Бүгүнкүнү 100 жыл мурун айткан фантастика
Дориан Лински

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эки атактуу автор адамдын табияты жана технология алып келе турган коркунучтар жөнүндө жазышкан. Дориан Лински чыгармалары дагы эле кайдыгер калтырбаган бул эки жазуучунун параллель жашоосун иликтеп көрдү.
1920-жылы күндөрдүн биринде чех жазуучусу Карел Чапек сүрөтчү агасы Йозефтен кеңеш сурайт. Карел жасалма жумушчулар жөнүндө пьеса жазып, бирок аларга ат коё албай жаткан эле. “Мен аларды лаборанттар деп атайын десем, бир аз көтөрө чалгандай болуп калабы дейм”, - деди ал сүрөт үстүндө берилип иштеп жаткан Йозефке. “Анда робот деп кой”, - деп жооп берди кыл калемин оозуна тиштеген Йозеф. Ошол учурда Петроградда (мурунку Санкт-Петербург) орус жазуучусу Евгений Замятин роман жазып жаткан, анын келечектеги жогорку технологиялуу диктатурасы аягында Чапектин роботторундай таасирдүү болуп чыккан.
Болжол менен алганда, эки чыгарма тең жүз жылдан ашып отурат. Чапек (Чап-эк деп айтылат) өзүнүн “РУР” пьесасын 1920-жылы чыгарган, бирок ал 1921-жылдын январында гана биринчи жолу коюлган. Замятин “Биз” романынын кол жазмасын 1921-жылы тапшырганы менен, ал негизинен, мурда жазылган жана кийин жарыяланган. Ошого карабастан, 1921-жыл алардын орток жаралган күнү болуп калды, ошентип бизди азыркыга чейин тажатпай келаткан робот менен механикалаштырылган антиутопияны берген жылга айланды. Чапек өзү 1920-жылы жазгандай, “Келечектин кээ бир нерселерин ар дайым азыркынын алаканынан окууга болот”.
План бузулду: адамдар жалкоо жана тукумсуз болуп, ал эми роботтор геноциддик революцияны ойлонуштуруп жатат.
“РУР” “Россумдун универсал роботтору” деп чечмеленет. Россум – чех тилиндеги “розум” же “себеп” деген сөздүн бурмаланганы, ал эми Робота “крепостнойлук укук" дегенди билдирет. “Жарымы илим, жарымы чын Чапектин комедиясы” – бул массалык өндүрүш доорундагы Франкенштейндин окуясы.
Россумдун роботтору C-3PO же WALL-E'ге караганда “Устаранын мизи менен чуркагандардагы” репликанттарга көбүрөөк окшош: биоинженердик жасалма адамдар, реалдуу нерседен дээрлик айырмаланбайт, алар кожоюндары жумуштан кийинки утопиядан ырахат алышы үчүн дүйнөнүн көпчүлүк ишин аткарышат. Сөзсүз түрдө план бузулат. Адамдар жалкоо жана тукумсуз болуп, ал эми роботтор геноциддик революцияны ойлонуштуруп калат. “Биз адамдарды эмес, машиналарды адам кылып жасадык, - деп жазган кийинчерээк Чапек, - бирок күнөө бул машинелерде эмес, бизде”.
“РУР” дароо эле эл аралык ийгиликке ээ болду; 1923-жылга чейин ал 30 тилге которулуп, Вест-Эндде жана Бродвейде коюлду. Белгилей кетчү нерсе, ал 1927-жылы Би-Би-Си тарабынан эфирге чыгарылган биринчи радиопьеса жана 1938-жылы дүйнөдөгү биринчи телекөрсөтүүдөн көрсөтүлгөн илимий-фантастикалык драма болуп калды. Ошондон бери “РУРга” байланыштуу жагымдуу элестер “Star Trek”, “Doctor Who” жана “Futurama” тасмаларында пайда болуп келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биз” дагы ошондой эле маанилүү чыгарма болуп саналат. Бир катар жазуучулар, анын ичинде Жек Лондон жана Герберт Уэллс буга чейин антиутопиялык романдарды жазууга аракет кылышкан, бирок Замятин биринчилерден болуп ырааттуу концепция менен канааттандырарлык баянды бириктирип, антиутопиянын планы сыяктуу нерсени жараткан.
