"Эч ким кабар албайт": Ооган аялдары кантип психиатриялык системанын торуна кабылууда?

- Author, Махджуба Новрузи
- Role, Би-Би-Синин ооган кызматы, Кабул
Ооганстандын баш калаасы Кабулдун батыш тарабындагы дөңсөөдөгү темир дарбазалуу, дубалы тикенек зым менен курчалган жер тууралуу жергиликтүүлөр өтө сейрек кеп кылат. Ичине кирип-чыккандардын саны андан да аз.
Ооганстандын Кызыл Жарым Ай Коомунун (ARCS) карамагындагы бул ден соолук борборунун аялдар бөлүмү психикалык жактан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө адистешкен өлкөдөгү эң чоң ооруканалардын бири.
Жергиликтүүлөр аны "Кала" деп аташат, башкача айтканда "Чеп" дегенди түшүндүрөт.
Би-Би-Си 104 аял кармалып турган борборго кирүүгө уруксат алып, дубалдын наркы бетиндеги абал менен таанышты.
Алардын арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болгон Мариям* сыяктуу аялдар да бар.
Ал болжол менен 25 жашта. Бул жерде тогуз жылдан бери жашап келет. Айтымында, үй-бүлөсүнөн зордук-зомбулук көрүп, өтө начар мамилеге туш болгон. Анын кесепетинен үй-жайсыз, көчөдө калган.
"Агаларым мени кошуналарга барган сайын сабачу", - дейт ал. Айтымында, туугандары салттуу түшүнүктөрдөн улам кыздардын жалгыз көчөгө чыгышы туура эмес деп эсептеп, аны сыртка чыгарышчу эмес.
Акыры агалары аны үйдөн кууп жиберишкен жана кыз көчөдө жашоого аргасыз болгон. Аны таап алган аял кыздын психикалык саламаттыгына тынчсызданып, борборго алып келген.
Мындай оор тагдырга карабай, Мариам дайыма жылмайып жүрөт. Көп учурда анын ырдап жүргөнүн көрүүгө болот. Мариам имараттын ичин тазалоого ыктыярчы болуп жардам берген аз сандагы бейтаптардын бири.
Ал бул жерден кетүүнү каалайт, ага даяр. Бирок бара турган жери жок болгондуктан кете албайт.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мен ата-энеме кайтып барам деп ойлобойм. Кабулда турмушка чыккым келет, анткени үйгө барсам деле мени кабыл алышпайт", - дейт Мариям.
Ал зомбулук көрсөткөн үй-бүлөсүнө кайта албагандыктан, бул жерде камалып жашоого аргасыз.
Мыйзам да, коом да саякаттоодо, иштөөдө жана көптөгөн кызматтарды пайдаланууда аялдардын жанында сөзсүз түрдө камкорчу эркектин болушун талап кылат. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн басымдуу бөлүгү алар үчүн жабык.
Жылдар бою келе жаткан гендердик теңсиздик, билим алууга жана жумушка болгон чектөөлөр аялдарды эркектерге финансылык жактан көз каранды кылып койду.
Хабиба уктоочу бөлмөдөгү керебетинде отурат.
28 жаштагы бул аялды борборго анын күйөөсү алып келген, анткени ал кайра үйлөнгөндөн кийин Хабибаны үйдөн чыгып кетүүгө мажбурлаган.
Мариам сыяктуу эле, анын дагы бара турган жери жок. Ал дагы боштондукка чыгууну каалайт, бирок күйөөсү кайра кабыл албайт, жесир калган апасынын кызын багууга кудурети жетпейт.
Хабибанын үч уулу агасы менен жашайт. Башында алар апасын көргөнү келип турушчу, бирок быйыл Хабиба аларды көрө элек. Телефону жок болгондуктан байланыша дагы албайт.
"Мен балдарым менен кайрадан бирге болгум келет", — дейт ал.

