Мамлекеттик сатып алуудагы коррупция: тендер - "тең бер"

Былтыр портал аркылуу 94,3 миллиард сомго соода жүрдү

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Былтыр портал аркылуу 94,3 миллиард сомго соода жүрдү
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке киргенине быйыл беш жыл болду. Мамлекеттик ишканалар жылына бул портал аркылуу 40 миллиард сомго дейре кызмат көрсөтүүлөрдү жана буюм-тайымдарды сатып алышат.

Бирок бул системанын ичинде да жемкорлук уялаган учурлар болууда. Тендер уюштурууда коррупцияны жокко чыгаруу үчүн ишке киргизилген мамлекеттик электрондук сатып алуулар системасы өзүн актап жатабы?

2018-жылдын ири тендерлери

2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жалпы 133 миң сынак өтүп, 94,3 миллиард сомго соода жүргөн. Анын ичинен жалаң мамлекеттик мекемелердин керектөөлөрү үчүн сатып алуулардын суммасы дээрлик 40 миллиард сомду түздү.

"Былтыр мамлекеттик органдар жалпы 70 миңден ашык сынак уюштуруп, анын жалпы суммасы 39,9 миллиард сом болду, ошону менен 2,4 миллиард сом үнөмдөлдү", -деди бүгүн басма сөз жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке киргенине быйыл беш жыл болду.

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке киргенине быйыл беш жыл болду.

Былтыр мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жарыяланган эң ири тендерлер " Электрдик станциялар" ишканасы (8,2 миллиард сом), Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитети (5,2 миллиард сом), эл аралык "Манас" аба майданы (3 миллиард сом), "Кыргыз темир жолу" ишканасы (2,8 миллиард сом), "Түндүк электро" мекемеси (2,7 миллиард сом), Суу чарба объектилерин куруу дирекциясы (2,3 миллиард сом), "Улуттук электр түйүндөр" ишканасы (1,5 миллиард сом), Капиталдык курулуш боюнча Жалал-Абад облустук башкармалыгы (1,3 миллиард сом) жана Мамлекеттик каттоо кызматы (1,2 миллиард сом) тарабынан жарыяланды.

Курулуш, мунай, машина ...

Электрондук портал аркылуу жүргөн мамлекеттик ишканалардын сатып алууларынын көбү курулуш компанияларын жалдоо үчүн өткөрүлөт. Экинчи орунда, мунай продуктуларын жана энергиянын башка булактарын сатып алуулар турат. Машина, аппарат, электр жабдыктарын сатып алуулар мамлекеттик ишканалар үчүн үчүнчү орундагы керектөөлөр.

Ошол эле учурда коррупцияга бөгөт коюу максатында кирген системанын ичинде да жемкорлор жол таппай калышкан жок. Мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу былтыр коррупциялык 50дөй иш болду, деди аталган департаментти Координациялоо бөлүмүнүн башчысы Баялы Досалиев:

"Көбүнчө Финполиция, атайын кызмат кылмыш ишин козгойт. Коорупциялык негизде ири козголгон иштер боюнча айтсам, УКМК курулуш боюнча өткөн тендерлер боюнча коп кылмыш ишин козгоп жатат. Айрым сатып алуулар боюнча да даттануулар болуп атат, мына "Коопсуз шаар" боюнча бар. Бишкек шаарына 66 автобус сатып алуу боюнча да иштер козголгон. Тергөө амалдары жүрүп жатканына байланыштуу бизде так маалымат жок".

"УКМК курулуш боюнча өткөн тендерлер боюнча коп кылмыш ишин козгоп жатат"

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "УКМК курулуш боюнча өткөн тендерлер боюнча коп кылмыш ишин козгоп жатат"

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда мамлекеттик сатып алуудагы коррупция боюнча козголгон иштер эки эседен көп, баардыгы 125 кылмыш иши козголгон. Мындай маалымат 18-декабрда өткөн башкы көзөмөл органынын координациялык жыйынында айтылган.

Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзам бузулган учурларды аныктоонун эсебинен казынага 43 миллион сомдон ашык каражат кайтарылган. Бирок байкоочулар мамлекеттик сатып алуу тармагында жемкордуктун машстабы мындан алда канча чоң экенин айтып келишет.

Кыйраган жолдор, ураган мектептер

Коррупцияга каршы күрөш кампаниясынын алкагында соңку жылдары министрден баштап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чейин иш козголуп, чиновниктер казынага кол салгандан бир аз тартынып калганы байкалат.

Мамлекеттик сатып алууга байланыштуу коюлган эң биринчи сын, бул арзан сунуш турса, эмнеге кымбат кызмат көрсөтүүгө качырдың деген айып. Мындан улам, соңку кезде өлкөдө сенектик байкалат деген эле, буга чейин КСДП лидери Иса Өмуркулов.

"Жолдор жыл айланбай керектен чыгып, мектеп дубалдары болсо, урап жатат"

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жолдор жыл айланбай керектен чыгып, мектеп дубалдары болсо, урап жатат"

"Жанагындай баасынын арзанын карап отуруп, же демпинг кылып атып, бүгүнкү жасалган ишердин сапатын көрүп жатасыздар. Жол жыл айланбай өлүп атат. Курулган мектептердин дубалдары курап атат. Ким жооп берет ошого? Жетекчи эң оңой жагына өтүп алып атат, эң арзанын тандайм, андан кийин башым оорубайт деп. Кайсы тармакта болбосун, жетекчилер азыр кол койбой калышты. Муну менен мамлекетте иш жылбай атат да. Экономикабыз качан өнүгөт, ушинтип бири-бирибизге кароолчу болуп отурсак?", -деген эле былтыр парламенттеги СДПК жыйынында фракция лидери Иса Өмүркулов.

11-январда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын жаны редакциясы кабыл алынды. 21-беренеге өзгөртүү кирип, мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишим эки мамлекеттик орган аркылуу жүрүп атса, анда аны сынаксыз тикелей жүргүзүү мүмкүнчүлүгү ачылды.