“Биздеги” окуя ультра рационалдуу Бирдиктүү Мамлекетте болот, анда жумуштан секс менен музыкага чейинки бардык нерсе математикалык түрдө жөнгө салынган, униформаларда ысымдар эмес, сандар бар жана бардыгын Боорукер деп аталган табышмактуу диктатордун буйругун аткаруучу Сакчылар көзөмөлдөшөт. Башкы каарман, D-530, - I-330 деп аталган сүрдүү аял диссиденттин азгырыгына кирип, жер астындагы революциялык кыймылга кошулуп кеткен түнт жана ак ниет ракета инженери. Көптөгөн башаламандыктардан кийин козголоңчулар талкаланып, I-330 өлүм жазасына тартылат, ал эми D-530 толук баш ийүү үчүн лоботомияга салынат. Замятин оомал-төкмөл болуп, акылга баш ийбөө жана кээде бактысыз болуу эркиндигин, башкача айтканда, адам болуу эркиндигин талап кылган.
Эгерде сиздин илимий фантастика боюнча кандайдыр бир тажрыйбаңыз болсо, анда сиз “РУР” менен “Биздиндин” кээ бир элементтерин сиңирип алгансыз.
Бул сюжет бир аз “1984” чыгармасын эске салат, анткени Жорж Оруэлл “Бизге” ушунчалык суктангандыктан, 1940-жылдары англисче туура котормосун басып чыгарууга аракет кылган жана анын азыркы репутациясына негизинен жооптуу. Ал өз романынын сөлөкөтүн “Биздин” бар экенин биле электе жазса да, ал анын баяндоо жана образдар деңгээлине ачык таасир эткен. Анын таасири Айн Рэнддин “Anthem”, Жорж Лукастын “THX 1138” фильминде, Курт Воннегуттун “Player Piano” тасмасында жана (көңүлдүүрөөк эффект үчүн) “The Lego Movie” фильминде айкын байкалып турат.
Эки китептин орток мурасы зор: эгерде сиздин илимий фантастика боюнча кандайдыр бир тажрыйбаңыз болсо, анда сиз “РУР” менен “Биздин” кээ бир элементтерин сиңирип алгансыз. Бирок аларды жараткан адамдардын параллель жашоосу анча белгилүү эмес. Чапек менен Замятин алты жаш айырма менен төрөлүп, Экинчи дүйнөлүк согуштан бир аз мурун эки жыл аралыгында каза болушкан. Экөө тең пьесаларды, романдарды, аңгемелерди, котормолорду жана публицистиканы жазган укмуштуудай акылдуу жана кайраттуу эркин ойчулдар болушкан. Экөө тең Герберт Уэллсти өзгөчө жакшы көргөн англофилдер болгон. Экөө тең согуш аралык жылдарда догмалардын, уруучулуктун жана тилдин бузулуу коркунучун өзгөчө сезишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тоталитаризм коркунучун дароо туюу менен алар экөө тең акыры анын курмандыгы болушкан. Экөөнүн тең жашоосу эң атактуу чыгармалары менен өзгөрдү, бирок түп-тамырынан айырмаланат: “РУР” Чапекти адабияттын супер жылдызына айландырды, ал эми “Биз” Замятинди куугунтукка алдырды. Алардын жашоосун жана технология адам табиятынын эң жаман жагы менен бириккенде, үрөй учурарлык окуялар болору жөнүндө тамсил жазууга эмне түрткү болгонун билбестен туруп, алардын популярдуу фантазияга калтырган зор белектерин түшүнүү мүмкүн эмес.
Евгений Иванович Замятин 1884-жылы Москвадан 400 чакырым түштүктө жайгашкан Орусиянын Лебедян шаарында туулган. Анын атасы диний кызматчы, апасы музыкант болгон. Замятин 1902-жылы мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Санкт-Петербургдагы политехникалык институттун инженердик факультетине тапшырып, ал жерде большевик болуп кеткен. Ал эң кыйын жолду тандап алган изденүүчү, күрөшчүл жан эле. 1906-жылы болочок жубайы Людмила Николаевнага: “Мен ар дайым жаңылыкка, ар түрдүүлүккө, коркунучтарга умтулчумун, антпесем [жашоо] өтө суз, өтө ээн көрүнмөк”, - деп айткан.
