Коронавирус: ооругандар көбөйүп, Москвада жаңы чектөөлөр кирзилди

Москва

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвдагы Ленинград вокзалын дезинфекциялоо

Москванын мэри Орусияда коронавирус жугузгандардын жана андан каза болгондордун саны өсүп жаткандыктан 60 жаштан ашкандарды жана өнөкөт оорусу барларды үйдө болуусун талап кылган буйрук чыгарды.

Москванын мэри Сергей Собянин чектөөлөр дүйшөмбү күнү башталып төрт айга созуларын айтты.

Жабыркагандар көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн гана үйүнөн чыкса болот.

Расмийлер илдеттин жайылышынын себептери катары эмдөө деңгээлинин төмөндүгүн жана вирустун “дельта” вариантын атап жатышат.

Орус өкмөтү жаңы жугузууларды азайтуу максатында 30-октябрдан 8-ноябрга чейин бир апталык карантин киргизүүнү сунуштады. Көптөгөн бейтапканалар ковид менен ооругандарга толуп, кыйынчылык жаралууда.

Шейшембиде ковидден каза болгондордун саны 1015 кишиге жетип, бул жаңы рекорддук көрсөткүч болуп калды. Буга чейин бир күн ичинде 1000 киши көз жумган учур болгон. Жаңы жуктургандардын саны 33 740ка жетти.

Россияда калктын 35% кеминде ковид вакцинасынын бир ченемин алган. Бул Европадагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири.

Бийлик өкүлдөрү эмдөөнүн деңгээли төмөн болушун Орусиянын Спутник V вакцинасынан шектенүүнүн кеңири тарап кетишинен көрүп жатышат. Вакцинаны өндүрүүдө үзгүлтүктөр дагы болгон.

Мэр Собянин киргизген төрт айлык чектөө учурунда Москвадагы бизнестердин кызматкерлеринин үчтөн бир бөлүгү үйдөн иштеши керек болот.

Ал өзүнүн блогунда 60 жаштан ашкан үч миллион москвалыктардын ичинен болгону 1,14 миллиону гана эмделгенин белгиледи.

“Мунун натыйжасында бүгүн интенсивдүү терапияда жаткан ковид бейтаптардын 60% 60тан ашкандар”, - деп жазган ал.

Европада да коронавирус көбөйө баштады

Киевдеги оорукана

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевде коронавирус болуп ооругандар көбөйүүдө
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинада эмделгендердин саны төмөн. Жарым-жартылай эмделгендер 19%, толугу менен эмдөөдөн өткөндөр 15% түзөт. Ал жакта дагы кырдаал курчуп жатат.

Шейшемби күнү 15,5 миң учур катталып, 538 киши каза болгон. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Өлкөнүн айрым аймактары “кызыл” зонага айланып, олуттуу чектөөлөр киргизилди.

Латвияда дагы абал курчуп кеткен. Өлкө бийлиги 21-октябрдан 15-ноябрга чейин катуу карантин чараларын киргизүүнү чечти. Өтө керектүү дүкөндөрдөн башка бардыгы, ресторандар, мектептер жана көңүл ачуу жайлары жабылат. 20:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Мындай чаралар Латвия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча Европада экинчи орунга чыкканы менен байланыштуу киргизилүүдө. Өткөн аптада эле ооругандар 49% көбөйгөн. Чоңдордун арасында эмдөөдөн өткөрүлгөндөрдүн саны 54% түзөт, ал эми Европа Биримдиги боюнча орточо көрсөткүч 74%.

Өтө коркунучтуу маалыматтар Европадагы башка мамлекеттерден дагы келип жатат. Румынияда өлгөндөрдүн саны рекорддук деңгээлге чыгып, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы кырдаалды жөнгө сала албай жатат. Жандандыруу бөлүмдөрүндө орун калган эмес.

Польшада өткөн аптага салыштырмалуу коронавирус жуктургандардын саны 85% өссө, Нидерланддарда апта сайын ооругандардын саны 44% көбөйгөн.

Британияда карантин чаралары алынган дээрлик бардык аймакта вирус жуктургандардын саны жетинчи күнү катары менен 40 миңден көп болууда. Бийлик өкүлдөрү “кыш оор болорун” эскертип жатышат. Эгерде керек болсо, анда кайрадан айрым чектөөлөр киргизилерин айтууда. (EA/CS)