"Үйрөнчүктүн ой жүгүртүүсү" жаңы нерсени үйрөнүүгө кандайча жардам берет?
Дэвид Робсон

Сүрөттүн булагы, Alamy
Жаш өткөн сайын жаңы көндүмдөрдү оңой өздөштүрүү жөндөмүбүз начарласа да, ой жүгүртүүнүн белгилүү бир түрүн колдонуу чоң адамдардын натыйжалуу үйрөнүүсүнө жардам берет.
Том Вандербилттин өмүр бою билим алуу процессине болгон кызыгуусу кызынын эрмегинен (пианино, футбол, таэквондо) улам башталган. Ал анын жаңы умтулуусун колдогусу келип, сабактарга же турнирлерге кошо барып жүрдү. Кызы акыл-эсин машыктырып жатканда, ал каттарга жооп берип, телефону менен ойноп, же кызы бүткүчө айлананы тиктеп отурчу.
Ал тез эле эки жүздүүлүк кылып жатканын аңдады. "Мен кызымды ушул ар кандай көндүмдөр боюнча кеңири билим алуунун маанилүү экенине ынандырдым". - "Бирок ал кайра менден: "анда эмне үчүн буларды өзүң жасабайсың?" - деп сурашы мүмкүн эле" - дейт ал.
Ал бир жыл бою шахмат сабактарынан баштап, бир катар жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүнү чечти. Ырдаганды, сүрөт тартканды, жонглёрлук жана серфинг кылганды үйрөндү. Ал эч убакта буларды толук өздөштүрсөм, же «Америка кумирин» утуп алгыдай укмуштуудай чебер болсом деп үмүт кылган эмес.
"Чоңойгон соң биз дароо эле максаттар менен өзүбүздү басып таштайбыз". - "Бизге билим алуу үчүн окуунун жыргалы жоктой сезилет", - дейт ал. Тескерисинче, ал процесстин ырахатына баткысы келди.
Вандербилт башынан өткөргөндөрүн 2021-жылдын январь айында жарык көргөн «Үйрөнчүктөр» аттуу китебинде кеңири баяндайт, мында ал өзүнүн жеке ачылыштарын көндүмгө ээ болуу илими менен айкалыштырат. Кенен маалымат алуу үчүн, биз аны менен чоңдордун окуусу жөнүндөгү мифтерди жана "жаңы баштагандардын ой жүгүртүүсү" жашообузга алып келе турган олуттуу артыкчылыктарды талкууладык.
Кантип жакшыраак үйрөнсө болот?
Долбоорду кырктын аяк ченинде баштаган Вандербилт кызы сыяктуу балдар менен үйрөнүү жөндөмдүүлүгү боюнча теңтайлашуу кыйын болорун билген. Балдар эмне кылып жатканын эч ким түшүндүрбөсө же сүрөттөбөсө делеЮ өзгөчө үлгүлөрдү кыйыр түрдө тандап алууда, кандайдыр бир иш-аракеттер, кандайдыр бир окуяларга алып келерин аңдашат. Бирок 12 жаштан кийин биз жаңы маалыматты кабыл алуу жөндөмүбүздүн бир бөлүгүн жоготуп коёбуз.

Сүрөттүн булагы, Surf Simply
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө өтө пессимист болбошубуз керек. Чоңдор жаңы көндүмдөрдү бала кездегидей оңой өздөштүрө алышпаса да, бизде "нейроийкемдүүлүк" – мээнин жаңы чакырыктарга жооп кайтаруу жөндөмү дагы эле бар. Окуп жүргөн жылы Вандербилт ошол "супер күчтү" дагы эле колдонуп жүргөн орто жаштан өтүп калган көп адамдарды жолуктурган.
Андан тышкары, Вандербилттин изилдөөсү биздин окуубузду майнаптуураак кылуу үчүн жакшы окуунун ар бир адам колдоно ала турган кээ бир негизги принциптерин ачып берди.
Биринчиси ачык-айкындай сезилиши мүмкүн, бирок оңой эле унутулат: биз каталарыбыздан үйрөнүшүбүз керек. Андыктан, бир эле аракеттерди кайра-кайра кайталап отура бербей, биз эмнени туура, эмнени туура эмес кылганыбыз жөнүндө ойлонуп, аларга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек жана аналитик болушубуз зарыл. (Психологдор муну “атайын машыгуу” деп аташат.) Вандербилт муну шахмат ойногондо байкаган. Сиз жүздөгөн онлайн оюндарга бир нече саат убакыт сарпташыңыз мүмкүн, бирок бул адистердин стратегияларын изилдөө же шахмат мугалими менен жеңилишиңиздин себептерин талкуулоо сыяктуу натыйжалуу болбойт.
