Европанын аэропортторунда кечкисин пайда болгон сырдуу дрондор. Бул канчалык кооптуу?

- Author, Франк Гарднер
- Role, Коопсуздук боюнча кабарчы
Адегенде үн күчөткүчтөн кулактандыруу угулат: "Көңүл буруңуздар. Шаарда аба сиренасы жүрөт. Өтүнүч, минус экинчи кабаттагы баш калкалоочу жайга өтүңүздөр". Андан кийин чиркейдин үнүндөй зыңылдаган орустардын жүздөгөн дрондору жакындап келип, булуттардын үстүндө топтоло баштайт.
Анын артынан эле зениттик оттун дабышы, алыстагы жардыруулар, анан акырында тез жардам менен өрт кызматынын коркунучтуу үндөрү угулат.
Бул Киевде жана Украинанын башка шаарларында түндөсү катталган кадыресе көрүнүш. Булар тиер замат жарылуучу аскердик дрондор.
Дрондор азыркы согуштун ажырагыс бөлүгүнө айланды, бирок алар уруш менен эле чектелбейт.
Украинадан бир топ алыс жайгашкан Европанын батышында куралсыз дрондор аэропорттордун, аскердик базалардын жана электр станцияларынын айланасында учуп жүргөнү аныкталган. Бул Орусия баштаганы айтылган "гибриддик согуштун" бир бөлүгү болушу мүмкүн. Айрымдардын божомолунда, бул дрондор Украинага жардам берип жаткан НАТОнун айрым өлкөлөрүнүн бекемдигин текшерүү үчүн учуп келүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Европадагы, анын ичинде Бельгиядагы маанилүү инфратүзүмдөрдүн айланасында учкан дрондор НАТОнун бир нече мүчө өлкөлөрүндө коркунуч жараткан
Польшадагы жана олуттуу инфратүзүмдөр жайгашкан Европанын, анын ичинде Бельгия менен Даниянын аймактарындагы дрондордун байкалышы НАТОнун айрым өлкөлөрүндө кооптонуу жаратууда.
Азыр Европанын айрым бөлүктөрүн коргоо үчүн "дрон дубалын" салуу боюнча сөздөр жүрүп жатат. Бирок ага канчалык муктаждык бар? Анан маанилүүсү, ал канчалык реалдуу?
Европа үчүн кооптуу коңгуроо
9-сентябрда Орусиянын 20дай дрону Украинадан учуп өтүп Польшага чейин жеткен. Натыйжада төрт аэропорт жабылган.
НАТОнун аскердик учактары абага көтөрүлүп, бир нече дрондор атып түшүрүлгөн. Калганы Польшанын абасында талкаланып, ар кайсы аймакка чачырап кеткен.
Бул Украинада согуш башталгандан бери НАТОнун аба мейкиндигине бүлүк салган эң ири жана олуттуу кадамдардын бирине айланып, Европа үчүн кооптуу коңгуроо болуп калды.
Ошондуктан ыктымал дрон дубалы боюнча талкуулар курчуп жаткан болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Сырдуу дрондордун жортуулу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина өзүнүн алыскы аралыкка учкан дрондорун Орусиядагы аэропортторго жана мунай-химиялык завод сыяктуу маанилүү инфратүзүмдөргө жөнөткөн. Натыйжада Орусиядагы жай тургундарга дагы согуштун илеби жеткен.
Андан тышкары деңиз дрондору бар. Алар жер бетинен да, суу астынан да жүрө берет. Украина аларды Орусиянын Кара деңиздеги флотуна каршы колдонгон.
Бирок ачык согушуп жаткан өлкөлөр пайдаланган дрондорду аныктаганга караганда бир топ коркунуч туудурган нерсе дагы бар.
Ал сырдуу, белгисиз дрондордун жортуулу.
Кээде алар Европанын аэропортторунун айланасында түндөсү пайда болуп калат. Ушул айдын башында Брюсселге жакын жердеги Бельгиянын башкы аэропортунда да байкалган. Мындай учурлар Данияда, Норвегияда, Швецияда, Германияда жана Литвада да катталган.
Батыш Европадагы "жарандык дрондор" Орусиянын Украинадагы так аныкталган согуштук дрондорунан айырмаланып турат. Алар азырынча эч кандай жардыруучу зат менен жабдылган эмес. Бирок белгисиз болгондуктан алар кайдан келгенин же ким учурганын далилдөө оңой эмес.
Орусиядан күмөн санап жатышат. Анткени Батыштагы атайын кызматтын өкүлдөрү Москва жергиликтүү деңгээлде башаламандык жаратуу үчүн кыска аралыкка учкан дрондорду учурууда ишенимдүү тараптарга таянып жатат деп эсептейт. Кремль муну четке кагууда.
Бельгия бутага алына турган жерлердин бири. Себеби бул жерде НАТОнун, Европа Биримдигинин жана "Евроклирдин" (эл аралык триллиондогон долларларды жөнгө салган каржылык клириң палатасынын) штаб квартирасы жайгашкан.
"Европанын көз карашынан алганда, бизди коркута турган бир эле өлкө бар, ал Орусия", — деп белгиледи октябрда Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Европа Украинага көмөктөшүү үчүн Бельгияда тоңдурулган Орусиянын 200 млрд евросун бөгөттөн чыгаруусу керекпи деген талкууларга чекит коюлбай келет. Сырдуу дрондор Брюссель менен Леждеги аэропорттордун жана ошондой эле аскердик базалардын айланасында капыстан пайда болдубу?
Дрондорго каршы коопсуздукту бекемдөө үчүн Бельгияга жардам иретинде Британия адистердин тобун жиберди.
Ошентсе да сырдуу дрондор адамдардын тынчын алууда. Алар учуп-конгон учактарга коркунуч туудуруп, аскердик базалардын жана электр станциялары сыяктуу маанилүү инфратүзүмдөрдүн айланасында көзөмөл маселеси курч.
Дрон дубалы бекем чеп болуп бере албайт
Дрон дубалын түзүү планы Европанын Орусиядан учурулган дрон чабуулунан жаралган коркунучка карата жообу.
Дубал интеграцияланган, координацияланган жана көп деңгээлден турган коргонуу системасы катары сүрөттөлүп келет. Ал башында Балтика деңизинен Кара деңизге чейин тартылат.
Ал учуп келаткан дрондорду аныктап, изине түшүп жок кыла турган радарлардын жана сенсорлордун топтомунан турушу ыктымал. Ал сигнал бөгөттөөчү жана курал-жарак системасын камтышы мүмкүн.
Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Кая Каллас билдиргендей, жаңы анти-дрондук система толугу менен 2027-жылдын аягына чейин ишке кириши керек.

