Чолпон-Ата жыйыны: Эл аралык эксперттер эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, president.kg
Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.
Мындан тышкары Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстан менен Түркмөнстан ички жол-жоболору аяктагандан кийин бул документке кол коюлары айтылууда.
Ошондой эле региондун өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты
Борбор Азия мамлекеттеринин алакасында баш оорууга айланган эң негизги көйгөйлөр чек ара маселесине, суу ресурстарына байланышкан. Мындан сырткары соода-сатык, жол, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү деген сыяктуу талылуу маселелер бар. Соңку мезгилде геосаясатта өкүм сүрүп жаткан абал дагы бир топ көрүнө жана көмүскө маселелерди күн тартибине коюп жатканын айрым аналитиктер айтууда. Беш мамлекеттин президенттери орток көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө умтулгандай. Эми анын жыйынтыгы кандай болот деген суроого түрдүү божомолдор айтылууда.
Би-Би-Си эл аралык мамиле, саясатка көз салган бир катар талдоочулардын пикирин сурады.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Азиза Умарова, Өзбекстандык аналитик

Сүрөттүн булагы, Facebook
Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулары регулярдуу болуп, салтка айланып баратканы абдан кубандырат. Сөзмө-сөз айтканда, өтө кыска убакыттын ичинде бул жолугушуунун алкагында алдыңкы 2 жылдык өнүгүүнүн жол картасын беките алышты. Мындан сырткары, көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы да бар.
Бул Борбордук Азиянын бардык республикаларынын бири-бири менен жакындашууга карай бара жатканын көрсөтүп турат деп ойлойм. Бул процесске быйыл февраль айында бүткүл постсоветтик аймак туш болгон кыйынчылыктар маанилүү роль ойноду деп эсептейм.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Балким, бул региондун өлкөлөрүнүн тышкы таасирлерге жана ар кандай чыр-чатактарга туруктуулук түзүү үчүн өз деңгээлинде көбүрөөк кызматташууга түрткү болду. Менимче, жадагалса биздин муун, башкача айтканда орто курактагы адамдар, бул кыймылдын ортосундагы кызматташтыктын ар кандай форматтарын гана эмес, балким, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин институтташтырылган түзүмдөрүн да көрүүгө үлгүрөбүз.
Эсиңиздерге сала кетейин, бизде 2009-жылга чейин дагы бир жолу уюмдашуу аракети болгон. Орусия бул биримдикке кирип, ал ЕАЭБге айланган. Ал эми бүгүн, 2022-жылы ушунча жыл өткөндөн кийин, биз Борбордук Азия республикаларынын ортосундагы бардык багыттар боюнча жакындашууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү белгилүү бир институционалдык структураны түзүү маселесин дагы бир жолу жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн эң жагымдуу шарттарды жана бардык мүмкүн болгон өбөлгөлөрдү көрүп жатабыз.
Ошондой эле, албетте, кыйынчылыктардын бири ресурстардын чектелүү экендигин өзүнчө белгилеп кетким келет. Чынында, Борбордук Азия чөлкөмүнүн ичинде биз бири-бирибизди таба алабыз, бири-бирибизди толуктай алабыз – азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстары, газ, жумушчу күч үчүн бардык зарыл болгон ресурстар менен толук камсыздай алабыз. Борбордук Азиянын аймактарында өнүгүүнүн прогрессивдүү өсүшүн камсыз кылуу менен бирге адамдык капиталды түзүү маанилүү.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Жаныбек Арынов, Казакстан. Эл аралык мамилелер боюнча адис.