Карел Чапек 1890-жылы Австро-Венгрия империясына караштуу түндүк Чехиянын бир кыштагында төрөлгөн. Бала кездеги скарлатина оорусунан улам артриттин бир түрү болгон Бехтерев оорусуна чалдыгып, ошондон улам омурткасы, башы дайыма ооруй турган болуп, бүкүрөйүп калган. Ал таяк менен басып, башын бура алчу эмес. Бирок анын мээсинде айып жок эле. 1932-жылы “Мен кантип ушундай болуп калдым” деп аталган радио баяндамасында өзүнүн прагматизмин жана интеллектуалдык кызыгуусун айылдык дарыгер атасынан, ал эми “романтикалуу сезимталдыкты” жана “фантастиканы” апасынан мурастап алганын айткан. 1905-жылы көз карандысыздыкты жактаган жашыруун коомго мүчө болгондугу үчүн орто мектептен чыгарылганына карабастан, ал Берлинде жана Парижде адабият боюнча билим алган.
Чапек мектептен айдалган кезде, Замятин биринчи жолу падышанын жашыруун полициясы тарабынан большевиктердин уюмуна киргени үчүн камакка алынган. Ал үч ай бою жалгыз камерада кармалып, анын таасиринен улам “Жалгыз” деген алгачкы аңгемесин жазган. 1911-жылы кайрадан камакка алынып, шаардан сүргүнгө айдалганда, роман жаза баштаган. “Эгер мен орус адабиятында кандайдыр бир нерсени айткан болсом, мен бул үчүн Петербургдун жашыруун полициясына милдеттүүмүн”, - деп какшыктаган ал автобиографиялык очеркинде, дал ошол мезгилде депрессиядан жана өнөкөт колиттен жапа чеге баштаганын айтпай.
Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, Чапек ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан бошотулуп, окуусун уланткан жана 1915-жылы Прага университетин философия илимдеринин доктору даражасы менен бүтүргөн. Ал эми Замятиндин баалуу инженердик билими болгондуктан, орус бийлиги 1916-жылы аны Ньюкаслга жөнөтүп, ал жерде орус флоту үчүн муз жаргыч кемелердин долбоорун иштеп чыккан. D-530 сыяктуу эле ал кеме куруучу болгон. Замятиндин мырзалык мүнөзү, курч акылы жана эмоционалдык токтоолугу үчүн достору аны “англис” деп атап алышкан. Революция убагында Санкт-Петербургга кайтып келген.
Ойдон чыгарылган революциялар
1917-жылдын октябрындагы окуялар “РУРду” да, “Бизди” да каптап турду. Ойдон чыгарылган төңкөрүштөр карама-каршы болушу мүмкүн: Чапектин роботтору өздөрүнүн адам кожоюндарын кулатат, ал эми Замятиндин козголоңчулары технологиялык абалдын айынан талкаланышат, бирок эки учурда тең машиналар жеңет. Замятин бир тираниянын ордуна экинчиси келиши мүмкүн экенин айтып, Россияны эскерткен, бирок Чапек сыяктуу эле ал да адамдарды “машинага окшош” кылган капиталисттик инновацияларды, негизинен, Фредерик Уинслоу Тейлордун башкаруу илимин жана Генри Форддун конвейерлерин шылдыңдаган. Ал 1932-жылы берген бир интервьюсунда мындай деп түшүндүргөн: “Бул роман – адамзатка коркунуч туудурган эки коркунучка каршы эскертүү: машиналардын гипертрофиялык күчү жана мамлекеттин гипертрофиялык күчү." Үчүнчү контекст биринчи механикалаштырылган глобалдык кагылыштан келип чыккан, анын курмандыктары согушка чейинки технологиялык прогресске карата оптимизмди камтыган. Замятин танктар, учактар жана уулуу газ менен салгылашкан согуш адамды “санга, цифрага” айландырганын жазган.

