлөп отурду.

Андан мурда айыпталып жаткан, бирок камакка алына электеринин ондогон кесиптештери журналисттердин жанындагы катарда түртүшүп кезекке тизилип жатышты.

Эркектердин көбү беткап кийип, жүзүн жашырууга аракет кылууда. Бирок ачык отургандары да бар. Таяк таянган алибеттүү бир адам алдыга чыкты. Кимдир-бирөө анын башына жашыл капюшонду жаба салды.

Авиньондо соттолуп жаткан 51 адамдын айрымдары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Авиньондо зордуктоо кылмышы боюнча соттолуп жаткан 51 адамдын бир тобу

Франциянын мыйзамдары боюнча мындай чуулгандуу окуяларда жабыр тарткан адам коргоого алынып, өзүнүн атын купуя кармай алат. Бирок Жизель Пелико жеке турмушу кол тийгис деген мыйзамдык укугунан баш тартып, анын ордуна көптөгөн француз аялдары үчүн өзүнүн укугу үчүн, адилеттик үчүн күрөшүүнүн символу болуп жатат.

«Ал ар-намыстуу, кайраттуу жана адамгерчиликтүү экенин көрсөттү. Бул [француз аялдарына] чоң өрнөк иш. Ал эчтекеден жалтанбай өзүн зордуктаган зөөкүрлөргө каршы чыкты. Аны сынып калды го деп жатышкан. Ал болсо чечкиндүүлүктү көрсөтүүдө»,-деди сотко катышкан жергиликтүү активист Бландин Деверланж.

Жакында ал жана анын кесиптештери Авиньонду курчаган дубалдарга өздөрүнүн ураан-тилектерин жазып коюшту. Алардын биринде «Кадыресе адамдар. Жийиркеничтүү кылмыштар» деп турат.

Дубалга жазылган ураан

Сот залында Жизелдин жанында 45 жаштагы кызы Кэролайн кошо отурду.

Жакында ага атасы уруксаты жок сүрөткө тартканынын далилдерин көрсөтүштү. Ал дагы атасы ага баңгизат берип башын айланткан деп эсептеп, зордуктоо жана баңгизат кылмышына каршы күрөшкөн активист боло баштады. Францияда көп эксперттердин пикиринде, бул көйгөйлөр жетиштүү түрдө иликтенбей ара жолдо калууда.

Сот жыйыны убагында адвокаттар каршы жүйөлөрдү айтып, процессуалдык иштерин аткарып жатканда, Кэролайн маал-маалы менен кабагын түйүп, колун көтөрүп жатты.

Жизель Пелико (оңдо) сот залында кызы Каролина менен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жизель Пелико (оңдо) сот залында кызы Каролина менен.

Күчтүү акцент менен сүйлөгөн полиция кызматкери көрсөтмө берип баштады. Ошол убакта жогорудагы терезе аркылуу күн нуру судьялардын башына төгүлүп турду.

Элеганттуу жасалган залда атмосфера тынч эле көрүнөт, бирок бул жакта бүтүндөй бир үй-бүлөнү – энесин, кызын жана зордукчулардан бир нече метр ары жакта отурган дагы эки баласын көрүү жүрөктү зырп эттирбей койбойт. (КС)

Мазан айылы