Сүрөттүн булагы, Global Images Ukraine via Getty Images
Орусия мурда Ирандан "Шахед 136" дрондорун импортточу
Жаңы системанын ишке киришин чыдамсыздык менен күтүп жаткандар Орусияга жакын жайгашкан өлкөлөр, мисалы, Польша менен Финляндия, экени таң калыштуу деле эместир.
Катя Бего буга муктаждык бар жана эбак эле бышып жетилген деп ишенет.
Бирок ал кошумчалагандай, "Бул дрондорго эле тийиштүү эмес. Ракеталарга каршы жана абадан коргонуу боюнча салттуу коргонуу жагынан Чыгыштагы чек арада бул жетишсиз".
Ошентсе да дрон дубалы абадан коргонууда бекем чеп болуп бере албайт. Ал эми башкалар болсо мунун толугу менен ишке ашырылышына ынанбай турат.
Королдук бириккен кызматтар институтунун "Уайтхолл" аналитикалык борборунун илимий кызматкери Роберт Толласт белгилегендей, "эч нерсе өткөрбөгөн дубалды" ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Ага карабастан эмнеге адамдар дрон дубалын каалап жатканын түшүнүп турат.

Сүрөттүн булагы, Global Images Ukraine via Getty Images
Киевдеги жана Украинанын шаарларындагы адамдар аскердик дрондордун кесепетин көрүп жатышат
"Орусияга жакын өлкөлөр үчүн аракет кылып көрүү жана мындай нерсе салуу абадай керек. Себеби Балтика өлкөлөрү, Польша, Германия алыскы аралыкка учкан дрондордун аймагына кирет", — дейт ал.
"Эч нерсе өткөрбөй турган дубал салуу деген деле ой болгон жок", — деп макул болду Бего.
"Узундугу жагынан жана колдо болгон технологиялык шарттарга караганда, андай кылуу мүмкүн эмес, себеби алар 100% ишенимдүү эмес… Бирок ар кандай дрондорду аныктап токтото алган нерселердин айкалышы жөнүндө сөз болууда".
Дрондорду токтотуу: атып түшүрүү же сигнал бөгөттөө
Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун изилдөөчүсү Фабиан Хинц дрондорду аныктоо боюнча бардык болгон мүмкүнчүлүктөрдү тизмектеди.
"Акустикалык аныктоо болушу ыктымал; төмөн учкан дрондорду жакшы таба алган борттук радарлар болот; төмөн учкан дрондорго каршы кыска аралыкты камтыган радарлар бар, бирок алар жогору учкан дрондорго каршы да аябай жакшы иштейт".
"Оптикалык системалар, инфракызыл системалар болушу мүмкүн. Ал аныктар замат жеңил сокку урат же катуу сокку кылат".
Катуу сокку болгондо дронду ок же ракета менен атып түшүрөт. Жеңил сокку болсо учуп келаткан дронду көбүнчө электроникалык жол менен иштен чыгарат.

