Тендер жоюлду, коррупциячы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирип, президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык мындан ары бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик сатып алууларга тендер өткөрүлбөйт.

акча, тендер

Сүрөттүн булагы, Табылды Кадырбеков

Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууну карайт.

Максатбек Ибраимов 2017-2021-жылдары Өзгөн районундагы Жазы айылынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Ал тендер жоюлганын колдоп жатат:

“Мен да бир чакырылыш айыл өкмөт болуп иштегем, ушул портал тендер деген нерселер ишти аябай артка тартчу, бюджетке ылайык, көп-көп нерселерди жасагың келет бирок тендерди жарыялап анын убактысы өткүчө күтүп, уткан фирмаларды аныктап, анын бири нааразы болсо ал сотко берип, кыскасы, аябай эле убакытты алчу. Президентибиз аябай жакшы кылыптыр, эми иштейм деген жетекчилер тез тезден иштерин бүтүрүп өздөрүнүн жакшы иштерин көрсөтө алат”,- дейт ал.

Ибраимов тендер жоюлуп, эми мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты кыйла жакшырат деген оюн билдирди.

Мыйзамда эмне өзгөрдү?

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамына "өкмөт" деген сөздү "министрлер кабинетине" алмаштыруу сыяктуу редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр кирди. Ошондой эле "тендер" деген түшүнүк "сатып алуу процедуралары" менен алмаштырылды. Себеби, мыйзам демигечилери соңку убакта тендер сөзү коомчулукта терс ассоциация болуп калды дешет. Мындан тышкары, мыйзам ЕАЭБдеги нормативдик документтерге ылайыкташтырылды. Эң башкысы, бул мыйзам менен сатып алуу процедураларын жеңилдеп жатканы айтылып жатат.

Бирок тендердин жокко чыгып жатышы ачык өкмөт саясатына туура келеби деп суроо салгандар да болууда.

Каржы министринин орун басары Улукбек Календеров бул багыттагы ачык-айкындуулук толугу менен сакталууда деп, мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызыккандар электрондук портал аркылуу мурдагыдай эле көзөмөл жүргүзө аларын айтып жатат. Календаров мамлекеттик сатып алуулар эми кандай тартипте жүрөт түшүндүрүп берди:

Мамлекеттик сатып алуулар порталы

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик сатып алуулар порталы

“Мамлекеттик уюмдар жана мекемелер тендер процедурасы колу-бутубузду байлап келген деп айтып келишкен. Биз аларды тушаган ашыкча процедуралардан бошотуп жатабыз. Татаал курулуш үчүн кызмат көрсөтүүнү же кымбат жабдыктарды сатып алуудабы, буга чейин оор шарттар менен тендер өтүп, ал өтпөй калса аркасынан дагы бир тендер өткөрүлүп келчү. Эми мамлекеттик мекеме түз эле барып сатып ала турган шарттар болот. Эми өндүрүүчүлөрдөн тикелей эле сатып алышат же дилер менен эле келишим түзүп сатып алышат. Базар экономикасынын шарттарын ылайык, келип эле дүкөндөн тандап, кыска убакыттын ичинде сатып алгыдай шарт болот"

Календаров мыйзамда кызыкдар тараптар деген түшүнүк бар экенин, аларды эске алып коюн-колтук алышууга бөгөт коюларын ишендирди.

Мамлекеттик сатып алуулардын жаңы тартиби аталган мыйзамдын 17-беренесинде каралган. Ага ылайык эми мамлекеттик ишканалар көбүнесе тикелей жана сынак аркылуу сатып алуулар жүргүзмөкчү.

Тендерди жоюу - "популисттик кадам"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу ачык маалыматтардын негизинде журналисттик иликтөөлөрдү жасап келген иликтөөчү журналист Болот Темиров тендерди жоюну караган соңку мыйзам менен таанышып чыкты.

“Мен юристтер менен акылдашып мындай бүтүмгө келдим. Бул жерде жөн эле популисттик кадам болуп жатат. Тендер аркылуу коррупция болуп жатат деп элдин көңүлүн буруш үчүн аны жойдук деп жарыялады. Бирок мыйзамды тактап карасаңыз эч өзгөрүү деле болгон жок. Тендер деген сөз сатып алуулар жана сынак деген сөздөргө алмаштырылыптыр, мыйзам экен. Менин оюмча бул “Раим камалат” дегендей эле куру сөз. Албетте, бул мыйзам азырынча журналисттик иликтөөлөргө тоскоол болбойт, бирок бир коркунуч бар. Ушул мыйзамда мурун бир берене бар эле, ага ылайык бир жылда бир эле жолу өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр ошону жойсо, бул мыйзамды каалагандай өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк ачылып калат. Ошол жагы бир коркунучтуу болуп атат, калганы жөн гана популисттик кадам. Мыйзамда өзгөрүүлөр деле жок, жөн эле тендер деген сөз жок болуп калды”.

Болот Темиров иликтөөчү журналист

Сүрөттүн булагы, frontlinedefenders.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болот Темиров иликтөөчү журналист

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар порталы 2015-жылы ишке кирген. Мамлекеттик мекемелер сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен интернет порталдан жүргүзүп келген.

Ушул тапта порталга катталган 4 миң 200дөн ашык сатып алуучу, аларга кызмат көрсөткөн 30 миңден ашык компания бар.

Кайра-кайра жаңыланган мыйзам

Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар ИДПнын 12% түзөрүн айткан. Мисалы, 2021-жылы мамлекеттик бюджет 182 миллиард сомго бааланса, ошол жылдын он айындагы эле мамлекеттик сатып алуулардын наркы беш-алты миллиард сомго жеткен.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров буга чейин 2021-жылы өзгөртүү киргизип, мамлекеттик мекемелерге 5 миллион сомго чейинки сатып алууларды тикелей жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылган. Андан мурун айыл өкмөттөрүнө 1 миллион сомго чейинки сатып алууларды тендери жок өткөрүүгө уруксат берилген эле.

Жалпысынан мыйзам буга чейин он бир жолу өзгөртүү-толуктоолорго туш болду.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык схемалардан улам өлкө казынасы чыгым тартып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келет. Мындай шек менен кармалып, иши тергелип жаткан мурунку аткаминерлер ондоп саналат.

Талдоочулар буга чейин мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталын Борбор Азияда биринчилерден болуп ишке киргизген Кыргызстандын тажрыйбасын аймактагы башка өлкөлөргө мамлекеттик деңгээлдеги ачык-айкындулуктун үлгүсү катары атап келишкен.