Сүрөттүн булагы, Wikimedia.org
Австро-Венгрия жеңилген соң, 1918-жылы октябрда Чехословакия эгемендүү мамлекет болуп калды. “Бул бир тамчы кан да төгүлбөгөн, терезе да сынбаган революция эле”, - деп сыймыктануу менен жазган 20га толгон Чапек. Ал өзүнүн жаш өлкөсүнүн биринчи атактуу жазуучусу болуп калды. 1920-1921-жылдары ал “РУРдан” тышкары прогрессивдүү “Элдик гезитте” рубрика ачып, Праганын “Виноград” театрында жазуучу-режиссер болуп иштеп, өзүнүн бакчасында жумалык интеллектуалдык салон ачкан, анын катышуучулары “Жума кишилери” деп аталып калган. Ал ошондой эле 17 жаштагы Ольга Шейнпфлугова аттуу актрисаны сүйүп калып, акыры 1935-жылы ага үйлөнгөн. Анын Ольгага жазган каттарынан уялчаак, өзүнө ишенбеген жактары байкалат (ал бир жолу француз жазуучусу Ромен Роллан менен “РУР” спектаклине катышып, анын кемчиликтери үчүн оюн бүткүчө кечирим сураган), бирок ал жазганда ишенимдүү жана курч жазган. Замятин да өзүнүн алсыз жактарын жагымдуулуктун жана кесипкөйлүктүн жалтырак кабыгынын астына жашырган.
Чапек өз өлкөсүндөгү эркиндиктин жана демократиянын жаңы таңына жыргап жүргөн кезде, Замятин 1918-жылы эле революция “жеңишке жетүүнүн жалпы эрежесинен четте калган жок: ал кемпайлыкка айланды... Ал эми ар бир кемпайдын баарынан жек көргөн нерсеси – андан башкача ойлонгондор” деп жазган. Саясатты, философияны жана физиканы аралаштырып жазган бир катар жаркын эсселеринде революциялык энергия сенек жана эзүүчү нерсеге айланып баратканын эскертип, мунун бирден-бир дабасы туруктуу революция экенин ырастаган. “Революциялар чексиз”, - дейт I-330 “Бизде” D-530га. Замятиндин еретик философиясы жаңы режимге такыр жаккан эмес. Аны Троцкий өзү “ички эмигрант” деп айыптап, эки жолу – 1919- жана 1922-жылдары жашыруун полиция тарабынан камакка алынган. “Күлкүлүү, чынбы?” - деп жазган ал сынчы Александр Воронскийге. “Мен мурун большевик катары камалганмын, азыр болсо большевиктер тарабынан камалып жатам”.
Революцияны колдогон, бирок ишенимдүү коммунисттерден болбогон алсыз жазуучуларга чектүү мейкиндикти ачып берген адабият алпы Максим Горькийдин коргоосу болбосо, ал мындан да оор учурду баштан кечирмек. Эмгекчил жана элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Замятин Горькийдин “Дүйнөлүк адабият” басмасына кирип, 1920-жылы Петроградда жолуккан Герберт Уэллстин китептеринин котормолорун басып чыгарууну жеке өзү көзөмөлдөгөн. Чапек 1924-жылы Англияга барганда, Уэллс менен да жолугушкан жана анын “кереметтүү философиялык-фантастикалык романы” "Абсолюттук чоң" (1922) Уэллстин “механикалык, химиялык жомокторунун” таасиринин үлгүсү катары Замятин тарабынан жогору бааланган. “Убакыт машинасы” жана “Дүйнөлөрдүн согушу” китептеринин авторунан улам, алгачкы илимий фантастика табиятынан дүйнө кандай болгон же болушу мүмкүн деген идеялар үчүн саясий оюн аянтчасы болгон.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Замятин окурмандарын радикалдуу идеялары жана бир аз олдоксон, ультра заманбап прозасы менен таң калтырып, шыктандырса, Чапек алар менен достошууга умтулган. “Бар-жоктун баарына кызыгам” деген ал 3000ден ашуун макала, ошондой эле роман, аңгеме, пьеса, сценарий жана балдар китептерин жазган. Анын кыска аңгемелери же фельетондору Оруэллден мурункулардай болуп, алардын баарлашкан, достошкон үнү менен окулат; алардын күлкүлүү афоризмдери; алардын кадимки жашоодон жана табияттан ыракат алганы; алардын снобизмди жана элитизмди сынга алуусу; алардын адамгерчиликтен ажыратылган абстракцияларды жек көрүүсү; жана алардын тилге болгон кызыгуусу чагылдырылат. Оруэллдин “Саясат жана англис тили” аттуу оригиналдуу эссесинен он эки жыл мурун Чапек жаман жазуу менен кооптуу саясаттын ортосундагы байланышты сүрөттөгөн: “Клише чындык менен жалгандын ортосундагы айырманы бүдөмүктөтөт. Эгер клишелер болбогондо, демагогдор жана эл алдында калп айтуу болмок эмес, риторика менен башталып, геноцид менен аяктаган саясатта ойноо анчалык деле оңой эмес”. Бирок ал Оруэллге караганда адамдын табиятына карата боорукер жана оптимизмге жөндөмдүү болгон. 1920-жылы “Көрүү - бул улуу акылмандык деп эсептейм жана айыптагандан көрө көптү көргөн пайдалуураак”, - деп жазган.