Орусия менен Украина өз дрондорун он километрге чейин жеткен оптикалык була зымдары менен жабдып, согуш майданында жеңил соккулардын алдын ала алышкан. Бирок бул чек арадан ары жүздөгөн километрге чейин учкан дрондорго колдонулбайт.
Катуу соккуларды бир нече жол менен жасаса болорун айтат Хинц. Ал үчүн жерден абага аткан ракеталардан тартып аскердик учактар жана тик учактар бар.
"Лазерлер да пайдалуу болушу мүмкүн", — деп кошумчалайт ал. "Бирок алар адамдар ойлогондой керемет курал деле эмес".
Андре Рогачевски сигналды бөгөттөө натыйжалуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок, дрон дубалы бекем болушу үчүн ал балким бир убакта аба мейкиндигинде жарала турган коркунучтардын түрүнө каршы туруштук бере ала тургандай болушу кажет.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Каржылык жактан талаштуу маселе
Москва Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Европа менен Орусиянын мамилеси чыңалып кетти. Аны менен бирге "гибриддик" же "боз аймак" согушуна айланган учурлар да көбөйдү. Орусияга мындай учурларды четке кагып келет.
Аларга кибер чабуулдар, дезинформация өнөктүктөрү, жүк кампаларында жардыруучу заттарды колдонуу, аңдуу, кээде деңиз астындагы зымдарга зыян келтирүү кирет.
Бирок ушул айдын башында Бахрейнде өткөн коопсуздук форумунда НАТОнун аскердик комитетиндеги Италиянын өкүлү жана адмирал Жузеппе Каво Драгоне мага билдиргендей, учурда абадан коргонуу — НАТОнун бардык коргонуу муктаждыктарынын ичинен эң артыкчылыктуу багыты.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Адмирал Жузеппе Каво Драгоненин айтымында, учурда абадан коргонуу — НАТОнун бардык коргонуу муктаждыктарынын ичинен эң артыкчылыктуу багыты
Дрон дубалынын алгачкы баскычы жакынкы айларда ишке кириши күтүлүүдө, бирок маалыматтар жыйынтыктала элек.
Ал ортодо НАТОнун Норфолктогу (Виржиния штаты) транформация боюнча башкармалыгы узак мөөнөттүү чечимдер боюнча иштеп жатат. Бул маселе оңой эмес.
Толласттын айтмында, дрон дубалындагы башкы кыйынчылык — коргоого алынышы керек болгон аймактын аянты. "Миңдеген километрге созулган аймакта төмөн учкан дрондор үчүн радарлардын түрү, ал эми жогору учкан дрондор үчүн чоңураак радарлар керектелет".
"Экономикалык жактан натыйжалуу тынбай иштеген токтотуучу күчтөр керек. Ал эч качан толугу менен бекем болбойт. Ал тургай айрым радарлар менен токтоткучтардын баасы түшсө деле, анын баасы төмөн болуу ыктымалдыгы аз".
Каржы маселеси татаал. "Бул чындыгында аябай оор коргонуу маселеси", — дейт Толласт. "Европанын коргонууга кеткен чыгашасы өссө деле, [бул каражат үчүн] башка коргонуу секторлору тараптан атаандаштык күчөйт. Бизге көбүрөөк кеме, деңиз астында сүзгөн кемелер, өзөктүк куралдар, ал тургай спутниктер керек".
"Ошондуктан дрон дубалы айрымдар үчүн каржылык жактан талаштуу маселе бойдон калууда".
Бул Евробиримдиктин акчасынан, улуттук бюджеттерден (айрыкча Чыгыш Европадагы) жана Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн пайыздардын топтомунан каржыланат окшойт.
Бегонун айтымында, дрон дубалы башында Чыгыш Европанын чек арасы менен чектелип жаткан, бирок Евробиримдик муну колго алгандан бери демилге кеңейтилди.
"Баары бир нерсе болушу керек экенин, муну координациялоого муктаждык бар экенин жана ага акча табуу керек экенин түшүнүп турат. Бирок "ким" жана "кандай" деген суроолор талкууланып жатат".
"Канчалык бекем болушун каалаган сайын, анын баасы ошончолук кымбаттай берет".
Мөөнөтү жагынан Толласт 2027-жыл аябай амбициялуу деп эсептейт. Бирок ал кошумчалагандай, "ага чейин алар көп коргонууга жетише алышат".
Жебени эмес, жаачыны ат

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Ушундай шартта дубалды салуу маселеси оорлошуп баратат. Анти-дрондук чаралар канчалык тез киргизилип жатканы менен жаңы коркунучтар кайра эле пайда болууда.
Куралдануу боюнча жарыштын жаңы баскычы башталгандай.
"Бул тармакта технология иштеп чыгуу айлампасы болуп көрбөгөндөй тездеди, айрыкча жаңжал жүрүп жаткан шарттарда", — дейт Жош Бөрч. Ал коопсуздук технологиясына инвестиция салган Британиядагы Gallos Technologies компаниясынын тең түзүүчүсү.
"Демек, дрондорго каршы кандай гана коргонуу болбосун агрессорлор ыңгайлашкан кезде ал тез эле эскирип калат".
"Агрессор көздөгөнүнө жеткенге чейин байкап, ыңгайлашып, кайталай берет", — деп жыйынтыктады ал.