Алардын окуясы борбордогу жалгыз учур эмес. Биздин бул жердеги сапарыбыз, анын ичинде кызматкерлер жана бейтаптар менен болгон маектер талибдер тарабынан көзөмөлдөнүп турду.
Айрым бейтаптар бул жерде 35–40 жылдан бери жашап жатат,- дейт борбордун психотерапевти Салима Халиб:
"Айрымдарды үй-бүлөсү такыр эле карабай кеткен. Жакындарынан эч ким келип кабар албайт. Акыры өмүр бою бул жерде жашап, ушул жерде көз жумушат".
Жылдар бою созулган жаңжал көптөгөн оогандыктардын, айрыкча аялдардын психикалык саламаттыгына оор залакасын тийгизди. Бул маселени коом көп учурда толук түшүнбөйт жана аны жашырууга же көңүл бурбоого аракет кылат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы аялдардын абалынын начарлап баратканы тууралуу соңку баяндамасына жооп иретинде Талибан өкмөтүнүн өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитрат Би-Би-Сиге мындай деди:
"Өкмөт аялдарга карата зомбулукка жол бербейт жана Ооганстанда аялдардын укуктарын камсыз кылат".
Бирок 2024-жылы жарыяланган БУУнун маалыматтары такыр башкача көрсөткүчтү берген. Талибдердин аялдарды кордогондугуна байланыштуу психикалык ден соолуктун абалы начарлап баратканы байкалган.
Сурамжылоого катышкан аялдардын 68 пайызы абалын "жаман" же "өтө жаман" деп баалаган.
Саламаттык сактоо кызматтары борбордун ичинде да, сыртында да чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтат. Соңку төрт жыл ичинде бейтаптардын саны бир нече эсеге көбөйүп, ал тургай кезек күтүүлөр дагы болуп жатат.
"Психикалык оорулар, айрыкча депрессия, биздин коомдо абдан кеңири тараган", — дейт Кабулдагы ARCS карамагындагы коңшу оорукананын улук психиатры Абдул Вали Утманзай.
Айтымында, күнүнө ар кайсы провинциялардан келген 50гө жакын бейтапты кабыл алат, алардын басымдуу бөлүгү аялдар.
"Алар катуу экономикалык кысымга туш болушат. Көпчүлүгүнүн кам көрүүгө жарактуу эркек тууганы жок. Менин бейтаптарымдын 80 пайызы үй-бүлөлүк көйгөйлөргө туш болгон жаш аялдар",- деди ал.
Талибан өкмөтү медициналык кызмат көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатканын билдирүүдө. Бирок эркектин коштоочу жок аялдардын басып-турганына чектөө коюлгандыктан көптөр жардамга кайрыла албайт.

Мындай жагдайлар Мариям жана Хабиба өңдүү аялдардын борбордон кетүүсүн кыйындатат. Алар бул жерде канчалык узак убакыт кармалса, өтө жардамга муктаж болгондор үчүн дагы орун ошончо аз болот.
Орун жоктугунан 16 жаштагы Зайнабды үй бүлөсү бир жыл бою борборго жайгаштыра албай келген. Ал азыр эң жаш бейтаптардын бири.
Бул жерге келгенге чейин качып кетпеши үчүн туугандары кыздын бутун кишендеп, үйгө камап коюшчу.
Зайнабдын кандай психикалык көйгөйгө дуушар болгону азырынча белгисиз, бирок ал оюн сөз менен жеткире албай кыйналат.
Атасы Феда Мохаммад жакында полиция кызын үйдөн бир нече чакырым алыстан таап келгенин айтат.
Зайнаб бир нече күнгө дайынсыз жоголгон учурлар болгон. Бул Ооганстанда абдан кооптуу, анткени аялдарга эркектин коштоосу жок үйдөн алыс кетүүгө тыюу салынган.
"Кишенден бошотсок эле, дубалды ашып түшүп, качып кетип жатты", — дейт Феда Мохаммад.
Зайнаб анда-санда ыйлап алат, айрыкча энесинин көз жашын көргөндө токтоно албайт.
Атасынын айтымында, кызы сегиз жашка чыкканда жүрүп-турумунда адаттан тыш көрүнүштөр пайда боло баштаган. 2022-жылдын апрелинде анын мектебинде болгон бир нече жардыруудан кийин абалы ого бетер начарлап кеткен.
"Жардыруунун күчүнөн ал ыргып кетти. Биз жарадарларды алып чыгууга жана сөөктөрдү чогултууга жардам бердик. Өтө коркунучтуу болду", — дейт атасы.
Эгер борбордон орун табылбаганда, кыздын тагдыры кандай болоорун айтуу кыйын. Атасы кызынын качып кетүүгө бир нече жолу жасаган аракети анын ар-намысына шек келтиргенин айтат. Кыз үчүн да, үй-бүлө үчүн да эң туура чечим — аны ушул борбордо калтыруу деп эсептейт.
Зайнаб Мариам менен Хабиба сыяктуу Калада унутулган аялдардын бири болуп калабы — азырынча белгисиз.
Бейтаптардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары өзгөртүлдү.