Чапек Чехословакиянын биринчи президенти Томаш Масариктин жакын досу болгон, анын өкмөтүн ал коммунизм менен фашизмдин курчуп бараткан чектеринин ортосундагы гумандуу, демократиялык орто жол деп эсептеген. 1924-жылы ал “Эмне үчүн мен коммунист эмесмин?” деген очерк жазган. Анын жообу: коммунисттер адамдарга инсан катары эмес, революциячыл масса катары гана кызыгышат. “Жек көрүү, билимдин жетишсиздиги, принципиалдуу ишенбөөчүлүк — бул коммунизмдин психикалык дүйнөсү”, — деп жазган ал. Тескерисинче, “мен өзүмдү адамды адам болгондуктан жакшы көргөн акмактардын катарына кошом”. Ал адамдар “атом сыяктуу революциячыл” болушу керек жана алгач өздөрүн өзгөртүү менен дүйнөнү өзгөртүшү керек деп эсептеген.
Бул очерк чех коммунисттеринин кыжырын келтирген, бирок алар негизги партия эмес эле. Бир партиялуу мамлекетте жашаган Замятин үчүн саясий көз карандысыздыкты мындай жарыялоо коркунучтуу эле. Сталин Лениндин ордуна келген соң, анын каттары цензураланып, макалалары четке кагылып, ал иштеген мезгилдүү басылмалар жана басмаканалар жабылган. 1925-жылы ага, өзү шектенгендей эле, “Биз” романы Россияда расмий түрдө жарыяланбай тургандыгы жөнүндө кабар келген. “Мен кыйынчылыктарга көп туш болом, анткени мен ийилбеген жана өз алдынча жашаган адаммын”, - деген ал досуна. “Мен ушул бойдон калам”.
1929-жылы анын душмандары Прагада орус эмигранттары тарабынан “Бизден” орус тилиндеги үзүндүлөрдүн лицензиясыз басылып чыгышын шылтоо катары пайдаланып, Замятинди “антисоветтик” идеяларды таратканы үчүн айыптап, ошону менен ал адабий “өлүм өкүмү” деп атаган өкүмдү чыгарышкан. 1931-жылы ал Сталинден Орусиядан биротоло кетүүгө уруксат алган, бирок Людмила менен Париждеги сүргүн жашоосу аны жазуучу катары тирилте алган эмес. Бүтпөгөн романы жана негизинен коюлбай калган сценарийлери менен бир нече кайгылуу жылдардан кийин 1937-жылы 10-мартта жүрөк оорусунан каза болгон.
Чапек, тескерисинче, барган сайын күч алды. Ал адабият боюнча Нобель сыйлыгына бир нече жолу көрсөтүлүп, Уэллс андан эл аралык жазуучулардын PEN тобунун президенти болууну суранган. Бирок анын ийгилиги, Гитлердин өз мекенине жасаган пландарын түшүнгөндүктөн, көп кубандырбай, ал Чехословакиянын эң көрүнүктүү антифашисттеринин бири болуп калды. “Дүйнөгө көз караштардын, муундардын, саясий принциптердин жана бизди бөлгөн башка нерселердин ортосундагы карама-каршылыктарда кандайдыр бир таң каларлык жана чечилгис нерсе бар экенин баарыбыз сезе баштадык”, - деп жазган ал 1934-жылы.