Экинчи принцип карама-каршылыктуу: биздин практикабыз ар түрдүү болушу керек. Мисалы, жонглёрлукта буюмдарды алмаштыруу же аларды канчалык бийик ыргытканыңызды өзгөртүү жардам берет; ал муну олтуруп да, басып баратып да жасап көргөн. Вандербилтке бир окумуштуу айткандай, бул - "кайталоосуз кайталоо" жана ал мээнин үйрөнгөн көндүмдөрүн ийкемдүү болууга мажбурлайт, бул сизге мисалы, мурунку кыймылдарыңыздын бириндеги жеңилүүгө алып келиши мүмкүн болгон ката сыяктуу күтүүсүз кыйынчылыктар менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.
БАШКА ҮЙРӨНЧҮКТӨРДӨН ҮЙРӨНҮҮ, СИЗГЕ ЧЫНЫГЫ ЭКСПЕРТТЕРДИН ЧЕБЕРЧИЛИГИН БАЙКООДОН ҮЙРӨНГӨНДӨЙ ЭЛЕ ПАЙДАЛУУ БОЛУШУ МҮМКҮН
Андан да кызыгы, Вандербилт биз көп учурда башкаларга ошол эле жөндөмдү үйрөтүшүбүз керек экенин билгенде, эң жакшы үйрөнөрүбүздү байкаган. Бул эмне үчүн мындай экени түшүнүксүз, бирок сыягы, мындай күтүү адамдардын кызыгуусун жана ынтызарлыгын арттырып, эс тутумда тереңирээк из калышына жардам берет. (Вандербилт өз долбоорлоруна кызын көп кошкондуктан, үйрөнгөндөрүн үйрөтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү болгон). Андыктан, өзүңүз эмнени өздөштүргөнгө аракет кылсаңыз, аны тааныган адамыңыз менен бөлүшүүнү ойлонуп көрүңүз. Чыныгы устаттардын чеберчиликти аткарып жатканына байкоо жүргүзүү сизге пайдалуу болушу мүмкүн, бирок Вандербилт башка жаңы баштагандарды көрүү да пайдалуу болорун байкаган, анткени алардын эмнени туура, эмнени туура эмес кылып жатканын оңой талдай аласыз.
Бул билим менен Вандербилт үйрөнүүнү көздөгөн ар бир көндүмү боюнча жакшы ийгиликтерге жетишти. Анын айтымында, ырдоо эмоционалдык жактан эң чоң тоскоолдуктардын бири болду. "Бул өзүңдү чоочун адамга ачуунун эң одоно түрү болду", - дейт ал. Бирок кыжалатчылыкты жеңгенден кийин, бул эң пайдалуу болду. "Бул менин эң жакшы көргөн нерсем, анткени анын абдан сонун ырахаты бар жана өзүңдү абдан жакшы сезесиң." Акырында ал Нью-Йорктун Бритпоп хорунун мүчөсү болуп калды.
Эгер сиз жаңы эрмек менен алек болгуңуз келсе, Вандербилт азыркы жашоо таризиңизге оңой аралаша турган нерседен баштоону кеңеш берет. "Прогрессиңиздин ылдамдыгы сизди таң калтырышы мүмкүн", - дейт ал. "Көптөгөн адамдар бул убакытты көп алат, мунун баш-аягы жок деп ойлошот жана бул алар үчүн абдан коркунучтуу." Ал, мисалы, адатта телевизор көрүүгө кеткен убакыттын ичинде эле өзүнүн сүрөт тартуу көндүмүн кыйла жакшырта алганын байкаган.
«Эмне үчүн» фактору

Сүрөттүн булагы, Tom Vanderbilt
Сиз дагы эле диванда отуруп, эмне үчүн кыйналышым керек деп ойлошуңуз мүмкүн.
Бирок Вандербилт ар кандай жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн көптөгөн жалпы артыкчылыктары, анын ичинде мээнин узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрү бар экенин, алар көбүнчө карылык менен коштолгон психикалык начарлоонун ордун толтурушу мүмкүн экенин белгилейт.