Жыйындын төртүнчү жолу өтүп жатканы жакшы. Сырттан эч кимдин кийлигишүүсү жок өтүп жатат деп эсептейбиз. Болчокто бул уланышы керек. Бул жыйындан кийин тез арада чоң өзгөрүү болуп кетет деп күтпөш керек. Жыйын алгачкы ирет өткөн 2018-жылга караганда бир топ турукташып, жетилип калганы даана байкалганы менен чоң жыйынтыктарга али эрте. Алгач башталганда мындай өз ара, туруктуу формат боло элек эле деп таң калыштуу болгон. Себиби бул мамлекттердин арасында чечүүнү талап кылган бир топ иштер бар. Анын эң негизгилеринин бири экономикалык алака. Бул тармакта чоң жылыш болуп кеткен жери жок. Чечилбей жаткан көп маселелер бар. Соода-сатык абдан чабал. Саясий жагынан дагы маселелер бар. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси турат. Логистика маселебиз начар. Астанадан Бишкекке бардым, аптасына болгону эки ирет учак учат. Астанадан Алматага анан Бишкекке бардым. Кедергилер өтө көп. Бирок алар чечилбей турган иштер дегенге болбойт. Бири-бирин угуп, сыйлашса чечиле турган маселелер. Аймактагы өлкөлөр дагы ар кандай уюмдарга ар башка же топ болуп кирген фактор дагы бар. Борбор Азия мамлекттери бириге албай келе жатканы көп айтылат. Буга бир эле геосаясаттагы сырткы оюнчулар гана себепкер деп айтпайт элем. Негизинен сырткы күчтөрдүн негизгилеринен болгон Кытай үчүн дагы Орусия үчүн дагы БА мамлекттери менен жекече сүйлөшкөн жеңил. Мисалы Орусия - Казакстан, Орусия - Кыргызстан, Орусия -Өзбекстан деген сыяктуу. Бирок ички маселелер чечилсе сырткы маселелрди чечүү чоң кыйынчылык жаратпайт.
Парвиз Муллажанов. Тажикстан. Саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Парвиз Муллажанов: Биринчиден, аймактык кызматташтык мындан ары деле негизги төрт багытта өнүгө берет. Аймактагы башкы кызматташуу энергетика тармагында болот деп айтат элем, 1960-1970-жылдары Борбор Азиядагы жалпы энергетикалык система курулган. СССРдин убагында мындай энергетикалык алкак азыркы төрт эгемен мамлекет: Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Казакстандын түштүгүндөгү беш облусту камтычу. Союз кыйрагандан кийин ал энергетикалык алкак бир аз өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ошондой эле аймактын энергетикалык кызматташуу “CASA 1000” долбоорунун алкагында да ишке ашчудай. Энергетикалык ресурстарды алыска экспорттоо, ал үчүн түтүктөрдү биргелешип куруу перспективасы бар.
Экинчиден, кызматташтык аймактагы транспорттук инфраструктураны чогуу өнүктүрүү жаатында болот. Афганистанды көздөй жана андан ары маршруттук транспорттук инфраструктурага аймактагы бардык эле мамлекеттер кызыкдар.
Үчүнчүдөн, аймактагы өлкөлөр коопсуздук жаатында кызматташуу муктаждыгы бар. Бул жерде эң башкы маселе – диний радикализм, аймак ичинде жаңы конфликттердин чыгып кетүү тобокелчилиги жана чек ара аймактарында социалдык-экономикалык, этникалык жаңжалдар чыгып кетүү коркунучу бар.
Аймактык интеграцияга тоскоол болчу негизги фактор - аймактагы мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүндөгү ажырым. Бул өнүүгүүдө алдыга кеткен өлкөлөр аймакты өнүктүрүүнүн чыгымдарын көтөрүп, көбүрөөк инвестиция салууга жоопкерчилик алат дегенди билдирет. Бирок бул жакынкы келечекте мүмкүн эмес нерсе. Себеби эч кимде андай көп каражат жана мүмкүнчүлүк жок. Мамлекет аралык өнүгүү жаатында айырма чоң болгон кезде товар, финансы жана эмгек ресурстарынын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо кыйындайт. Мындан тышкары Борбор Азиядагы ар бир өлкөдө бийлкти жана ресурстуу бөлүштүрүүнүн туруктуу формасы жана да экономиканы реформалоо боюнча саясаты эчак эле калыптанып калган. Мындан улам Борбор Азияда бирдиктүү экономикалык саясатты иштеп чыгуу оор болот. Ал болсо ийгиликтүү интеграциянын эң башкы фактору.