Чапек улутчулдук, колониализм, милитаризм жана расизм боюнча укмуштуудай ойлоп табылган сатира болгон “Тритондор менен согушта” (1936) “РУРдун” менменсинүү, ач көздүк жана конфликт темаларына кайра кайрылган. Адамдар деңизде жашаган акылдуу тритондордун расасын таап алып, аларды кул катары иштетишет, бирок тез өнүгүп келаткан амфибиялар өтө көп болгондуктан, аларды башкаруу кыйын болот жана алар көбүрөөк жашоо мейкиндигин талап кылышат. Гитлердик Башкы Саламандердин кол башчылыгы менен тритондор каптап кирип, эбегейсиз көп жерлерди өзүнө кошуп алат. Чапек “Тритондор менен согушта" дүйнөнүн акыры кандай болорун мындайча түшүндүрөт: “Космостук катастрофа жок, мамлекеттик, расмий, экономикалык жана башка себептерден башка эч нерсе жок... ага баарыбыз жооптуубуз”. Ушундай эле антифашисттик ой анын 1937-жылы чыккан “Ак чума” пьесасында да бар, анда согушту колдогон топ пандемияга каршы жападан жалгыз дарыны жок кылып, бул болсо улуттук өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келет.
Тритондор менен болгон согушта европалык державалар өздөрүн сактап калуу үчүн Кытайды тритондорго сатышат. 1938-жылы октябрда Англия, Франция жана Германиянын ортосундагы Мюнхен келишиминен улам Чапектин өлкөсү да дал ушундай болду. “Менин дүйнөм өлдү”, - деген ал досу Фердинанд Перутка. “Менде мындан ары жазууга эч кандай түрткү жок”. Оңчулдардын айыптоолоруна жана өлүм коркунучуна карабастан, ал сүйгөн өлкөсүн таштап кетүүдөн баш тарткан. Гестапо аны Чехословакияга басып киргенден кийин дароо камакка алуу үчүн өз тизмесине киргизген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок фашисттер 1939-жылы март айында анын эшигине келгенде, өтө кеч болуп калганын көрүштү. Чапек өзүнүн сүйүктүү багында иштеп жүргөндө суук тийип, ал кош пневмонияга айланып, 1938-жылы Рождество күнү каза болгон. “Мен дарыгер катары анын каза болгонун билем, анткени ал убакта антибиотиктер жана сульфа дарылар жок болчу”, - деген досу доктор Карел Штайнбах, “бирок аны Мюнхен өлтүрдү дегендин да чындыгы бар”. Ал фашисттик басып алуудан аман калышы күмөн эле. Концлагерлерде каза болгон жума кишилеринин арасында бошотулганга бир нече күн калганда Берген-Бельсенде курман болгон Йозеф болгон. Карелдин Прагадагы мүрзөсүндөгү мындай жазуу турат: “Бул жерге сүрөткер жана акын Йозеф Чапектин сөөгү коюлмак. Бейити алыста”.
Чапектин жазуучулук жолу дээрлик көз карандысыз Чехословакиянын жаралышы жана өлүмү менен дал келген; ал эми Замятиндики Романовдордун акыркы күндөрүнөн Сталиндик Улуу террорго чейин созулган. Фашизмди да, коммунизмди да, империализмди да четке каккан ошол эр жүрөк жана трагедиялуу эки согуш арасындагы интеллигенция өкүлдөрү катары алар өз баалуулуктарынын талкаланганына күбө болушту. Акыр-аягында, алардын кыялдарынан ашып түшкөн бир гана нерсе алардын руханий кайраттуулугу болду. Алардын жашоосун роботтор же космостук кемелер эмес, кечиримсиз идеологияларга өз адамгерчилигинин бир бөлүгүн курмандыкка чалган адамдар жок кылган. Чапектин каармандарынын бири “Абсолюттук чоңдо” айткандай: “Билесизби, адам канчалык чоң нерселерге ишенсе, ага ишенбегендерди ошончолук катуу жек көрөт. Бирок бардык ишенимдердин эң улуусу – адамдарга ишенүү”. (ТА)