Вандербилт испан тили, музыка, композиция жана сүрөт сыяктуу предметтер боюнча бир нече курстарды окуган 58 жаштан 86 жашка чейинки чоңдор боюнча жүргүзүлгөн бир изилдөөнү көрсөтөт. Бир нече ай өткөндөн кийин, бул кишилер жеке көндүмдөр боюнча жакшы ийгиликтерге жетишип эле тим болбостон, жалпы когнитивдик тесттерде да 30 жаш кичүүлөр менен бирдей натыйжаларды көрсөтүшкөн.
Кызыгы, бул жердеги артыкчылыктар бир гана көндүмгө басым жасоодон эмес, бир нече көндүмдөрдү сынап көрүүдөн келип чыкты. Вандербилт өзүнүн китебинде мындай деп жазат: «Сиз марафонго катышуунун ордуна, мээңизди ар кандай жогорку интенсивдүү интервалдык машыгуулардан өткөрүп жатасыз. Ар бир жаңы жөндөмдү үйрөнө баштаган сайын, сиз кайра калыптанасыз. Сиз мээңизди майнаптуураак кылуу үчүн кайра машыктырасыз." Биз "дилетантты" үстүртөн билген жана баш-оту менен берилбеген адам катары көрөбүз. Бирок баарынан кабары бар, баарын баштап көргөн адамдын акылы жалгыз көндүмдүн ээсинин акылына караганда курч болот окшойт.
Өмүр бою ар кандай кызык нерселерге умтулуу сиздин чыгармачылыгыңызды дагы арттырышы мүмкүн. Дэвид Эпштейн да өзүнүн «Диапазон» аттуу китебинде белгилегендей, Нобель сыйлыгынын лауреаттары башка илимпоздорго караганда музыка, бий, сүрөт же чыгарма жазуу сыяктуу көркөм өнөр менен алектенишкен.
Баарынан кабары бар, баарын баштап көргөн адамдын акылы жалгыз көндүмдүн ээсинин акылына караганда курч болушу мүмкүн.
Жаңы көндүмдү үйрөнүүгө киришкенде, көңүлүңүз чөккөн жана ийгиликсиз учурлар болот, бирок булар чындыгында бүт процесстин эң маанилүү тажрыйбасы болушу мүмкүн. Журналистикадагы көп жылдык тажрыйбасынан кийин Вандербилт жаңы чакырыктардан улам анын "кесиптик магдыроосунда" жагымдуу өзгөрүү болгонун айтат. "Бул менин эс-акылымды ойготту жана билбестик сезимин кайтарып берди,-" дейт ал. Өзгөчө бир аз тааныш сезилген сүрөт тартуу сыяктуу көндүмдөрдө ушундай болду. "Бул нерсени үйрөнүү көбүнчө мен ойлогондон башкача болду. Менин күткөндөрүм дайыма ордунан чыкпай калып жатты".
Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, интеллектуалдык жөнөкөйлүк - биздин билимибиздин чегин таануу жөндөмдүүлүгү - биздин ой жүгүртүүбүздү жана чечим чыгарууну абдан жакшыртат. Ал эми биздин калыпка салынган ойлорубузду кайра карап чыгуу жана ой жүгүртүүнүн жаңы ыкмаларына эс-акылыбызды ачуу жөндөмү азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө барган сайын маанилүү болушу мүмкүн. Биз ырахат алуу үчүн үйрөнүп жатабызбы же профессионалдык жөндөмүбүздү жогорулатууга аракет кылабызбы, биз бардыгыбыз ошол "жаңыдан баштагандардын ой жүгүртүүсүн" өрчүтүп алсак болот, анда эч нерсе так эмес жана үйрөнө турган нерсенин баары бар.
Том Вандербилттин “Үйрөнчүктөр: Өмүр бою үйрөнүүнүн кубанычы жана өзгөртүүчү күчү” китеби (Beginners: The Joy and Transformative Power of Lifelong Learning) (Atlantic Books/Knopf) 2021-ж.январь айында жарык көргөн.
Дэвид Робсон - "Интеллектин тузагы: Эмне үчүн акылдуу адамдар болбогон иштерди жасашат" аттуу китептин (Hodder & Stoughton/WW Norton) автору. Ал Твиттерде: @d_a_robson. (TA)











